(Башталышы өткөн сандарда)
Амандын биринчи белеги эсинде. Ал кезде эч ким көтөрө элек акыркы үлгүдөгү чөнтөк телефон белек кылды. Мамлекеттик экзамен берип бүткөн кези болчу. Кечке маал Элинанын телефонуна СМС келди. «Кандайсың, карындашым? Сени куттуктап койгум келди. Мен баягы жердемин, сага деген белегим да бар эле...»
Элина тыпырады да калды. Эки ооз сөз үчүн асманда калкып, жерге түштү. «Эмнеге минтип айтты, мага сезимдери барбы? Же ага катары эле чакырып жатабы?» Ойлонуп жатып тим эле эзилип кетти. Андан көрө барып жолугуп келсе жаны тынчудай. Чоң энесин бул жолу да алдады. «Экзаменге курбум менен бирге даярданат элем» деп бетинен өөп асылып жатып уруксат алды.
Аман да күтүп жаткан эле. Элинага карата эмне сезими бар экенин өзү деле аңдай алчу эмес. Кааласа, кашын кагып койсо чуркап жетчү модель кыздар бар эле. Харизмасы күчтүү жигит өзүнүн баасын да билчү. Эми балапан жүнү түшө элек бул кыздан ал эмне тапты? Анализдей албады. «Жөн гана куттуктап коём, айылдаш карындаш экен го» деди ал оюнда. Жөргөмүштүн тузагындай болуп жайылып бара жаткан пландарынан өзү коркуп, моюнуна алгысы келбей турду.
– Аман байке, мен келдим.
– Элиночка, келдиңби? Кандайсың?- бул жолу колдорунан бекем кармап чекесинен сүйүп койду. Жалжылдап караган кыздын көздөрүнө чыдап карай албай көзүн ала качты. «Акмаксыңбы, кичине кыздын убалынан корксоң боло, өгүз!» деди өзүнө-өзү.
– Тамак ичип, андан кийин сени бир кооз жерге алып барып келейинби? Шаар алаканыңа салгандай көрүнөт.
– Макул.
Панорама деп укканы менен, Элина бара элек болчу.
– Бул сага менден белек. Айфон.
– Коюңузчу, бул магабы?- көздөрү бакырайып кетти кыздын.
– Сага!
Кутудагы белекти колуна алып, көргөн көзүнө ишенбей турду.
– Кел, симкаңды бул телефонго салып берейин.
Жапжаңы жалтыраган телефондун жанында эски телефонун уялып жатып араң сунду. Аман шашпай бардык функцияларын үйрөтүп жатты.
ххх
– Сага эмне болгон?- деди курбусу Аяна таң кала.
– Эмне болуптур?
– Жанатан бери даярданбай эле телефонуңду чукулап отурасың го.
Курбусу анын дептерин карап таң кала түштү. Дептерге көздөрү сүрдүү тиктеген 30 жаштардагы бир адамды калемсабы менен тартып коюптур.
– Мына сага! Мунуң ким?
– Чүшш, акырын, энем угат.
– Ой, ким бул?
– Бирөө.
– Жинди болуп жаткан немең ушу го, ээ? Картаң го сен үчүн.
– Жапжаш эле болуп турбайбы.
Элина чырылдап жиберди. Аман ага дүйнөдөгү эң сулуу, эң жаш адам болчу. Айланып-кагылып небереси экзаменге даярданып жатканына жетине албай тамак жасап жүргөн энесин көрүп Элина өзүн күнөөлүү сезди. «Болду, ал тууралуу ойлонбойм» деди өзүнө-өзү.
Кайдан, оюнан кубаласа да болбой жабышып алган бул эмне деген дарт эле? Кимдир бирөө акылына, мээсине, жүрөгүнө Аман деген адамды киргизип салгандай.
Кабарлашпаганына 2 жумадай болду. Бул арада кыз жинди боло баштады. Куду баңги сымал эле каңгып көчөдөн анын караанын издеп калды. Катуу сагынып чыдабай калганда телефонуна чымырканып туруп чалды эле, өчүк экен. Өзү менен өзү урушуп жүргөн убакта 3 жума өтүп кеткен эле. Бул учурда Аман чет өлкөдө жүргөн. Ал аэропорттон бери чыгары менен Элинага чалды.
– Кандайсың, бийкеч?
– ...
– Таарындыңбы? Малышка, извини...
Ушунча жумадан берки кыйналуусу «Малышка, извини» деген сөз менен жуулуп кетти.
– Кандайсыз?
Добушу ыйлап сооронгон баладай эле.
– Жакын калдым. 10 мүнөттөн кийин...
Аман даректи айтты. Элинаны эч бир нерсе токтото албайт эле. Чуркап чыкты. Көчөдө майда-чүйдө сатып отурган эне аны байкаган жок.
ххх
– Сагындым сизди...
– Кантет бул?
Күлүп-күлбөй бир ортодо калды Аман. Көзүн жумуп туруп айтып салды.
– Сүйөм сизди...
Аман эч нерсе дей албады. Кучагына кыскан боюнча катты да калды.
– Мен...
Кыздын жумшак чачтарынан жыттап алды.
– Мени кечириңиз, сиздин, балким, үй-бүлөңүз бардыр. Бирок мен...
– Үй-бүлөм жок менин...
– Сүйгөнүңүзчү?
Аман аргасыз башын чайкады. Эмне деп айтат бул секелекке? Анын апакай кыялы, аруу дүйнөсү өзүнүн желмогуздай ырайы суук, караңгы түндөй дүйнөсүнө кантип сыят? Эмне деп түшүндүрөт? «Сүйбө мени» деп кубалап жибереби? Андай кылгысы келбей турса эмне кылат?
– Жүрү, эс ал. Бетиңди жуу, мен сага сонун нерсе алып келдим.
Америкадан алып келген белеги бул жолу кызды кубандыра албады. Чайнабай, көңүлүндө эмне бар экенин айтып салса сууйт эле бул жүрөк.
– Бул кимдин үйү?- деди ал эки жагын эми араң карап.
– Менин.
– Кимдер менен турасыз?
– Жалгыз. Кана, сен ашканада эмне болсо даярдап жибер. Мен душка түшүп чыгайын. Жолдон чарчап келдим. Анан экөөбүз жай отуруп сүйлөшөбүз.
Тамактанышты. Бирок мурункудай чечилишип сүйлөшө албады. Кекиртегине бир нерсе такалгандай боло берди.
– Малышка...
– Ии...
– Эмне маанай жок?
– Мен сизге сүйөрүмдү айттым. Сиз эч нерсе деп жооп берген жоксуз. Макул, мени сүйбөй турганыңызды же башка бирөөңүз бар экенин айтыңыз. Мен экинчи сизди таптакыр издебейм.
– Эмне деп айтайын?
– Башка бирөө барбы?
– Жок дебедимби.
Аман кыжалат боло берди. Чындыгында анын жашоосунда эч ким жок эле. Чытырман токойдон чиеленишкен жашоосунда эч кимге да орун жок болчу. Бирок бул көгөргөн кыз ал эшикти каккылап киргенге аракет кылып отурат. Ачпай койгонго да болбойт, ачкандан өзү коркот. Эки анжы ойдо отура берди.
– Мен кетейин,- деди кыз.
– Мейли, дагы чалам.
– Чалбаңыз. Кереги жок.
– Макул.
Босогого жеткенде Элина көзүн бакырайта карап калды. Көзүнөн эки тамчы жаш агып бара жатты. Аман чыдабай кетти. Аман эки аттап жетип кызды кучагына кыса берди. Элинанын бермет жаштары кулап бара жаткан ак жүзүнөн сүйдү. Чачтарынан сылады. Андан аркысы эмне болду? Химиябы, физикабы, айтор, акылдары жетпеди.
(Уландысы кийинки санда)