Дарика Асилбекова, «Ак жүрөк» кризистик борборунун директору: «БАЙКАШЫМЧА, ЭРКЕК МЕНЕН АЯЛ 42-52 ЖАШ АРАЛЫГЫНДА КРИЗИСКЕ КӨП КАБЫЛЫШАТ»

Кыйын кырдаалга кептелген учурда сени түшүнчү, жардам колун сунчу адам издейсиң. Эгер андай адам табылбасачы? Мындай кырдаалда атайын кризистик борборлор жардамга келет. Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча турмуштун оор кырдаалына кабылган кыз-келиндерге колдоо көрсөтүп, бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан «Ак жүрөк» кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова менен жолугуп, кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу маектештик.

– Дарика эже, айтсаңыз, бир эле адамдын оор тагдырын угуу энергияңды алып, чарчатып салат. Сиз мындай тагдырдын күнүнө бир нечесин уксаңыз керек. Энергияны кайдан аласыз?

– Бизге чындыгында күнүнө жок дегенде 3-4, болбосо 10-15тей адам келет. Бала чоңоёт, үй-бүлө күтөт дегени эле окшош болбосо, ар бир үйдө өзүнчө мыйзам бар. Эгер барган келин ошол үйдүн мыйзамын түшүнбөсө же ошол мыйзамга каршы чыкса, кайчы пикир, андан өөрчүп кетсе зомбулук башталат. Адамдар сырттан карап акыл үйрөткөнгө маш келебиз, «тигиндей кылып кой да» деп. Бирок практика жүзүндө аны жасоо кыйын. «Үйүң, машинаң, балдарың турат, чыда, эч нерсе болбойт» дейбиз. Бирок адамдын чыдоо чеги да болот, бири өмүр бою моюн сунуп жашаса, экинчиси бир күн жарылат. Оор тагдырга туш болгондорду түшүнүп, аларга жардам бериш үчүн адамга түрткү керек. Мен бул түрткүнү өз жашоомдон алгам. Ал эми ишиме берилгендигимден энергиям түгөнбөсө керек.

– «Өз жашоомдон алдым» деп калдыңыз, демек, убагында сиз да жардамга муктаж болгон окшойсуз...

– Университетте 3-курста окуп жүргөндө турмушка чыгууга туура келди. Ата-энем менен ал жигиттин ата-энеси сүйлөшүп, кудалашып бизди үйлөндүрүп коюшту. Ошондо болочок жолдошума «менин сүйлөшкөн жигитим бар» деп койдум эле. Сөздүн күчүн, таасирин кийин түшүнүп жатпаймынбы. Кийин жолдошум кыйытып айтып калчу «сен мага тийгиң келген эмес, сүйгөнүң бар эле» деп. «Эмнеге айттым экен?» деп кийин өкүндүм. Азыр кыз-келиндерге акыл айтам «абайлап, ойлонуп туруп сүйлөгүлө, кийин жапа чегип калбагыла» деп.

Убакыт өтүп 4 балалуу болдук. Кырсык айттырып келбейт экен. Жолдошум жумуш учурунда кырсыктап каза болуп калды. Ошондон кийин оор жашоо башталды. Мен акчадан, жумуштан, балдарымды тарбиялоодон, жашаган үйдөн кыйналган жокмун. Мен «жесир» деген сөздөн кыйналдым, жектедим. «Жашсың, башкага тийип ал», «бузулуп кетесиң» деген сыяктуу жесирлерге болгон орой мамиледен жабыркадым. Жан дүйнөмдө кризис болду. Ошондо белимди бекем буудум да, ишке кириштим. 29 жыл мектепте мугалим болуп эмгектендим. Үй оокатында эч кимге камчы салдырган жокмун. Байкасам, бир заматта балдарым мектепти, кийин университетти бүтүп, бала-чакалуу болуп буттарына туруп кетишиптир. Ошондо сездим убакыттын өткөнүн.

– Анан кризистик борбор ачууга токтолдуңуз...

– Ооба, 2002-жылы «Ак жүрөк» кризистик борборун, 2009-жылы оор тагдырга кабылгандар үчүн 12 кишилик атайын баш калкалоочу жай (шелтер) ачтым.

– Сиздерге кайрылган адамдарга кандай жардам көрсөтөсүздөр?

– Бизге кайрылган адамдардын бардыгы көзү жылтырап, бир нерседен үмүт этип келишет. Бирок баарынын тагдырын туура жолго салып, урушканын жараштырып салабыз деп айтпайм. Караңгылыкта жол таппай калганда, барарга жай таппай калганда биздин эшигибиз ачык. Психолог стресс абалдан чыгарууга жардам берет. Укуктук жаатта атайын жактоочу иш алып барат. Андан сырткары социалдык кызматкерлерибиз бар. Келген адам 12-18 күн биздин карамагыбызда болот. Андан кийин муктаждарга жумуш таап бергенге же мэрия менен биргеликте жакындары менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, аларга өткөрүп бергенге аракет кылабыз.

– Сиздерге кайрылган эң биринчи адамдын тагдыры эсиңиздеби?

– Албетте. Кризистик борборго бир аял келди «жолдошум башка менен жүрүп кетти» деп. Ортолорунда 4 баласы бар экен, бешинчисин күтүп жатышыптыр. Андай келиндер кийин да көп келди. Анан жыйынтык чыгардым. Аял менен эркек 42-52 жаш куракка келип калганда өтө сак болушу керек. Ал учурда 3-4 балалуу болуп, аял толугу менен балдардын, үйдүн түйшүгүнө кирип кетип, өзүн карабай калат экен. Ал эми эркек токтолуп, материалдык жактан калыптанып, «Аялым балдар менен каякка бармак эле? Эркекке боло берет» деген ой менен башка кыз-келиндерге көз арта баштайт экен. Аялы кабакты бүркөп, жоолукту кыйшайтып салынып, шалбыр-шулбур кийинип калса башканы карайт да. Анан ошентип келген келиндерди урушам «жарашыктуу, тыкан кийинип, жасанып алып оокат кылсаң деле болот» деп.

Кээ бир келиндер кайненесин жамандап келет. Алар үчүн кайнене №1 душман. Эки жаш үйлөнгөндө кымбат баалуу машиналардан турган кортеж, кычыраган ресторанда үйлөнүү тоюн өткөрүп берип, кабат үйгө киргизип, алдыларына машина алып берип туруп эртеси кайнене өлүп калса идеалдуу жашоо болсо керек деп кыялдангандар бар. Бирок оңой жашоо кандай бат келсе, ошондой бат кетет. Ашыкча байлык да кээ бир үй-бүлөгө душман болуп, ыдырашына алып келет. Өз маңдай териң менен тапкан акча, сый түбөлүктүү, кайрымдуу болот деп акыл айтам жаштарга.

– Кесибиңиз жалаң оор тагдырлар менен байланыштуу эмеспи. Кайсы учурда жеңилдигин сезесиз?

– Жашым 70ке таяп калды. Аялдардын укугун коргойм деп жүрүп үй-бүлөмө убакыт бөлө албай калам. Балдарым да «апам сүйгөн ишин кылып жатат» деп каршы болушпайт. Бизге келген адамдардын тагдыры туура, оңолуу жолуна түшсө ошол жеңилдик.

Бир жолу Казакстанда иштеп жүрүп боюнда болуп калган кыз келди, ата-энеси кабыл албай коюптур. Ал кызды төрөтүп, кийин да акыл-кеңешимди айтып турдум. Ошол кыз кыйынчылыкка сынбай тытынып иштеп жүрүп чет өлкөгө кетип, ал жактан да иши жүрүшүп кийин миллионер болуп кетти. Байланышып, рахматын айтса сөзгө семирип, ыраазы болуп калам.

– Андай учурлар көп болсун. Кайра оорчулугуна келели. Былтыр 16 жаштагы кыз көз жарып, аны 11 жашынан бери өгөй атасы зордуктап жүргөнү аныкталган. Ошол кыз кийин оор абалда сиздердин борборго түшкөн экен...

– Ооба, кыз төрөгөндөн кийин психологиялык жардамга муктаж болуп бизге келген. Апасы кызы менен байланышын үзүп коюптур. Кыздын айтымында, өгөй ата аны 11 жашында эмес, 3-класска барарда, тагыраагы, 8-9 жашынан эле зордуктап баштаган экен. Апасына айтса ал кайра кызын урушуп тыйып коюптур. Канчалык өзүмө албайын десем да, бул окуяны уккандан кийин кан басымым көтөрүлүп, жүрөгүм ооруп жүрдү. Өгөй ата 15 жылга кесилген, бирок жабырлануучу кыз, анын таежеси бул чечимге каршы болгондуктан укуктук жактан жардам берели деп чуркадык. Ошентип ал зөөкүрдүн иши кайра каралып, 20 жылга кесилди.

– Зомбулукка кабылган кыз-келиндер көбүнчө милицияга эмес, кризистик борборлорго кайрылгандай сезилет. Бул алардын укук коргоо органдарына ишеничи аздыгынан эмеспи?

– Бизге кайрылгандарынын эң биринчи себеби, анонимдүүлүктү сактайбыз. Экинчиден, биз келген адам өзү каалап баарын айтмайынча кыйноого албайбыз. Кайсы маалда ачылып айтат күтөбүз, психологиялык жардам көрсөтөбүз. Милицияны жаман дебейм, бирок аларда сурак иштери катуу тартипте жүргүзүлөт. Аларга барарың менен баарын дароо жайып айтып берип салышың керек. Анын үстүнө «үй-бүлөлүк ишти өзүңөр чечишип алгыла», «тилиңден тааптырсың, тыйбайт белең» деп эркектердин таламын талашкан айрым кызматкерлердин айынан тартынып милицияга баргысы келбейт.

– Эсиңизде калган эң оор окуя...

– 2012-жылы 2 айлык баласын көтөрүп бир келин келди, «жашоо болбой калды» деп. Биздин шелтерде 1,5 жылдан ашык баш калкалаттым. Башында «баланы өкмөткө өткөрүп бер, бага албайсың» десем, «апам жардам берет» деп болбой койду. Апасын тапсак, ал ичкен неме экен, кызына жардам бермек түгүл бизге келип 4-5 ай туруп калды. Анан апасын бир кафеге идиш жуугуч кылып орноштурдум. Иштеп жүрүп бир адам менен таанышып, аны ээрчип кетип калды. Кызы да апасынын артынан кетип, кайра «апам акча таап кел деп кууп жиберди» деп келди. Кээ бир адамдарга акыл айтсаң, сөздү анализдеп, сиңире билет. Кээ бири угат да, кайра көнгөнүн кыла берет. Баарынан жаманы, кылган эмгегиң текке кетет. Биринин да документи жок эле, баарына жасаттык, «окуталы, билим ал» дедик, бирок кыз «апам менен жашай берейин» деп кетип калды. Бир күнү таңга маал жумушка келиптир, колу-башы кир, баланын кулагы ириңдеп кеткен, өтө жүдөгөн абалда. «Апам кечээ кууп чыккан, курсагыбыз ач» деп. «Кайда жүрдүң кечээтен бери?» десем, «таксист менен жүрдүм, 500 сом берди» дейт. Ошондо «оңолбойт экенсиң» деп ичимден сына түштүм, жаман болдум. «Сен бага албайсың, баланы бер» десем макул болду. «Жетесинде жокту жетелесең мал болбойт» деген туптуура айтылган сөз экен, көрсө.

– Аялдарга, жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүп баратканына эмне себеп деп ойлойсуз?

– Эң негизги себеп, үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголуп баратат. Үй-бүлө үчүн күрөшкөн адам азаюуда. Экинчиден, миграция маселеси. Тээ Орусиядан телефон аркылуу аялына ооздун жели менен «сага талак бердим» деп коёт. Аял да «ии, мен бошмун» деп башкага турмушка чыгып кетет же жүрүп кетет. Ортодо балдар калат кароосуз, жардамга муктаж, өгөйлөрдүн зомбулугунда. Бул өтө чоң маселе.

Үй-бүлөнү сактоодо аялдын ролу өтө чоң. Аял зирек, эптүү, асылкөй, амалкөй, сарамжалдуу, сабырдуу болушу керек. Мен аялдардын сөзүн сүйлөп, алардын укугун коргогонум менен, аялдарга көп күнөөнү коём.

Эркектер табиятынан аңкоо, таза келет. Аны бузуп, жаман жолго салчу да, теңме-тең, колтукташа жакшынакай жар кылып алчу да аялдар. Ал эми аялын, бала-бакырасын таштап кеткен эркектерге айтарым, үй-бүлө курарда эркекче айткан, «үй-бүлөнү коргойм» деген сөздүн өтөсүнө чыгышы керек. Эркекче деген сөздө канча маани жатат? Эгер эркектигин кылып башкага азгырылса, аялын, балдарын көчөгө темселетпей, эркекче өзү үйдөн чыгып кетсин.

– Маегиңизге рахмат! Ден соолугуңуз бекем болсун!


Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Zarema94
2018-07-10 09:39:42
:-D баардык сөздөрүңүз туура
+17
Dalil
2018-07-10 10:37:16
Сиз айткандай эркектин баары эркекче үй-бүлөсүн сактап жашаса ааламда жашоо башкача болмок беле...
+17
Nevestkaa
2018-07-10 11:11:03
Туптуура айтасыз,азыр үй бүлөмдү сактап калам дегендер азайып баратабыз баарыбызда сабыр жок.Ата-эне ажырашканда бала көп жабыр тартат,өгөйдөн кордук көрөт.Ошондуктан ушунчалык эле ажырашкыңар келсе үйдү балдарыңарга өткөрүп (эгер аялына ишенбесе)үйдөн чыгып кетсин эркек болсо.Ошондо жаш балдарга болгон кордук зордук азаят кичине болсо дагы.Эч кимдин бүлөсү бузулбасын.
+10
Nanei
2018-07-10 13:14:40
Суперге беш плюс деген баа бердим,ушундай маектерди кооооооооп чыгарып турсанар. Женил желпи ырчылардын баскан турганына чейин окуй берип тажап деле калдык. Эже Азамат экен,ден соолукта болунуз,ищиниз ийгилик. Оорубаныз!
+26
Pamirlan
2018-07-10 21:58:17
милицияга кайрылгандан кудай сактасын. Эже айткандарыныз туура.
+12
Akylai_aktan
2018-07-10 23:24:13
Эженин айткандарына 100%кошулам.Сиздей энелер кобойсо экен.
+15
Meken28
2018-07-11 10:42:40
Ejenin aitkandary tuura,soop ish kylyp jatyptyrsyz,Rahmat sizge birok,Keede adamdar ayaldardy ozun karabai koidu dep kunooloshot,chyndygynda ayaldyn baldary maida kezde bir erkek ishtep uibulonu bagysh kk,birok akchasy jetishpese ayal kaidan jasanat,kosmetikaga,kyiymge but baaryna akcha kk,,Eptep bir kitaiskyi kyiymderdi alyp berip koiushat al jaman bolup ketkiche kiet keebir baikush ayaldar,je ishtep akcha kylaiyn dese baldary kichinekei,erkekter bardyk nerseden kamsyz kylysh kk uibulonu
+7
Саби
2018-07-11 13:22:18
Эже ото маныздуу ,акылдуу создорду айтыптыр.Коро-коро косом болот дегендей кээде жаштар билебиз деп баарына козубуз жетип тургандай суйлойбуз акыл- кенеш укпай.Баары бир коп жашап копту коргон адамдын акылын уга билгенибиз жакшы болот эле.
+10
tynkatar03
2018-07-11 19:59:13
Кудайым омурунузго жашоонузга береке берсин!!! Чыныгы элим деген эже экен. Жанагы ажырашып кеткен айрым ырчы аялдар ажырашууну чон пропаганда кылышат "эркиндик" "оз каалоомо" жеттим деген сыяктуу интервьюларды беришип.Анан да тренигдерди отушуп кыздардын психологиясын жаштайынан бузуп жатышат. Кенеш алгынар келсе мына ушундай эжелерге баргыла.
+9
zojolu
2018-07-12 10:43:39
Бир уй буулоону сактап калуу бир олкону сактап калган менен барабар ишинизге ийгилик сиздей апаларыбыз кобойсун амин
+10
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА