Күлкү жаратуучу Мыктыбек Мукаев көрөрмандарга «Эң Мыкы шоу» теледолбоорун даярдап келет. Долбоор ырчылардын катышуусунда тартылып, ар чыгарылышта кызыктуу маек болуп, кызыктуу оюндар ойнотулат. «Буга чейин КВНчи катары сахнада жүрсөм, бул теледолбоордо алып баруучу болдум. Көрсөтүүнүн каармандары жылдыздар. Алар менен иштешүү бир аз кыйынга турду. Келем деп келбей же таптакыр телефонго жооп бербей коюшат экен. Эми турмуштук окуяларды чагылдырган кыргыз тилиндеги сериал тартууну чечтик. Азыр сценарий жазуу менен алектенип жаткан чагыбыз»,- дейт Мыктыбек.