МОЛДОМУСА КОНГАНТИЕВ АКТАЛДЫ

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши жабылды. Анын жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, тергөө жүргүзгөн УКМК Конгантиевдин иш-аракетинде “кылмыштын курамы жок” деген жыйынтыкка келген.

Конгантиевге 2010-жылдагы Апрель окуясында "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан" деген айып тагылып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ошол жылы Таласта митингчилер тарабынан катуу сабалып, ден соолугуна залака келген экс-министр Апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.

Андан бери коомдук иштерге аралашпай, эл көзүнөн оолак жүргөн Конгантиев 2017-жылы Жалал-Абад облусундагы шайлоочулар менен жолугушууда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. Бул окуя коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан