Спорт жылдызы
Ал мекендештеринин жактырбаганына карабай Фидель Кастро менен жакын дос. Ал эми Че Гевараны Кудайындай сыйлайт. Анан да АКШлыктарды жана журналисттерди жактырбай тургандыгын такыр жашырбайт. Ошентсе да дүйнөлүк гезит-журналдардын биринчи беттеринен ысымы, сүрөтү түшпөйт. Анткени ал – Диего Марадона.
УЧУРДА
Марадона учурда бир гана тилек менен жашоодо. Ал – Аргентинаны чемпион кылып, Дүйнө чемпиондугун машыктыруучу катары да жеңүү. Жакында командасы тууралуу: “Аргентина рулда Месси отурган, жогорку ылдамдыкта бараткан Ролс-Ройско окшош. Аны токтотуу үчүн курман болуш керек”,- деди. Ал эми Пеле: “Марадона Аргентинаны акча үчүн гана машыктырып жатат. Аны бул кызматка дайындагандар катага жол беришти”,- деп баса белгиледи. Эмнеси болсо да Марадонанын Ролс-Ройсу “ЮАР-2010до” финалга жетип барабы же жокпу, убакыт көргөзөт.
МАРАДОНА ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР
Азыр кыйын абалда турган Кыргызстандан тышкары бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүлү Түштүк Африка Республикасына бурулуп турган кези. Анткени Түштүк Африкада Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Мелдештин фавориттеринин катарында Диего Марадона машыктырган Аргентина да бар. Андыктан фотокабарчылардын объективдерине футболдун падышасы Диего Марадона тынымсыз илинүүдө. Чынында, “тирүү легенда” атагына татуу, дегеле футбол дүйнөсүндөгү кайталангыс өмүр таржымалы Диегитого (атасы дайыма ушинтип чакырчу) оңойго турган жок.
ҮЧ ЖАШЫНДА ТОП КУЧАКТАП УКТАП...
Буэнос-Айрестен анча алыс эмес жайгашкан Вилья Фьорито районунда 1960-жылдын 30-октябрында дон Диего менен донна Далманын үй-бүлөсүндө үч кыздан кийин уул бала төрөлөт. Тукум улоочу эркек баланын төрөлүшү Диегонун атасын абдан кубанычка батырат.
Футбол падышасынын өз эскерүүлөрүнө таянсак, анын балалыгы топ, футбол талаасы менен тыгыз байланышта өткөн. “Өмүрүмдөгү эң алгачкы мага абдан жаккан белек футбол тобу болгон. Аны Нено таежемдин уулу Бето Сарате алып келген. Ошол күнү топту кучагымдан чыгарбай уктаганым эсимде. Анда мен 3 жашка чыккан элем. Ошол күндөн тартып топтон такыр ажыраган жокмун.
Аргентинада жайкысын күн абдан ысык. Апамдын “саат бештен кийин ойно, күн өтүп кетет” деген кебин кулагымдын сыртынан кетирип, күнү кечке футбол ойночумун. Анан да дүйшөмбүдөн тартып жума күндүн келишин зарыга күтөр элем. Анткени бул күндөрү мен мектепке барышым зарыл болчу. А менин болсо окууга шыгым жок, оюмда жалгыз гана топ болор эле”, - деп эскерет Диего.
Таноолорун тердете топ кубалап ойноп жүргөн бул баладан атактуу футболчу чыгарын алгач “Архентинос Хуниорс” футбол клубунун машыктыруучусу дон Франсис байкап, жаш экенине карабай өспүрүмдөр курамына алат. Анын үмүтү акталбай калган жок. “Дон Франсис жашым жете электигинен чочулап, мени запаска кармачу. Эгер команда жеңиле баштаса, кайсы бир оюнчу менен алмаштыра салчу. Биринчи жолу мындай окуя “Расинг” клубуна каршы оюнда болгон. Оюн бүтөрүнө 30 мүнөт калды. Ал эми эсеп 0:0 бойдон, күйөрмандар болсо эриге башташты. Анан Франсис оюн талаасына мени чыгарды. Мен эки гол киргиздим. Каршылаштардын машыктыруучусу Франсиске келип: “Ушундай таланттуу оюнчуңду кантип запаста кармап отурасың? Бул баланы жакшы кара, мындан улуу футболчу чыгат”,- деди. Биздин машыктыруучу болсо унчукпай гана менин документимди көрсөтүп туруп берди. Ал көргөн көзүнө ишене албай кетти.
Экинчи ирет мындай окуя “Боки” клубуна каршы ойногонубузда кайталанды. “Бокинин” машыктыруучусу Франсиске басып келип “сен мага каршы Марадонаны коё бердиң. Бул бала мага жакканы үчүн гана чыр чыгарбай кечирем” дегенин эскерет.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ ТУУРАЛУУ АЙТКЫСЫ КЕЛБЕЙТ
Ааламдын көптөгөн уникалдуу спортчулары жеке турмушунда бактысын таппай, тагдырдын соккуларына чыдабай баңгизатына, ичимдикке байланып, атүгүл өмүрүнө кол салуу менен жашоосуна чекит койгон учурлары көп. Футбол талаасында ийинине конгон бакыт кушу Диегону жеке турмушунда да таштап кеткен жок.
Бул адам жубайы Клаудиа, кыздары Дальма жана Жаннина тууралуу кеп кылса, үнүнөн чексиз мээрим сезилет. Улуу футболчунун журналисттер менен араздашуусунун сыры да үй-бүлөсүндө. Ал жеке жашоосу тууралуу эч кандай маалымат берүүнү каалабайт. Үй-бүлөсүн жаман сөздөн, суук көздөн сактоого аракет кылып, аларды тартмакчы болгон фотокабарчылардын аппараттарын, операторлордун камераларын бир нече ирет талкалап, айып пул төлөөгө аргасыз болгон.
МУНДИАЛДА ТӨРТ ИРЕТ ОЙНОДУ
Адатта футболчунун оюн талаасындагы өмүрү кыска болот. Өз карьерасында Марадона Аргентинанын командасынын курамында 4 ирет футбол боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн ойноп, 1986-жылы Мексикада өткөн мундиалда мекенине чемпиондук титул менен кошо кубокту алып берген. Мелдештин чейрек финалындагы Аргентина-Англия беттеши футбол күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталып калды. Ошондо Марадона колу менен гол киргизип, аны калыс байкабай калат да, голду эсепке киргизет. Футболчунун өзү “голду Кудайдын колу менен киргиздим” деп билдирген. “Кудайдын колу” деген атак Марадонага ушундан улам жабышкан.
ФИФАнын ЧОҢДОРУНА НААРАЗЫ
1994-жылдагы АКШда өткөн Дүйнө чемпиондугун Диего “өмүрүмдөгү кара так” деп атайт. 34 жашка келип калган футбол падышасы ушул оюну менен жашыл талаадагы даңазалуу жолун аяктап, спорттон татыктуу кетүүнү тилеген болчу. Андыктан жан үрөй машыккан. Бирок алгачкы беттештерден соң анын допинг колдонгондугу билинди. Чечүүчү оюн алдынан мындай кабарды угуу Марадонанын күйөрмандары, аргентиналыктар үчүн эле эмес, футболчунун өзү үчүн да төбөсүнө чагылган тийгендей болду. “Жаракаттарымдан улам дары ичип жүргөм. Ал түгөнүп калып, кайра сатып алууга туура келди. АКШдан сатып алган дарынын курамында допинг катары эсептелчү каргашалуу эфедрин бар экенин билген эмеспиз. Мен ошол эфедриндин таасири менен эмес, Аргентинага болгон чексиз сүйүүмдөн улам, мекениме кубокту алып кетүүгө жан үрөгөн аракетим менен күйүгө жүгүрүп, мурда болуп көрбөгөндөй оюн көрсөткөн элем.
ФИФАнын “боссторун” ушул жоругу үчүн кечире албайм. Алар Марадонанын оюн талаасынан триумф менен кетүүсүн каалашкан жок. Ошондуктан “допинг” чырын уюштуруу буйругун беришкен. Лаборатория кызматкерлеринин арасында ал кезде жардам бере албаганы менен, кийин билген чындыгын айтып, кечирим сурагандар болду. Кайсы бир күнү, мейли 60 жашымдабы, айтор, ушул иштин чыныгы аргумент, фактыларын чогултуп барып, ФИФАнын чоңдорунун столуна таштап, бүткүл дүйнөгө болгон чындыкты айтам”,- дейт футболдун тирүү легендасы. Биз анын бул максатына жетишине тилектешпиз!
Айбек Нурадилов
sport@super.kg