1/8 ФИНАЛ
Жарым чейрек финалдык оюндардын алгачкысы эле эң мыкты оюн менен коштолду. Күйөрмандар үчүн. Мбаппе үчүн. Месси үчүн эмес... Командалык оюну жок болгон Аргентина француздарды утуп жатканы таң калычтуу эле. Бул маалда Франция дымагын күчөтүп, оюндун нугун түп тамыры менен өзгөртүп койду.
19 жаштагы Мбаппе атаандаштардын коргоочуларын дээрлик сезбей эле
2 гол жаратып, чемпиондуктун башкы жылдызы болууга талапкер экендигин көргөздү. Ал эми Месси канчалык командасын алга сүрөбөсүн, Дүйнө чемпиону болуу тилегин дагы 4 жылга жылдырууга аргасыз... Кавани Роналдуну үйүнө узатты. Уругвай коргоочулары Европа чемпиондоруна татыктуу күрөш жүргүзүп, Каванинин
2 голу менен жеңишке жетишти. Роналду бул чемпиондукта 4 гол киргизгени менен, чечүүчү беттеште өзүн көргөзө алган жок. Жеңишти көбүрөөк каалаган Уругвай бир гана Роналду эмес, бүтүндөй команданы ойнотпой койду. Оюнда «ПСЖнын» жылдыз чабуулчусу саналган Каванинин оюну жүрүштү. Албетте, Суарестин жардамы менен.
пенальти 4:3
Бул чемпиондуктун башкы сенсациясы жаралды. Орусия дөө-шаа деген Испанияга туруштук берип, эрдик көрсөттү. Өз үйүңдө дубалдар да жардам берип, кези келсе Иско менен Иньестаны да ыйлатса болот. Канчалык испандар топко ээлик кылбасын, топ дарбазага кирбесе анда анын натыйжасы канча? Испандар өзүнө болгон ишеними, тактикасын өзгөртө билүүсүнүн жоктугу жана кыйын учурда жоопкерчиликти колго ала билген оюнчусу жоктугунан жеңилип отурат. Андай футболчусу бар эле, бирок Иньестанын убагы өткөнү даана байкалды...
Жарым коргоочулары менен мактана турган команда бул - Хорватия. Модрич, Ракитич жана Ковачич кайсы команда менен ойнобосун талаанын ортоңку бөлүгүн булардан талашпай эле койсо болот. Бирок Дания эзелтен өжөр команда. Бул оюн алар үчүн 120 мүнөт бою футбол эмес эле, чоң казат сыяктанды. Шмейхель дарбазага узатылган көпчүлүк соккуларды кайтарып жатты, жадакалса оюндан Модричтин пенальтисин да тосуп кетти. Бирок пенальти сериясында Субашич Хорватияны чейрек финалга чыгарды.
Чемпиондукта эң мыкты футбол көргөзгөн командалар катарында Бразилия алдыңкы саптарда. Германияны утуп алган Мексика «Селесаого» өз оюнун таңуулай алган жок. Бразилия ылдам чабуулдары менен коргоочулардын айласын алты кетирип, биринин артынан улам кийинки чабуулдарды уюштуруп жатты. Көп кыйналбай эле 2 гол киргизген бразилиялыктар өз дарбазасына гол өткөргөн жок. Бразилияда бардыгы бар: мыкты оюн, мыкты команда жана мыкты «актёр» Неймар.
Япондор окумуштуулары менен дүйнөнү таң калтырып келишсе, эми футболчулары таң калтырууну чечишкен. Бирок буга бир канча мүнөттөр гана жетишпей калды. 2:0 эсебинде жеңилип жатканда Бельгиянын машыктыруучусу Шадли менен Феллаинини талаага чыгарып, оюнду сактап кетти. Аз жерден уят болуп кала жаздаган Азардын командасы бул беттешти жеңип чыгууга күчү жетти. Машыктыруучу Роберто Мартинестин көрө билгендиги Бельгияны кийинки баскычка сүйрөдү.
Аталган баскычтын уйкуга сүйрөгөн беттеши дал ушул болду. Эки команда канчалык аракет кылбасын оюн көзгө толумдуу болгон жок. Швеция Ибрагимович менен болгонго караганда, Швеция Ибрагимовичсиз жыйынтык көргөзө алат экен. Златан курамда жок, бирок бүтүндөй команда бар. Оюндун тагдырын «Лейпциг» командасынын жарым коргоочусу Форсберг чечип койду. Шакиринин аракетинен майнап чыкпай, Швейцария үйүнө кайтты.
Англия буга чейин Дүйнө биринчиликтеринде пенальти сериясында бир да жолу жеңип көргөн эмес. Эми бул серия дагы аягына чыкты. Англия Колумбияны 90-мүнөткө чейин утуп жаткан, голдун ээси Харри Кейн мундиалда 6-голун киргизди. Колумбия коргоочусу Мина мундиалда 3-голун киргизип эсепти теңеген. Калган мүнөттөрдө эсеп өзгөрбөй, жеңүүчү пенальтиден аныкталды. Анда таамай болгон Англия чейрек финалды көздөй бет алды.
ЧЕЙРЕК ФИНАЛ
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg