Мындан 6 жыл мурун кыргыз киносунда төңкөрүш жасаган каарман пайда болгон. Нурбек Эген режиссёрлук кылган «Ээнсиреген үй» тасмасындагы Асел азыр деле көрөрмандардын көз алдында болушу керек. Ачык-айрым, эч нерседен тайманбаган Асел башынан көп түйшүктү өткөрөт. Азыркы доордун күнгөй-тескейин, айылдан чет өлкөгө агылган жаштардын көйгөйүн мыкты ачып берген Марал Койчукараева ошол бир ролунан кийин экрандан көрүнбөй калды. Өзүңөр билгендей, тасмадагы жигити Маратка же жашоодогу актёр Атай Өмүрбековго турмушка чыгып, уулдуу болгон. Марал менен учурдагы жашоосу тууралуу маектештик.
– Марал, кандайсың? Тасма талаасынан жылт этип бир көрүндүң да, жок болуп кеттиң. Азыр эмне менен алексиң, кайдасың?
– Жакшы, рахмат. Өзүңүздөр жакшысыздарбы? Азыр Москвада ветеринардык клиникада иштеп жатам. Ушул кесипти тандап, 5 жыл окудум, эми иштеп, үзүрүн көргүм келет. Бул кесипте дароо эле иштеп кетүү мүмкүн эмес. Тажрыйба топтош керек. Москвада ата-энем бар, ошондуктан тажрыйба топтоо максатында бул жакка келгем.
– «Ээнсиреген үй» тасмасында ачык эпизодго тартылдың. Андан бери бир нече жыл өттү, эне болдуң. Азыр ошол кино тууралуу кандай ойдосуң?
– Ошол учурда тасмада көтөрүлгөн маселе азыр деле актуалдуу. Азайып да, жоголуп да кеткен жок. Андай көйгөйлөр менен дагы 20-30 жылдай күрөшөт болушубуз керек. Миграция, аялдарга көрсөткөн кысым болуп келет жана боло берет. Кинорежиссёрлор, ырчылар ошол сыяктуу маселелерди козгоп, элге туура багыт бергени жакшы. – Бала чагың Орусияда өткөнүн билебиз, Орусиянын тузу оор болгон окшойт, азыр да ошол өлкөдө экенсиң. Кыргызстанды сагынасыңбы?
– Чын эле Орусиянын тузу оор окшойт, бул жерде апамдар бар үчүн келдим. Биз ветеринария тармагына салкын карайбыз. Орустарда, тескерисинче, абдан өнүккөн. Албетте, Кыргызстанды сагындым, айрыкча Бишкекти. Каякта жүрбөйүн борборубузду сагына берем. Бирок келечекте Бишкекте деле көп жашагым келбейт. Дүйнө жүзүн кыдырып жашоону кыялданам. Кыялым канчалык ишке ашат, билбейм. Башка эл менен таанышып, алардын жакшы жактарын алып, билимимди өстүрүп, тажрыйба топтогум келет. Мен чет өлкөгө чыгып, жергиликтүү калк менен баарлашканда кадимкидей аң-сезимим өзгөрөт. Буюрса, август, сентябрда Кыргызстанга барып, көл муздай электе түшүп калайын деп жатам. Бир жыл Көлгө барбай калсам кадимкидей томсоро түшөм.
– Тасмада бир гана роль жаратсаң да сени дагы экрандан көргүсү келгендер бар. Башка роль жараткың келеби? Балким, чакыруулар болуп жаткандыр?
– Менин укмуштуудай күйөрмандарым бар деп ойлобойм. Ооба, кино учурунда дүң болду. Кимдир бирөөгө жакты, кимдир бирөөгө жаккан жок дегендей.
Мындан 3-4 жыл мурун бир режиссёр "драма жанрындагы тасма тартайын деп, башкы ролго сени ылайык көрүп жатам" деп жазган. Азыркы кинонун баары каржы маселесине барып такалат эмеспи. Балким, ошондой маселе болдубу, билбейм, андан ары иш жүзүнө ашкан жок. Кийин дагы бир жаш режиссёр чакырган, бирок ал деле сөз жүзүндө калды. Андан бери тасмага чакыруу түшө элек. Учурунда менин алдымда эки жол турган, врач-ветеринар боломбу же актрисабы деген. Актрисалык мен үчүн хобби окшойт дедим. Бирок азыр деле чакыруулар болсо тартылып коё берем. Мага кино тартуу учуру абдан жагат, өзүмдү жомоктогудай сезем.
– Кыргызда мал доктур кесибине кыздар анча кызыкпагандай көрүнөт. Жан-жаныбарларга жакынсыңбы?
– Кыргыздарда уй, кой, жылкы маанилүү, аларга чоң көңүл бөлөбүз. Мен чынында малга жокмун. Мен ит, мышыктарды карай турган тармактамын. Азыр ветеринарияда кыздар көп. Биз окуган курста балдарга караганда кыздар көп болчу. Бул тармакта докторлук ишин жактап жаткандардын баары кыздар. Эки жакты байкап көрсөм кыргыздын кыздары азамат. Колунан баары келет. Бирок биздин менталитет ушундайбы, кыргыздар кыздарына айрым жерлерде тыюу салып, кыздарга болбойт деп турушат. Өзү сүйгөн кесипти тандаган кандай сонун. Мен мал доктур болом деп ойлогон эмесмин. Бирок ит менен мышыкты ушунчалык жакшы көрөм, кечке кучактап, өпкүлөй берем. Ошон үчүн Кудай мага ушул кесипти берсе керек. Бизде эмнегедир ит, мышыкты анча карашпайт, баалашпайт го. Москвада бул эки жаныбарды балдарындай эле багышат.
– Футбол сүйүүчүлөрүнөн окшойсуң, сүрөттөрүңөн байкадым...
– Буга чейин футбол күйөрманы эмес болчумун. Билбейм, эмне болду же өзүм Орусияда болуп, футбол ушул жерде өткөндүктөнбү кызыгуум артты. Уругвайга, Орусияга жан тартып жаткам, азыр Англияга күйөрмандык кылып жатам.
– Бала кезиңе кайрылалы, Марал деп атыңды ким койгон? Бала чагың кандай өттү? Ошондо эле эч нерседен тартынбаган өткүр кыз белең?
– Марал деп атам менен апам кеңешип коюшса керек. «Китептен окуп койгонбуз» деп айтып калгандарын уккам. Кыргыздарда «кызга кырк үйдөн тыюу» деген кеп бар эмеспи. Ошондон улам болсо керек, кичинемде тартынып, уялып, бул мага болбойт деп турчумун. Бирок кичинекей баланы тыюу туура эмес деп ойлойм. Кичинесинен эркин болуп, өз оюн так билдирген бала келечекте жумушунда да, жеке жашоосунда да ийгиликтүү адам болот. Кийин бой жеткенде өзүм өзүмө ээ экенимди түшүндүм. – Уулуң Искендер тууралуу айтып берсең.
– Уулум сентябрдын үчүндө төрткө чыгат, кичине эс кирип калды. Азыр атасы менен чоң энесинин колунда Кыргызстанда. Май айында каникулга тарашкан, ошондо жибергем. Туугандардын да балдары бар ал жакта, ошолор менен ойноп жүрөт. Балам Кыргызстанды аябай сагыныптыр. Учак көрсө эле «биз учакка түшүп кетебиз. Атага, энеге барабыз» дей берчү. Москвада болгондо бала бакчага барчу. Бакчадагы балдар «атам, ата» дешкен окшойт. Бир күнү келип эле «апа, менин атам кайда? Атама баргым келет» деди. Азыр атасынын жанында.
Балам чектен ашкан тентек. Албетте, «кой, ай» деп тыям. Кайра бир чети баланын ушундай шок болгону жакшыбы деп жайына коём. Эки жарым жашынан тарта бүт тамгаларды билчү. Азыр 2-3 тилде 20га чейин санайт. Сөгүнгөндү да үйрөнүп алыптыр. Андай сөздөрдү айтса чоң энеси сүйүнөт «бизди ашатып жатат» деп. Балам бар экенине сүйүнөм. Мындай карап турсаң убакыт укмуш бат өтөт экен. Өзүм тез эле 28ге, уулум 4кө чыгып калыптыр.
– Маегиңе рахмат, жакшы жүр.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg