АПТАПТАН ӨЗҮҢДҮ ЖАНА ҮЙДӨГҮЛӨРДҮ САКТА!
ЖАЛПЫ КЕҢЕШТЕРУзакка күндө жүрбөө керек. Өзгөчө күндүзгү саат 11ден кечки 5ке чейин. Күндүн ысыгынан өзгөчө сактануулары керек: инсультка, инфарктка кабылгандар, онкологиялык, жогорку кан басым, ишемия жана стенокардия оорусу барлар, семиз адамдар.
Күн катуу тийген убактарда коомдук унааларда жүрүүдөн качуу.
Көчөдө көлөкө жер менен жүрүүгө аракеттенүү, убак-убагы менен кондиционери бар имаратка (мисалы, дүкөн, супермаркет) кирип сергүү.
Ичимдиктен, тамеки чегүүдөн баш тартуу.
Физикалык кыймылды азайтуу.
Имаратта кондиционерди 18-20 градустан төмөндөтпөө (суукка урунуп калбоо үчүн), кондиционерден алыс отуруу.
Имаратта кондиционер жок болсо, анда желдеткичти колдонуу. Аба салкындасын үчүн анын алды жагына суусу бар идишти коюу.
Душка көбүрөөк түшүү (бирок суу өтө муздак эмес болушу шарт).
КИЙИМТабигый материалдардан (пахта, зыгыр жана башка) жасалган жука жана ачык түстүү кийимдерди кийүү.
Баш кийим кийүү.
Ийиндери ачык көйнөктөрдүн үстүнөн жука жеңил жамынманы жамынуу.
Калдарды (мең) кийим менен жабуу.
ТАМАК-АШСунушталбайт:
Куурулган, майлуу, ышталган, таттуу жана кеч сиңүүчү тамактар, бат бузулчу кошулмасы бар азыктар (мисалы, кремдүү пирожный жана торт).
Сунушталат:
Суусундуктар: көк жана кара чай, жемиштер менен даярдалган чайлар, квас, компот, суу, газдалбаган минералдык суу, таттуу эмес ширелер (суу кошуп ичүү керек). Кыскасы, 1 күндө 2-3 литр суюктук ичүү сунушталат.Жашылча-жемиштер, ботколор, майлуу эмес эт, балык, сүт азыктары, муздак суюк тамактар (мисалы, окрошка).
Көчөдө өзү менен кошо суусундук алып жүрүү.
Көп тоюп албай, аз-аздан, бирок бат-баттан тамактануу.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg