Эл алдында жүргөн жылдыздар менен маек курганда өзгөчө маникюру, чийилген кашы же кирпиги көзгө дароо илинет. Гүлнур Асанова болсо андай нерселерге көп кызыга бербегенин байкадым. Ырчы айым маек учурунда адамдык сапаттарга токтолуп, ден соолук болсо баары табыларын айтат.
– Кандайсың, Гүлнур? Жакында Астанада өткөн фестиваль тууралуу айтып берсең. Ал жакка кийген улуттук кийимиң кызыгуу жаратты...
– Астананын 20 жылдыгына карата уюштурулган фестивалга бир жарым ай мурун Астана мэриясы тарабынан чакыруу түшкөн. 5-ирет өтүп жаткан иш-чарага «Акак» комузчулар тобу жана жеке аткаруучу катары мен барып, конок болуп ырдап, сыйын көрүп келдик.
Ал эми кийген көйнөгүм тууралуу айтсам, ал дизайнер Дилбар Ашимбаеванын колунан чыккан. Эксклюзивдүү, баарын кол менен тиккендиктен баасы 3000 доллар болду.
– Адам план менен жашаса ийгиликке жетишет дешет. Сен да план түзүп иш кыласыңбы?
– Буга чейин план түзүп, ишке ашпай калган күндөр болгон. Ошондуктан ал пикиримден кайткам. Азыр такыр план түзбөйм. Күтүлбөгөн жерден эмнени кааласам, ошону кыла берем. Мына азыр сиз менен сүйлөшүп отурам, эки сааттан кийин чет жакка чыгып кетип калышым да мүмкүн.
– Үйдө отурганда, чарчаганда комуз ойноп чер жазсаң керек?
– Мурун көңүлүм чөккөндө машинама отуруп алып тоону көздөй жөнөчүмүн. Ээн жерге барып алып көпкө комуз ойноп бугумду чыгарып алат элем. Акыркы кезде антпей калдым. Комузда эмне айып? Эмнеге бугумду комуздан чыгарышым керек? Комуз деген ыйык аспап да. Азыр алаксыш үчүн ар кайсы жактарга кетип калам. Же көптөн бери кыялданып жүргөн нерселеримди алып көңүлүм жай ала түшөт.
– Бир учурда Инстаграм баракчаңа жайнатып дипломдоруңду киргизип баштадың. Мындай аракеттерге бирөөлөр түрттү окшойт?..
– Ушул кезге чейин канча фестивалдарга барып дипломдорду алсам деле "Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреттим" деп өзүмчө сыймыктанып коюп, ошону менен калып кетчү, жар салчу эмесмин. Бирок капыстан аларды жарыялап башташыма баягы эле чыгармачыл адамдардын арасындагы көрө албастык түрткү болду. Мени «1-2 фестивалга барып эле мактанып жатат» дешкен экен. Андай эмес, мындай болот деп сыйлыктарымды тартып чыгардым. Дагы ал жарымы гана болчу. Баарын көрсө ичи тарлар эси ооп жыгылып калса керек. – Байкашымча, интригага аралашпай эле, өз арабаңды тартып жүргөндөйсүң. Анан кайдан эле сени көрө албагандар чыга берет?
– Мен да сиздер аркылуу айрым кесиптештериме ошол суроону берейинчи. Мен эмне, оокатыңарды талашып жатамбы? Эмнеге мага атаандашасыңар? Азыркыга чейин себебин түшүнбөй келем. Көрө албастарды тынч койсом бактылуу болушса керек десем деле, алар мени тынч койбой жатышат го (күлүп).
Башкалардай болуп чылым чегип же ичимдик ичип жаман жолдо жүрбөсөм. Мен көп нерсеге көңүл бурбай коём да. Айласы кеткенде ушундай ыкмага өтүштүбү деп жатам. Менин жиниме тийип, чектен чыгаргысы келип жаткандыр. Бирок мен мындай болбогон нерселерге моюн сунбайм.
– Айымдар канчалык курбум дебесин ич ара атаандашуу болот дешет. Бул боюнча пикириң кандай?
– Мен курбу болууга жарайт, жарабайт деп адамдарды бөлбөйм. Эң жакын деген классташ курбуларым бар. Алардын үй-бүлөсү болсо да жолукканда чогуу тамак жасап, бири-бирибиздикинде конуп жүрө беребиз. Алар менен отурганда өзүмчө эле жыргайм, баарын унутам. Ал эми чыгармачылыктагы достор менен жолуксам кайра эле "тиги антиптир, бул минтиптир" деген сөздөр кетет. Ошондой нерседен алыс болгум келет.
– Кино айдыңында сени көрбөй калдык. Актрисалык кесипке кызыгуу жоголдубу?
– Чынын айтсам, «Курманжан датка» тасмасынан кийин киного тартылуудан көңүлүм калды. Тасмага аралашпай эле койсом болмок деп калдым. Ошондон кийин кинодон, интригалардан алыс, тынч эле жүрөйүнчү деп чечкем. Киного түшпөй калсам жашоом токтоп калмак беле деп ойлодум. Айрым актрисалар режиссёрлорго өздөрү кайрылышат экен. Мен бир да жолу өзүм барган эмесмин. Азыр мүмкүнчүлүк толтура эле го, бирок тасмага тартылууга көңүлүм жок.
– Инстаграм баракчаңда жакын көргөн адамдардан күйгөнүңдү, териштирүү иштери жүрүп жатканын жазып чыктың эле. Ошол окуянын аягы кандай болду?
– Мени каралагандарды табууга Инстаграмдын пайдасы зор болду. Ооба, ал меселе ич ара сүйлөшүп чечилип, күнөөлүү адамдар кечирим сурашты. Ал нерсени элге ачык чыгарган жокпуз. Мени каралагысы келгендер эл билген эле адамдар болуп чыкты.
– Суроолордун баарына мурун, азыр деп эки учурга бөлүп жооп берип жатасың. Кайсы окуядан кийин жашооң эки этапка бөлүндү?
– Эки жыл мурун жашоого болгон көз карашым башкача болчу. Убакыт өткөн сайын көз карашың өзгөрө берет экен да.
– Сахнада, чыгармачылыкта аткарыла элек кыялдарың барбы?
– Чыгармачылык кечемди өткөрсөм деп кыялданчумун. Ал аткарылды. Чет өлкөнү кыдырсам дечүмүн, жылына жок дегенде эки өлкөгө барып турам. Кыялдарым, көз тийбесин, баары эле орундалды.
– Чет өлкөгө барып дарыланып жүргөнүңдөн кабардарбыз. Ден соолугуң кантип калды?
– Ооба, жарым жыл мурун Малайзияга барып анализдерди тапшырып келгем. 6 айга дарылоо курсун жазып, "биздин көзөмөлдө болосуң" дешти. Эгер жыйынтык болбосо операция жасайбыз деп жатышат. Мындан ары ден соолугума байланыштуу стресс болбошум керек. Ошондуктан өзүмдү болушунча негативдүү нерселерден алып качып жүрөм. Эс алып, позитивдүү жашашым керек болуп жатат.
– Сенин көңүлүңдү тапкан адам чыккан жокпу?
– Жеке жашоом тууралуу кеп салуудан коркуп калдым. Азыр өзүмдү жалгыз жакшы сезип жатам, ошол мага жетиштүү.
– Маегиңе рахмат. Эртерээк сакайып кет!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg