Азимбек Бекназаров: «БИЗ 7-АПРЕЛДЕ ЭМНЕ БОЛГОНУН, 87 АДАМДЫН КАНЫ ТӨГҮЛГӨНҮН УНУТТУК»

Кечээ, 10-июлда саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарганы боюнча маалымат жыйын өткөрүп, УКМКнын бул чечимин кескин сынга алды.

«КАН КУРГАЙ ЭЛЕК»

– Мен 2010-жылы 7-апрелдеги кандуу окуялар боюнча тергөөнүн куратору болгом. Конгантиевдин иши кыскартылгандан бери мага ондогон журналисттер телефон чалышты. Апрель окуясынын жабырлануучулары, катышуучулары, алардын жактоочулары да «сиз ошол ишти тергөөдө куратор болбодуңуз беле, Когантиевдин иши ушинтип кыскартылып кала береби?» деп кайрылышты. Ойлонуп отуруп ошол күндөрдү, Конгантиевдин ишине байланыштуу билгендеримди айтышым керек деп чечтим. Анткени бул боюнча карапайым эл, коомчулук жакшы билбейт.

Мен Конгантиевди же азыркы бийликти күнөөлөйүн деген жокмун. Конгантиевди күнөөлүү деп айтканга укугум жок. Аны сот айтат. Бакиевдин режими, айрыкча Жаныш Бакиев жетектеген күч түзүмү кандай «монстр» болгонун билебиз. Андан бери 8 жыл өттү. Ошол убакта депутаттар тирүүлөй жоголуп, чоң-чоң аткаминерлерге чыпалак-кулактар жөнөтүлгөн. Оппозиция өкүлдөрүнүн өзүнө эле эмес, балдары, келиндерине чейин кылмыш иши козголгон.

Бийлик 7-апрелдин алдында штаб түзгөн. Мамлекеттин ичинде мамлекет түзүлгөн. Күч түзүмдүн бардыгы ошол штабга мүчө болушкан. Акимдер, губернаторлор башка мамлекеттик органдар, бардыгы ошол штабга баш ийип берген. Бирок өзгөчө абал киргизилген эмес. Мамлекеттик бийлик мыйзамсыз түрдө толугу менен ошол штабга өткөн. Ошол штабдын мүчөлөрү 5 жылдан кийин соттолушту. Форумга куралдарды, бош патрондорду таштагыла, элдер аны көтөрүп алып Ак Үйгө келсин деген схеманы ошол штаб иштеп чыккан.

Конгантиев Таласка барып, оор жаракат алып өзүн билбей келген. Ошол жерден эл Акылбек Жапаров менен Конгантиевди барымтага алган. Жапаров менен Конгантиев кандай экенине карабай барымтадан күч менен түндөп алдыртканбыз. Конгантиевдин абалын көрүп, дарыланууга Москвага чейин жөнөткөнбүз. Конгантиевдин мага таарынганга укугу да жок. Биз ага кандай жардам бергенибизди ал билбесе, анын бир туугандары билет. Эгерде биз алардын ордунда болуп калсак, Бакиевдер бизге ошондой мамиле кылат беле?! Жок! 100 пайыз кепилдик берем, мындай мамиле болбойт болчу. Биз 7-апрелде эмне болгонун, 87 адамдын каны төгүлгөнүн, миңдей адамдын жарадар болгонун унуттук.

Бириккен элдик кыймыл бийлик талашкан жок. Биз курултай өткөрүп, ошол кездеги президентке «үй-бүлөңдү, Максимиңди, Жанышыңды бийликтен кетир» дегенбиз. Бирок алар анын ордуна штаб түзүп, кайсы жерде болбосун «БЭКтин» мүчөлөрүн камагыла» дешкен. Канчалаган оппозициячылар камалган. Болот Шер Таластан, Алмазбек Атамбаевди, Өмүрбек Текебаевди Бишкекте үйүнөн камашкан. Бул ошол штабдын иши болгон. Мен бүгүн айтып чыккан сөздү ошол кан менен бийликке келген Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев айтышы керек эле. Ошондой эле бул ойду азыркы президент айтыш керек болчу. Революциянын шарапаты менен келген үч президент «Конгантиевдин кылмыш иши сотсуз кыскартылганы туура эмес» деп айтышы зарыл эле. Анткени кан кургай элек. Канчасы жарадар, канчасы жетим-жесир болуп жүрөт. Бакиевдин «монстр» бийлигин орноткондордун кылмыш ишин акырын кыскартып койгон моралдык-нравалык жактан туура эмес.

«КОНГАНТИЕВДИН ТУШУНДА БОЛГОН КЫЛМЫШТУУЛУКТУ КАЯККА ЖАШЫРАБЫЗ?!»

Молдомуса Конгантиев эсине келе албай жаткандыктан биз анын ишин өзүнчө бөлүп койгонбуз. Биз гумандуулук кылганбыз. Биз аны дарыланууга жөнөткөнбүз. 2010-жылы Конгантиевдин иши тергелген эмес. Бирок көп маселелер бар. Бакыйган күч түзүмүнүн, Ички иштер министрлигинин башчысы эмнеге жооп бербейт экен? Жогоруда айтылган чыпалак-кулактар, депутаттардын жоголушу, өлтүрүлүшү, журналисттердин атылышына эмне үчүн ИИМ жооп бербейт? Бул ишти укуктук жактан атайын тергөө аныктап, сотко жибериш керек. Бакиев баш болуп жазасын алышты. Конгантиев боюнча иш жабылып калса, бул мыйзамдуулукка жатпайт. Соттолгон адамдар «биздин ишти кайрадан карагыла» деп маселе көтөргөнгө укуктары бар.

Бул иш саясат болуп кетет. Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат деген сөздөр башталат. Мына ошондой саясат болбош үчүн муну сот гана чечиши керек. Сот чекит коюусу зарыл. 600-700 жабырлануучу болгон. Ачык сот болсун деп Спорт ордосун алганбыз. Ал жерге да бомба, граната коюп процессти тынч өткөрүшкөн жок. Конгантиевдин күнөөсү бар же жок экенин сот аныкташы керек. Ал боюнча унчукпай коюуга укугум жок. Бул менин милдетим.

Интернетти карасаң кээ бир саясатчылар Конгантиевди «жакшы жигит, жакшы милиционер» деп айтып жатышат. Ооба, адамгерчилик менен айтып койсо болот. Бирок анын убагында болгон кылмыштуулукту каякка жашырабыз?!

Азыркы бийлик жакшы иштерди жасап жатат, колдоп жатам. Аягына чейин жакшы иштерди жасайм десе, менин кайрылуум боюнча ал дагы өзүнүн пикирин айтууга милдеттүү. Анткени ал (ред.: президент Сооранбай Жээнбеков) үй-бүлөлүк башкаруу менен күрөшүүнүн башаты болгонун айткан. Президенттин ошол окуянын башатында турганы чын болсо, бул окуяларда өзүнүн пикирин айтышы керек. Бардык иш тергелип сотко өтүшү керек.

«АЗЫРКЫ БИЙЛИКТИН ОППОЗИЦИЯСЫ ДАГЫ, ПОЗИЦИЯСЫ ДАГЫ – КСДП»

– Мени бардык президенттер оппозиция дагы кылбайт, Осмонакун да кылбайт, дежуру да кылбайт. Анткени алар менин андай боло албасымды билет. Бардык бийлик «ушул бала оппозиция болуш керек» деп менден чочуйт. Акаевден кийинки бардык бийлик мени оппозиция деп эсептейт. Азыркы бийлик кандай эсептейт, мага эл алдында айта элек, а мен бул бийликти эл алдында колдоп келе жатам.

Азыркы бийликтин тушунда КСДП өзүнө өзү оппозиция, Атамбаев менен Жээнбеков бүгүн бири-бирине оппозиция. Булардын каймактуу жерлерди талашуусу бүтө элек, Кыргыз өлкөсүндө оппозиция бийлик жана байлык талашуудан башталат. Бүгүн байлык менен бийликти Жээнбеков менен Атамбаевдин эки тобу талашууда. Башка күчтөр жөн эле күтүп турабыз, «Жээнбеков, сага мүмкүнчүлүк берели, саясий куугунтук, жасалма иштер менен камалгандарды аягына чыгарып койчу, Батукаевди ким качырганын, «Кумтөр» боюнча айтып койчу» деп жатабыз. Башка саясий күчтөр эч нерсе кылган жок. Ошондуктан азыркы бийликтин оппозициясы дагы, позициясы дагы – КСДП.

«МЕНИМЧЕ, ТЕРГӨӨ ЖҮРГӨН ЖОК, ШАРТ ЭЛЕ КЫСКАРТЫП КОЙДУ»

Конгантиевдин ден соолугу ошол маалдан баштап сурак бергенге жол бербеди. Себеби ал оор жаракат алган. Сурак бере алабы, бере албайбы, тергөөчүлөр ошого жараша иш кылышы керек. Экинчиден, ал Жээнбековду колдогон сыяктуу эле Атамбаевди деле шайлоо учурунда колдогон, теледен баарыбыз эле көргөнбүз. 2010-жылы «Ата Журт» партиясын колдогон, 2011-жылдан тартып КСДПнын лидерлерин колдойт, бул сыр эмес. Тергөөчү Конгантиев ким менен жүргөнүнө маани бербеш керек эле, иш турат, аны көргөндөн кийин тергөөчү тергөөнү улантышы керек эле. Себеби ден соолугу жакшы экенин теледен көрүп жатат, «кой» деп чакырып сураш керек эле. Менимче, тергөө жүргөн жок, шарт эле кыскартып койду.

«КОНГАНТИЕВДИН ИШИ СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИЛБЕСЕ КООМДО НААРАЗЫЧЫЛЫК БОЛОТ»

– Буйрутма, жасалма кылмыш иштеринин, сөз эркиндигине болгон кысымдын аркасында кимдер турат? Мен жасалма буюртма иш деп Текебаев менен Келдибековдун ишин айта алам. Себеби мен ал экөөнүн сотуна катышып көрдүм, ал жерде документтер жасалма. Текебаев дагы Келдибеков дагы соттолуп отурат. Формалдуу кылмыш составы менен отурган саясатчылар бар, Бектур Асановдун тобу, Талгарбековдун тобу. Бул топтор «Атамбаевдин бийлигин басып алат» деген чайканада отурган эки адамдын сөзүнөн улам конституциялык түзүлүштү күч менен басып алмакчы болгон деп камалгандар. Укуктук жактан булар жөн эле прокурордун эскертүүсүн алуу менен бүтө турган иштер болчу.

Мен ойлогом, Сооронбай Жээнбеков Текебаев, Асанов, Талгарбеков, Исаевдин иши боюнча чара көрөт го деп, бирок ал Конгантиевдин ишин кыскартып жатат. Бул мага катуу тийди. Конгантиевдин иши сот аркылуу чечилбесе, бүгүн болбосо да, эртең коомдо нааразычылык болот.


Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан