Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«СУПЕР-ИНФО» МОСКВАДА

№398 18-24-июнь, 2010-ж.


Супер-форум

“Досуң миң болсо да, аздык кылат, душманың бирөө болсо да, көптүк кылат” дейт элибизде. Бул саам “Супер-Инфо” гезити www.super.kg сайтындагы досторунун санын көбөйттү десек болчудай. Биз ­Орусиянын борбору – Москвада жашаган окурмандарыбыз жана форумчуларыбыз менен жакындан таанышып, жолугушуп келдик.

КОШ МАЙРАМ
“Мезгилден артта калба!” деген ураан менен алга умтулган “Супер-Инфо” мобилдүүлүгү, жаңылануусу менен өзгөчөлөнүп келет. “Супер-Инфонун” кыргыз тилдүү www.super.kg сайты да колдонуучуларынын саны боюнча алдыңкы орундарда. Гезиттин расмий сайты анын негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун “бир гана кыргызстандыктар эмес, дүйнөнүн ар тарабында жүргөн кыргыздын уул-кыздары өзүнүн мекени менен байланышты үзбөй, кыргыз тилинде маалымат алышсын” деген максатынын негизинде 2006-жылы иштей баштаган. Ал кезде кыргызча сайт жокко эсе болчу. Учурда баарыңыздарга белгилүү болгондой, www.super.kg сайтынын мүмкүнчүлүгү кең. Колдонуучулар жаңылык алуу менен бирге кыргыз обондорун угуп, макалалар боюнча өз пикирин калтырып, форумда түрдүү темалар боюнча талкуу жүргүзүп, жаңы курбу-курдаш таап жана башка кызыктарга ээ болушат. Эми кеп кезегин жолугушуу кандайча уюшулуп, кандайча өткөнүнө берели.
Москва шаарында cупер-форум­чу­лардын жолугушуусу болот деп уюштуруу иштерин жүргүзүп баштаганда Akjol жана Жамал аттуу форумчуларыбыз өздөрүнүн жардамдарын сунушташкан. Алардын сунушун кубануу менен кабыл алдык. Бишкектин аэропортунан учак көк асманга көтөрүлгөндө “жолугушуу ойдогудай болсо экен” деп тиледим. Стюардессанын “урматтуу жүргүнчүлөр, 20 мүнөттөн кийин жерге конобуз, камынгыла” деген сөзүн укканда толкундануу пайда болду. Учак конгондо мени Akjol аттуу форумчубуз: “Супер-Инфонун” кызматкери, Орусиянын жүрөгүнө куш келипсиң!”- деп тамашалай, гүл менен тосуп алды.
Кызыгы, алдын ала пландабасак да, жолугушуу 12-июнга – Орусиянын күнүнө туш болду. Андыктан биздин москвалык форумчуларыбыз жана окурмандарыбыз үчүн бул күн кош майрам болду. Күндүз шаар кыдырып, жакындан таанышып, Кыргызстанда, дүйнөдө болуп жаткан акыркы кабарларды талкууладык. Ал эми кечинде кыргыздар үчүн атайын ачылган түнкү клубга барып, боордоштор менен эс алдык. Жалпы жолугушуунун кандай өткөнүн фоторепортаждан билсеңиздер болот.

www.super.kg сайты тааныштырган, табыштырган бул жаштар бизге кат-катынан рахматын айтышып, бири-бирине “мындан кийин да достошуп, жолугуп, сүйлөшүп турабыз” деп сөз беришти. Жаштардын айтымына караганда, орус тилдүүлөр менен иштешип жүрүп, эне тилин ушунчалык сагынышат экен. Супер-Инфо мына ошол сагынычты бул жолугушууда аз да болсо таркатууга себепкер болгонуна кубанычта. Жолугушууну аман-эсен өткөргөн соң түйүнчөктү түйүп алып, сүйүктүү мекенибизге жол тарттым.

P.S. Форумчулар жана башка боордошторубуз Москвада канча убактан бери жашап, эмне иш менен алектене тургандыгы жөнүндө гезитибиздин келерки сандарында кененирээк баяндап бермекчибиз.

Бактыгүл Сокушова
forum@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(24)
21.06.2010. 18:22 
Тайпасы:
Башкы администратор
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
17-03-2008
Соӊку аракети:
01-04-2014 15:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Позитив!
21.06.2010. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
01-07-2009
Соӊку аракети:
27-07-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун жолугушуу болгон турбайбы! Азаматтар!!!
21.06.2010. 19:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
04-04-2010
Соӊку аракети:
28-06-2010 19:49
Жынысы:
Белгисиз
0
екатеринбругкка деле кайрылсанар болмок экен таалай.
21.06.2010. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
11-03-2010
Соӊку аракети:
06-01-2018 04:18
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болуптур да
21.06.2010. 23:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
26-11-2009
Соӊку аракети:
24-09-2018 17:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер эне
0
Башка өлкөлөргө деле келгилееечи, Супер-инфо!
22.06.2010. 02:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
28-10-2009
Соӊку аракети:
25-09-2018 10:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас!! Жергетал!! Беш-Таш!!!
0
айылдагы көргөндөр эмне дейт болду экен ыя?
22.06.2010. 02:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
28-10-2009
Соӊку аракети:
25-09-2018 10:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас!! Жергетал!! Беш-Таш!!!
0
бу биринчиден, Акжол байкеге чооң рахмат!
22.06.2010. 04:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
28-05-2010
Соӊку аракети:
16-09-2016 19:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер шаары
0
вауу суроттор сонун чыгыптырго я!СУПЕР ИНФО жамаатына чоон ыраазычылык"
22.06.2010. 16:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
16-03-2010
Соӊку аракети:
23-06-2010 17:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
италия
0
Супер-инфо! Италиагада келип кетиниздер.))
22.06.2010. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
06-12-2009
Соӊку аракети:
28-08-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kg-Ош-Ноокат
0
Менимче бизге окшоп жакшы уюшсанар,Супер инфо Италия,Корея,Америка дуйнонун бутундой бурчуна бара алат деп ишенем.Кыргыздар чогулуп чакырсаныздар соннун болот.
22.06.2010. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
24-11-2009
Соӊку аракети:
10-07-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Супер инфонун жамаатына чоон ыраазычылыгыбызды илдиребиз!!

P.S.Ото эле чектен чыгып кеткен суроттор илинип калганбы? Мен уялып жатам,Туугандар коруп калса мне болот ыя?...)))
22.06.2010. 20:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
24-11-2009
Соӊку аракети:
10-07-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Даа сонун болду,дагы коп пландар болчу ишке ашпай калды, буйруса дагы жолугушуу уюштурсак,ашпаган пландарды ишке ашыравыз...
23.06.2010. 23:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
07-06-2010
Соӊку аракети:
20-05-2014 18:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Amerikadagy Bostongo da kele ketkilechi
25.06.2010. 04:42 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
15-05-2010
Соӊку аракети:
01-07-2018 14:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
☆●Кыргызстан●☆
0
Ээ ушул кундор кайтып келеби экен? жок,келбейт бул дагы болсо эсте каларлык сонун кундордун бири болуп калды десем жанылышпайм,баарыбыз аман эле болсок алдыда дагы бизди керемет кундор кутуп турат! жылмайтып гезит бетине чыгарып койгон СУПЕР ИНФОнун жамаатына да терен ыраазычылык билдиребиз!Биз дайым биргебиз жана бирге болобуз.
25.06.2010. 04:44 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
15-05-2010
Соӊку аракети:
01-07-2018 14:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
☆●Кыргызстан●☆
0
Сонун кундордун бири болду!
25.06.2010. 09:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
24-11-2009
Соӊку аракети:
10-07-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
maratbek

бу кантип суйлоп калгансын ыя...?..))
25.06.2010. 18:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
30-12-2007
Соӊку аракети:
15-08-2014 11:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..:Жалган дүйнө:..
0
Ата Журтунда кан күйүп жатканда шапар тепкен патриотторду көргүнөр келсе, ушул жакты барактап койгула!!!
25.06.2010. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-05-2010
Соӊку аракети:
10-06-2017 13:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Екатеринбургтагылар озубуз эле жолугушуп алабыз эми таарынгансып супер инфого!
26.06.2010. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
24-11-2009
Соӊку аракети:
10-07-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Таллас

Биринчиден; Олкодогу окуя болгон куну биздин жолугушуу болду,тагыраак айтканда олкодогу окуя тууралуу маалымат бизге 13-куну жетти...
Экинчиден;Биз жолугушууну отменить этип,аза кутуп тополонду токтото албайбыз..
учунчудон; буткон ишке сынчы коп,бышкан ашты жечу коп дейт..демек,бизге ар кыл андай сын пикирлерлер менен бушайман болууга орун жок...Андан коро айткылачы сиздер патриот болуп Ош коогаланына мне салым коштунар? А биз ошол куну Ата-Журттагы окуядан каб
26.06.2010. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
06-12-2009
Соӊку аракети:
28-08-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kg-Ош-Ноокат
0
Таллас ичин куйуп атабы? Ушунчалык кыйын патриот экенсин,ар нерсени жазбай,уйдо катынга окшоп отурбай Ошко барып жардам бербейсинби.Озунду элге корсотоюн дединби,эл билет кандай экенинди.
26.06.2010. 23:53 
Тайпасы:
Башкы администратор
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
17-03-2008
Соӊку аракети:
01-04-2014 15:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Жалаң эле негативдин энергиясын сиңирип алган бул Таллас аттуу форумчубузга азырынча 10 күнгө бан. Кийин көрө жатарбыз.
П.С. Ушул адамдын айынан Суперстандан бир топ активист адамдарыбызды кетиргениме өкүнөм.
27.06.2010. 02:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
06-12-2009
Соӊку аракети:
28-08-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kg-Ош-Ноокат
0
Ушул Талласты вечный банга кетирсе болбойбу? Субаз экоону?
27.06.2010. 03:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
18-09-2010 02:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
жакшы кылыпсыздар анын жаза моонотун туболук кылып жиберсениздер жакшы болмок
03.07.2010. 00:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
28-10-2009
Соӊку аракети:
25-09-2018 10:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас!! Жергетал!! Беш-Таш!!!
0
Таллас Таластык да опкосу жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: