Ырчы Бек Исраилов мындан 3 жыл мурун үйлөнүп, кичи мамлекеттердин санын бирге көбөйткөн. Ошондон бери келинчеги Айжаркын экөө бактылуу күндөрдү кечирип келет. «Үйлөнгөндөн кийин ата-энебиз менен да, акча төлөп өзүнчө батирде да жашап көрдүк, ошондо өз үйүбүз болсо деп кыялдана берчүбүз» деген ырчы жакында ага-тууганын чогултуп, ак өргөөсүнө той берди.
– Бек, үйүң кут болсун. Бул үйгө канча жылда жеттиңер?
– 2015-жылы үйлөнгөм. Ошондон бери «үйлүү болсок экен» деп Кудайдан тилеп келдик. Мен үй-бүлөдө 3 эркек баланын ортончусумун. Байкем да үйлөнгөн, башында баарыбыз бир үйдө жашачубуз. Үйүбүз шаардын четинде болгондуктан күнүгө борборго келип-кетүүдөн кыйналчумун, каякка барбайын кечикчүмүн. Анын айынан акча төлөп батирде да жашадык. Бирок ал дагы жакпай калды. Андан көрө өзүбүз иштеп, чогултуп үй алалы деп катуу аракеттендик. Анан ушул үй буюруптур. Азырынча балабыз жок. Бир бөлмө экөөбүзгө кенен жетет. Балалуу болсок дагы чоңоёбуз.
– Үй той да берип алдыңар, ойдогудай болдубу?
– Бул той Айжаркын экөөбүз үйлөнгөндөн кийинки 1-той болду. Аябай сарсанаа болдук, эмгегибиз кайтып жакшы өттү. 170 конок келди, концерт сыяктуу болду, сахналаштарым келип колдошту, аларга ыраазыбыз.
– Азыр Орусияга кеткени шашып жатыптырсың, ошондон кеп салбайсыңбы.
– Тойдун алдында Орусиянын 1-каналындагы «Голос» долбооруна катышуу үчүн кат жолдогом. Той менен алпурушуп жүрүп аны деле унутуп калгам. Той эртең деген күнү Москвадан телефон чалып 1-турдан өткөнүмдү айтып куттукташты. «11-июлда келиңиз» дешкен. «Бара албай каламбы?» деп жаттым эле. Шарты келип, азыр Айжаркын экөөбүз учуп кеткени жатабыз.
– Кандай тапшырмаларды аткарат экенсиң?
– 2-турдун тапшырмасы – аспапта ойноп ырдашың керек экен. Мен бала кезимден гитара ойнойм. Гитара менен 2 ыр ырдайын деп турам.
– Рахмат маегиңе. Ийгилик, Орусиядан жакшы жаңылык менен кел.
КИРЕ БЕРИШ
-Кире бериштеги ачкыч илгичти Айжаркынга тааныш кызы белекке берген. Колго жасалган буюм. Кирген киши эле ушуга кызыгат.
АШКАНА
– Үйлөнгөндөн бери ашканада ашпозчулук кыла элекмин. Айжаркын мыкты кожойке, тамактарды даамдуу жасайт. Мага баарынан лагманы, анан пирогдору жагат.
ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ
– Оңдоп-түзөө иштеринде бир гана жуунуучу бөлмөгө тийишкен жокпуз. Анткени анын жасалгасы бизге жакты.
КОНОК БӨЛМӨ
– Бул бөлмөдө азыр конок үзүлбөй жаткан учур. Жумшак эмерек, тиричилик техникалары Айжаркындын себине келди.
Үйдү алганда өзүбүзгө жаккандай кылып оңдоп-түзөп алдык. Ал иштин башында Айжаркын турду. Айжаркын «стенканын ордуна дубалды эле ушундай кылып жасайлы» деген. Бул жерде чыгармачылыгымдын жемиши болгон дипломдорум, сыйлыктарым турат.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg