АРЗАН ЖАНА САПАТТУУ СМАРТФОНДОР

Учурда ар бирибиз уюлдук телефонсуз жашообузду элестете албай калдык. Буга ылайык уюлдук компаниялар жыл сайын заманбап смартфондорду чыгарып келет. Бирок жаңы чыккан смартфондордун баасы асман чапчыйт. Андай болгону менен, алардын арасынан чөнтөккө көп залака тийгизбей турган арзан жана сапаттуу смартфондорду тапса болот.


ТОП-5

Уюлдук компаниялардын биринин сатуу бөлүмүнүн адиси Евгений Крылов кымбат эмес, сапаты жагынан да талапка жооп бере турган смартфондорду көрсөтүп, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин белгилеп берди.

MEIZU M5S

• Баасы – 8500 сомдон жогору

Артыкчылыктары

• Ылдам иштейт

• Кубаттоо аз убакытта толот

• Манжалардын изин сканер кылат

Кемчиликтери

• Эски аndroid менен иштеп, жаңылануу толук болбойт

• Динамик катуу чыкпайт

• Оюндарды, тиркемелерди көтөрө албай телефон катып
калуусу мүмкүн


LENOVO K6

Баасы – 9000 сомдон жогору

Артыкчылыктары

• Анча чоң эмес, тунук дисплей

• Автономдук режимде жакшы иштейт

• Күчтүү процессор

• Үндөр даана чыгат

Кемчиликтери

• Google Pay жок

• Кубаттоосу көп убакытты талап кылат

• Жоон корпус

• Учурда рынокто табуу оор


НUAWEI Ү6

Баасы – 8160 сомдон жогору

Артыкчылыктары

• Мыкты дизайн

• Тунук камера

• Жарык экран

Кемчиликтери

• Телефондун эси көп эмес

• Google Pay жок

• Wi-Fi модулу бир диапазондуу

• Эс карта үчүн өзүнчө слот жок







XIAOMI REDMI 4X

Баасы – 7500 сомдон жогору

Артыкчылыктары

• Баасы арзан болгону менен, процессору күчтүү

• Автономдук режимде иштөөсү мыкты

• Камерасы тунук

Кемчиликтери

• Google Pay жок

• Wi-Fi модулу бир диапазондуу

• Экинчи симка жана эс картасы үчүн бир слот






SONY XPERIA X

Баасы – 8990 сомдон жогору

Артыкчылыктары

• Сапаттуу, тунук экран

• Күчтүү процессор

• Ичке жана металлдан жасалган корпус

• Камерасы сапаттуу

• Google Pay бар

• Жаңы аndroid 8.0 менен иштейт

• Ыкчам кубаттоо

Кемчиликтери

• Автономдук режимде иштөөсү күчтүү эмес

• Аба ырайы ачык эмес мезгилде, автономдук режимде камерага тартуу оор




МОБИЛДИК РЫНОКТУ ӨЗГӨРТКӨН XIAOMI

Ушул жылы дүйнө жүзүндөгү эң арзан, бирок сапаты жагынан кем калышпаган смартфондордун арасында рейтинг жарыяланды. Gizmochina басылмасы баасы 200 долларга чейин болгон 2018-жылдын мыкты смартфондорун аныкташты. Аталган рейтингдеги алдыңкы 5 орун:

• Nubia М2, баасы – 160 доллар

• Xiaomi Redmi S2, баасы – 159 доллар

• Xiaomi Redmi 5 Plus, баасы – 190 доллар

• Xiaomi Redmi 5, баасы – 150 доллар

• Xiaomi Redmi Note 5, баасы – 190 доллар


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
batma200294
2018-07-19 02:23:18
Редми эн сонун,батарея копко кармайт.самсунгка окшоп кызып кетпейт.кучтуу играны да жакшы которот.
0
Sweetdream
2018-07-19 02:31:02
Мен Ксиаоми ми микс 2 Деген телефон колдонуп атам азыр. Буга чейин редми 3s колдонгом. Баары жагат
0
mr.ulan89
2018-07-19 06:43:57
Lg K10 K8 жонундо да жазса болмок жакшы телефон эки жылдан берии колдоном интернет мыкты батарейка копко чыдайт
0
jalguzum
2018-07-19 17:55:50
Xiaomi redmi 5plus колдоном
Жаман жерин корбодум катыбайт зарят копко жетет. Сүрөткө да соонун тартат
+2
Gukush8993
2018-07-19 19:13:17
Редми жакшы 10 000 миңге алгам экраны сынса да кымбат эмес 1000сомго алмаштырдым самсунду j2 7500сомго алып эки ай күтүп 5000минге алмаштырдым экраны ысып да кетет заряд вообще эле кармабайт
0
kazakov1991
2018-07-20 10:59:56
акчасына чыдап Айфон X алгыла жакшы телефон экен
-1
Ko_Ni00
2018-07-20 11:03:43
Негизгиси колдонгон адамга жакса болду да.Анын баасы,маркасы маанилуу эмеско деп ойлойм.
0
Ryskulova
2018-07-20 21:47:10
болсо баары жакшы акчасына карап, мен ми котором жакшы заряд 1 кун 2 кун журот
+1
Adhambek
2018-07-20 22:27:49
SAMSUNG A5 жакшы баарынан
0
yylkan
2018-07-21 08:29:49
Самсунг А5 менен J5 эң сонун жолдошум экөбүз 1жылдан бери колдонобуз заряты да жакшы кармайт
0
Bilal2014
2018-07-21 11:05:34
Xiaomi redmi note 5 11.500сом
0
Majit1975
2018-07-21 19:50:26
Самсунг А5 2016 жакшы эки жыл болду же бузулбады же жоголбоду башка алайын десем.заряд бир жарым сутка жөн эле кармайт.Жаңы чыкканда 25000рубльга алгам азыр арзан
0
Tima99
2018-07-22 13:37:56
Samsung galaxy j2 prime зынк
0
Aziz91
2018-07-22 15:04:21
Мен Redmi 5 plus иштетем, экран чоң кино көргөнгө да жакшы, оюн ойносоң да баарын эле жакшы эле иштетет
0
baktybek90
2019-03-03 20:45:43
Меники редми 6 жаны чыкан мода болуп жатат
0
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан