1/4 финал
Орусия 2:2 Хорватия
Пенальтилер сериясы 3:4
Орусия бул чемпиондукта эрдик жасап, алардын жүрүшү “Лестер” сыяктуу эле болду. Кызыгы, Орусия – Хорватия беттешинде калыстар менен чогуу 14 жаштагы кыргыз футболчусу Ырыскелди Тыныбеков топ көтөрүп чыкты. Маанилүү беттеште кыргыз жүзүн көрүү биз үчүн сыймык болсо, Ырыскелди үчүн кийинки мундиалдарга топ эмес, командасын алып чыгууга түрткү берет.
Оюнга келсек, орусиялык Денис Черышев 31-мүнөттө айырмаланды. Хорваттар арданып, 8 мүнөт өтпөй Крамарич жооптук гол киргизди. Жыйынтыгында оюн овертаймга өттү. 101-мүнөттө Домагой Вида бурчтан берилген топту дарбазага таамай багыттады. Ушул маалда Орусияга дубалдар жардам бербесе, эсеп теңелчүдөй эмес эле. Чабуулдардын биринде Марио Фернандес эсепти 2:2 кылды. Тең чыгуу катталып, жеңүүчү пенальти сериясында аныкталмай болду. Акинфеев Субашичке каршы. Үй ээлеринен Смолов менен Фернандес жаза басса, хорваттардан Ковачич эле болду. Ракитич чечүүчү пенальтиден таамай болуп, Хорватияны жарым финалга алып чыкты.Бразилия 1:2 Бельгия
Бир жагында Азар менен де Брөйне, экинчи жагында Неймар менен Коутиньо. Оюн мундиалдын эң мыкты беттештеринин катарын толуктады. Баштапкы мүнөттөрдө Бразилия чабуулга өткөнү менен, контр чабуулда Бельгия 2 гол киргизгенге үлгүрдү. Канчалык Бразилия чабуулун күчөтпөсүн Бельгия коргоочулары мыкты болуп жатышты. Ошондой эле дарбазада Куртуа чеберчилигин көрсөттү. Экинчи таймда Неймар аракет кылса да анын дарамети жетпей жатты. Коутиньонун соккуларын Куртуа тоссо, Жезус коргоочулардын капканында калды. Бир гана алмашууга чыккан Ренато Аугусто бир жооптук гол узатканга жетишти. Бельгия жеңишке жетти!
Англия 2:0 Швеция
Жаңыланган курам менен келген Англия мундиалда көпчүлүктү таң калтырды. Ал эми Швеция Ибрагимовичсиз деле жашоо бар экендигин көргөздү. Оюн жүрүшүндө бурчтан берилген топту Магуайр киргизип, эсепти ачты. Швеция кооптуу абалдары менен жооп берсе да, Пикфорд бул күнү бир канча мыкты тосууларды жасап жатты. Оюнга чекитти “Тоттенхэмдин” жарым коргоочусу Деле Алли койду. Англия 28 жылдан кийин жарым финалды көздөй бет алды.
Франция 2:0 Уругвай
Уругвайдын чабуулчусу Кавани бул оюнга жаракатынан улам катыша алган жок. Ансыз Суарес чабуулда жалгызсырап калары билинди. Чемпиондуктун негизги фавориттери саналган Франция Уругвайдын эсебин таап койду. Гризманн голдук пас жана өзү киргизген голу менен Францияны жеңишке сүйрөдү. Аргентина, эми Уругвай. Франция Түштүк Америкадан келген командалардын акыркысын үйүнө узатты. Жарым финалда жалаң Европанын командалары гана калды.
1/2 финалФранция 1:0 Бельгия
Эки команда тең жеңишке татыктуу эле. Курамы боюнча да, көргөзгөн оюну боюнча дагы. Мындайда оюндун тагдырын 1 эле гол чечип коёт. Дал ушундай болду. Бельгия 1-таймда маал-маалы менен чабуул коюп, Льористин чеберчилигин текшерип жатты. Буга Франция 19 жаштагы Мбаппенин жана Павардын кооптуу соккулары менен жооп берди. Экинчи бөлүктө Гризманн бурчтан чыгарып берген топту Умтити голго айлантты. Эсеп 1:0. Азар менен де Брөйне дароо оюндун тизгинин колго алып, Бельгияны алга сүрөдү. Туюк коргонууга өткөн француздар өз дарбазасына кооптуу абалды жараттырбай коюшту. Соңку мүнөттөрдө Бельгияга караганда Франция экинчи голду киргизүүгө жакын болду.
“Евро-2016” мелдешинде финалда жеңилип калган Франция 2 жыл өтпөй кайрадан финалда. Дешам шакирттери чемпион болууга дагы бир аракетин жасашат.
Хорватия 2:1 Англия
Хорваттар үчүн оюн алгачкы мүнөттөрдөн тарта татаал болуп баштады. Себеби Триппьер 5-мүнөттө эле айып соккудан гол жаратты. 1-таймда Англия атаандашына караганда финалга татыктуу экендигин көрсөтүп жатты. Хорватия туруштук берип, 2-таймда оюндун нугун бурду. Перишич 68-мүнөттө эсеп сандарын теңеп, оюн экстра-таймда уланды. Командалар чаалыгып калышканы менен, хорваттардын 109-мүнөттөгү чабуулу натыйжалуу болду. Перишичтин пасынан Манжукич өз командасына жеңиш алып келди. Англиянын жооптук голго дарамети жеткен жок.
1998-жылкы мундиалда дал Франция жарым финалда Хорватияны үйүнө узаткан. “Эми бул үчүн финалда жооп кайтаруу керек” деп белгиледи беттешкен соң Хорватия машыктыруучусу Златко Далич. ФРАНЦИЯ – ХОРВАТИЯ. КИМИСИ ЧЕМПИОН АТАЛАТ?
Франция мундиаль башында эле фаворит саналып келсе, Хорватия сенсация жаратты. Финал алдында эки команданын мүмкүнчүлүктөрү дээрлик бирдей болуп калат. Себеби финал бир эле оюн. Оюн тагдырын бир эле сокку же калыстын бир чечими чечип коюшу мүмкүн. Эки команданын футболчуларына келсек, Антуан Гризманн чыныгы команданын лидери экендигин тастыктап койду. Ал эми Лука Модрич бул мундиалдын мыкты оюнчусуна башкы талапкер болуп жаткан чагы. Финалда эки футболчунун кимиси татыктуу оюн көргөзсө, Дүйнө кубогу ошол командага тиет өңдүү.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg