Роза Отунбаева: “КОНГАНТИЕВДИН ИШИН ЖАЙКЫ ӨРГҮҮ МААЛЫНДА АКЫРЫН ЖААП КОЮУ ТУУРА ЭМЕС, СОТТУН ЧЕЧИМИ ГАНА АНЫН ТАГДЫРЫН ЧЕЧИШ КЕРЕК”

10-июлда саясатчы Азимбек Бекназаров Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганын кескин сындап, бул тууралуу 7-Апрель революциясынын шарапатында бийликке келген экс-президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков пикирлерин айтып чыгышы керектигин белгилеген. Эртеси күнү Отунбаева бул боюнча өз пикирин билдирди.

“Канча жыл өтсө да 2010-жылы апрель айында Таласта болгон окуянын себебин баарыбыз билишибиз керек. Ошол кездеги окуялар түрдүү документтерде жашырылганы шексиз, бул суроолор ошол тарыхый окуяларды эскерүүдө көтөрүлгөн. Конгантиевдин ишин жапкандар артык кылам деп тыртык кылды. Биздин революциялар жөнүндө кеп кылып жатып, “жамандыкты унуткан жакшы, ал артта калсын жана кайталанбасын” деген болбойт. Кайталанышы мүмкүн, анткени окуя иликтенген эмес жана андан сабак алынган жок”.

Экс-президент журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү, журналист Сыргак Абдылдаевдин ур-токмокко алынышы, президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү, генерал Исмаил Исаковдун камалышы сыяктуу окуяларды эске салып, Таластагы окуяда ошол кездеги ички иштер министри Конгантиев катуу жабыркаган үчүн гана суракка алынбай, тергөө иштери жүрбөгөндүгүн билдирди.

“Бирок, көрсө, убакыт текке кетиптир. Коомчулук жаңы бийликтен мурдагы бийликтин тушунда козголгон чуулуу кылмыш иштери боюнча реакциясын күтүп жатканда, баарыбызды ЖЭБ боюнча коррупциялык чууга тартып кетти. Ушундай кырдаалда “эл чыдап унчукпайт” деп Конгантиевге козголгон кылмыш иши сотсуз жана тергөөсүз кыскартылды. Конгантиевдин иши 2010-жылдагы Апрель окуясынын, Таластагы окуялардын тамырына жана себебине жол ачып берет. Конгантиевдин иши боюнча соттук иликтөө жүрүшү керек жана соттун чечими гана анын тагдырын чечиш керек. Республиканын саясий тарыхында коомдук мааниси жогору болгон ишти өргүү мезгилинен пайдаланып акырын жаап коюу туура эмес",- деп билдирди Отунбаева.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан