13-июлда Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселесин карамакчы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматов билдирген. Анын айтымында, мэрдин айланасында болуп жаткан акыркы окуялар буга себеп болгон. Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында УКМК "Дастан" ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган кезде сатып алуулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле 7-июль күнү УКМК тарабынан Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов "жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген" деген айып менен камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.
12-июлда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы Албек Ибраимов 10-июлдан баштап эмгек өргүүсүнө чыккандыгын жарыялады. Бирок ал кайсы жакта экендиги айтылган эмес. Мындан улам социалдык түйүндөрдө "Албек Ибраимов качып кетти" деген сөздөр айтылып, талкууга алынып баштады.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg