МОСКВА СОТУ КЫРГЫЗСТАНДЫК ТАКСИСТТИ АБАКТА КАЛТЫРДЫ

Москванын шаардык соту футбол күйөрмандарын жөө жүргүнчүлөр жолунда сүзүп кеткен таксист Чыңгыз Анарбек уулун абакта калтыруу боюнча Таган райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

16-июнда Москванын Ильинка көчөсүндө мексикалык футбол күйөрмандарын кыргыз таксисти сүзүп кетип, Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси – “Жол эрежесин бузуп, натыйжада адамдын ден соолугуна залака келтирүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Кырсыктан сегиз адам жабыркап, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткенин моюнга алган. Сотто Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ал 20 саат уктабай жүргүнчүлөрдү ташып иштегенин жана мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан. Окуядан кийин Москванын Таган райондук соту Чыңгыз Анарбек уулун эки айга, 16-августка чейин камакка алган.


Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан