БИР БҮРКҮМ. ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА КҮНДҮЗҮ ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ...
2018-жылдын башынан бери өлкө аймагында 57 киши СУУГА ЧӨГҮП каза болду.
Бишкекте манасчы ЖУСУП МАМАЙдын 100 жылдыгына арналган эстелик тургузулат.
Жарандык активисттер күзүндө СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВдон жылдык отчёт талап кылышат.
III Дүйнөлүк КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ачылыш жана жабылыш аземинин билеттери сатыкка чыкты. Ачылыш аземине билеттер 400 сомдон 4900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземи 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылат.
1-сентябрга чейин ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейинки убакта Кыргызстандын жолдорунда жүрүүгө тыюу салынат.
Хан-Теңири тоосунда аскердик тик учак КЫРСЫККА КАБЫЛЫП, 4 киши жарадар болду.
Кыргызстандагы 14 чарба кокон гиласты Кытайга ЭКСПОРТТОЙТ.
ГУЛАМЖАН АНАРБАЕВ Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Калкты жана ТУРАК ЖАЙДЫ КАТТООГО АЛУУНУ 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүү пландалууда.
2018-жылга карата Мамлекеттик БААЛУУ КАГАЗДАРДАН казынага түшкөн киреше 12 миллиард 16 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
2018-жылдан тарта өлкөдө малдардан 27 КУТУРМА ООРУСУ аныкталган.
11-июль күнү Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен ЖЕР ТИТИРӨӨ орун алды. Силкинүү Токтогулдун Көк-Бел айылында 3,5 балл, Токтогул шаары менен Торкент айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 балл болуп сезилген.
Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдын 1-жарым жылдыгына карата өлкөдөгү орточо АЙЛЫК АКЫНЫН ӨЛЧӨМҮ 15 миң 397 сом (чакан ишканаларды эсептебегенде) деп жарыяланды.
«Манас» эл аралык аба майданы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1 МИЛЛИОН 660 МИҢ 875 КИШИНИ ТЕЙЛЕГЕН.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.