Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат
КОЙ (21.03-20.04)
Апта сизден сабырдуулукту талап кылат. Достор жана өнөктөштөр менен алака кылууда токтоо болбосоңуз катуу айтышуулар күтүлөт. Жубайыңызга, балдарыңызга да аяр мамиле жасаңыз. Дем алыш күндөрү баары өз нугуна түшөт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрүнөн мүмкүн болсо оолак болуңуз. Алардын бул аптада мүнөздөрү өзгөрүп турмакчы. Катуу айтып, кагып коюулары мүмкүн. Жеке иштериңизде, үй-бүлө мүчөлөрүндө көйгөйлөр жаралат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Башка шаардык тааныштардан, текшерүүчү органдардан айланып өтүүгө аракет жасаңыз. Алар агрессивдүү маанайда болушат. Көйгөй жаратса акча берип кутулуңуз. Тирешүү жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Жакындарыңызга катуу айтпаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада акча муктаждыгы күчөйт же чыгымга учурайсыз. Жеке буюмуңузга, капчыгыңызга сак болуңуз. Уурулар, шылуундар активдешет. Акчага байланыштуу чыр чыгышы мүмкүн. Ишемби, жекшембиде көнүлүңүз көтөрүлөт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сизди бул аптада “драмалык күндөр” күтөт. Уруш болгон жерде сиз күнөөлүү болуп чыгасыз. Токтоо болуп, катуу кетпеңиз. Акчаны туура бөлүштүрүп, ашыкча чыгымдарга жол бербеңиз. Майлуу тамактардан, ичимдиктен алыс болуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бирге иштешкендерге кылдат мамиле жасаңыз. Болбосо пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда, чарба иштерин жасоодо абайлаңыз. Жаракат алып калууңуз ыктымал. Жашыруун нерселер ачыкка чыгат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Балдарга байланыштуу көйгөйлөр чыгат. Аларга көңүл буруңуз. Сүйүктүүңүз, дос, өнөктөштөр менен өз ара түшүнүшүүгө жетиңиз. Болбосо чыр чыгат. Дем алыш күндөрү жагымдуу окуяга туш болосуз же колуңузга акча тиет.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жумушка жана жеке иштерди бүткөрүүгө да чуркайсыз. Үй, чарба иштерин жасоодо өрттүн кокустан чыгышынын алдын алыңыз, токтон абайлаңыз. Жакындарыңыз менен кер-мур айтышууга барасыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бир тууган, кошуна жана жумуштагыларга жакшы мамиле жасаңыз. Антпесеңиз чырдын чыгышы турган сөз. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда абайлаңыз. Сиз үчүн кооптуу мезгил. Мыктысынган адамдарга теңелбеңиз, көз жумуп коюңуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Каржы жаатындагы көйгөйлөргө туш болосуз. Анткени киреше азайып, чыгаша көбөйөт. Колдоо керек болсо досторго, өнөктөштөргө кайрылыңыз. Жыйынтыгы сизди кубантат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Агрессивдүүлүктү, физикалык активдүүлүктү ооздуктаңыз. Антпесеңиз көптөгөн жагымсыз нерселерге, кээ бир адамдардын каршылыгына туш болосуз. Колдоону жетекчилик тараптан издеңиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумушуңузду убагында жасап, кийинки аптага калтырбаңыз. Спирт ичимдиктеринен оолак болуңуз. Ден соолукка көңүл буруңуз. Болбосо ооруканага түшүп калууңуз ыктымал. Сырдуу нерселер ачыкка чыгат. Ачууңузду тыйыңыз.