Мезгил үнү
Жыйырма жылдан кийин Ош окуясы экинчи ирет кайталанды. Бул жолку коогалаңдын мурдагыдан айырмасы эмнеде? Жаңжалга кимдер кызыкдар? Кан төгүүгө улуттар аралык чыр-чатак себепкерби же чагымчылардын ишиби?
17-июнь саат 9:00дөгү расмий маалыматтарга караганда, Ош жана Жалал-Абад облусундагы баш аламандыкта 191 киши каза болду. Жаракат алгандардын саны 2000ге жакын. Айрым маалыматтар боюнча, көз жумгандар мындан да көп. УӨнүн төрайымы Роза Отунбаева: “700 киши каза болду десе да ишенмекмин. Анткени көз жумгандарды убагында каттоого мүмкүн болбогондуктан, так санын эч ким билбей жатат”,- деди.
ОШ ОКУЯСЫ:
4-ИЮНЬ, 1990-ЖЫЛ
1990-жылы 4-июнда Ош облусунда өзбек жана кыргыз улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал башталган. Бул өзбектердин “Адолат” жана кыргыз жаштарынын “Ош аймагы” деген биримдиктеринин кагылышуусунан чыккан. Кыргыз жаштары Ош шаарында жер тилкесине ээ болууну каалашкан. Ал эми "Адолаттын" өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында автономия түзүүнү, өзбек тилине статус берүүнү талап кылышкан. Расмий маалыматтарга караганда, Ош окуясында 1200 киши каза болгон(расмий эмес маалыматтар боюнча, 10 миңге жакын адам көз жумган).
ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОКУЯСЫ:
11-12-ИЮНЬ, 2010-ЖЫЛ
Ош шаарында 11-июнга караган түнү агрессивдүү маанайдагы жаштар топтоло баштаган. Алардын колунда арматура, жыгач таяк жана курал болгон. Жаштардын тобу эки улуттун тирешүүсү үчүн туш келген адамдарды мейли өзбекпи, мейли кыргызбы, атып, мекемелердин имаратына жана үйлөргө өрт койгон. Милиция кызматкерлеринин жана окуяга күбө болгон адамдардын айтымында, топту тишине чейин куралданган 5-6 адам жетектеген. Алардын артында 30-50дөй арматура жана жыгач таяк көтөргөндөр жүргөн. Ошондой эле бул топтун ичинде снайперлер да болгон. Бир эле учурда эл арасында “өзбектер атып жатышат, кыргыздар өлтүрүп жатышат” деп таратылган жалган маалыматтар эки улуттун ортосундагы жаңжалдын уланышына себепкер болуп калган.
ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ ОЮНУБУ?Түштүктө башталган кан төгүү ушунчалык тез жана масштабдуу болгондуктан, кагылыштын чыгышына кызыкдар тараптын дыкаттык менен даярданганы байкалат. БУУнун укук коргоо боюнча комиссары Нави Пиллэй дагы түштүктөгү кан төгүү алдын ала уюштурулганын билдирген. Кыргызстан Борбор Азиянын чордонунда турат, ошондуктан дүйнөлүк державалар биздин өлкөгө кызыкдар экенин жашырбай келет. Ага биздин өлкөдө бир учурда Орусия менен АКШнын аба майдандары жайгашкандыгы мисал боло алат. Саясатчы жана дин таануучу Орозбек Молдалиев: “Интернеттеги маалыматтарга таянсак,
"чоң өлкөлөр өз ара сүйлөшүп алып Кыргызстанда жарандык согушту баштоону каалашат. Эгерде ал ишке ашса, мамлекет экиге бөлүнөт" деген сөз чындыкка айлануусу мүмкүн”,- дейт.
11-июнга караган түнү башталган Ош шаарындагы коогалаң Ташкенттеги Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен дал келип калгандыгы жагынан да кооптондурат.
КУРМАНБЕК БАКИЕВ ЭМНЕ ДЕЙТ?
УӨнүн төрайымы Роза Отунбаева "түштүктөгү окуяга экс-президент К.Бакиевдин тиешеси бар" деп билдирүү жасады. Буга Максим менен Жаныш Бакиевдин үнүнө окшош адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүсү факты катары каралышы мүмкүн. Анткени анда июнь айында кайрадан бийликти тартып алуу чаралары жөнүндө сүйлөшүү болгон. Бирок Курманбек Бакиев "бирдеме болсо эле мага шылтай беришет, токтотушпайбы" деп "РИА-Новости" агенттигине билдирген. Саясатчы Марс Сариевдин айтымында, Ош шаарындагы окуя чагымчылардын иши жана ал референдумду үзгүлтүккө учуратууга багытталган.
СЫРТКЫ КҮЧ – ТЫШКЫ БАШКАРУУ
12-июнда Роза Отунбаева түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Орусияга аскердик жардам сурап кайрылган. Бирок Орусиянын президенти Дмитрий Медведев "түштүктөгү окуя бул – өлкөнүн ички чыр-чатагы" деп аскер киргизбөө жыйынтыгына келди. Ал эми эл аралык баяндамачы Аркадий Дубнов Орусиянын аскерлери Кыргызстанга киргизилерине ишенет. “Эгерде Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстанга аскерлерин киргизсе, алар менен кошо тышкы башкаруу кирет”,- дейт О.Молдалиев. Кан төгүү башталганда "Өзбекстан дагы өзбек этникалык топту коргоо үчүн өз күчүн киргизет" деген сөздөр чыккан. Бирок УӨнүн төрайымы Роза Отунбаева Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен байланышканда, ал Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалды туура түшүнөрүн жана ага чейин жабык болгон чек араны ачууга макулдугун билдирген. Эч кандай күч киргизүү жөнүндө сөз болгон эмес.
ЧАГЫМЧЫЛАРДЫН ЖАККАН ОТУН ТУТАНТПАЙЛЫ
Ош жана Жалал-Абад облустарында үйлөр, дүкөндөр, мекемелер жана мектептер өрттөлдү. Оор кырдаалдан пайдаланып, талап-тоноочулар да жүрүшөт. Алар өз элинин байлыгын тоношууда. Эртең эле талкаланган имараттарды оңдоп-түзөөгө туура келет. Ошол талап-тоноочулар “тазалап” жаткан ишканалар мамлекетке салык төлөшөт. Ал каражат пенсия жана жөлөк пулга сарпталат.
Азыр үрөйдү учурган атайын бир кызыкчылыкты көздөгөн ушак-айыңдар көбөйдү. “Күчтүн көбү түштүктө болгондон пайдаланып, бүгүн-эртең Бишкекти басып алышат экен” деген сыяктуу сөздөр айтылууда. Бирок чагымчылардын сөзүнө ишенүү, алардын артынан ээрчүү туура эмес. Алардын сөзүнө ишенгендер анын курмандыгына айланышат. Буга түштүктөгү окуя күбө болду.
Ошондуктан чагымчылыкка жана эмоцияга алдырбайлы. Манас бабабыздан калган Ала-Тоонун тынч болушу жана балдарыбыздын келечеги үчүн өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактайлы.
ТҮШТҮК ОКУЯСЫ: КАНТИП БАШТАЛЫП, КАНДАЙЧА УЛАНДЫ?
11-июнга караган түнү башталган Ош окуясы жана эртеси Жалал-Абад шаарында болгон кагылышуу жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти, миңдеген мекендешибиз жарадар болушту.
Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялардын кыскача хронологиясы:
10-июнь, 2010-жыл
23:00 Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жаштар тобунун арасында жаңжал чыккан.
11-июнь, 2010-жыл
02:00 Ош, Өзгөн шаарларында жана Араван менен Кара-Суу райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилди. Коменданттыкка ИИМдин 1-орун басары Бактыбек Алымбеков дайындалды.
06:45 Түштүктөгү кагылышуунун алгачкы курмандыктарынын саны белгилүү болду. ИИМдин маалыматы боюнча, 4 киши каза таап, 40тан ашуун адам жарадар болгон.
07:30 Ош шаарында жергиликтүү тургундар өздөрү жашаган көчөгө баррикадаларды курушту.
08:00 Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева теле аркылуу элге атайын кайрылуу жасады.
08:15 Ош шаарында облустук филармония, Өзбек драмтеатры, “ОшТВ” телекомпаниясы, “Алай” мейманканасы жана типографиянын имараты өрттөнгөн.
10:00 Ош шаарында жаратылыш газын берүү токтотулду.
14:00 Оштун чет жакасында жайгашкан Фуркат айылында кагылышуу болду. Анда Ош шаардык Кеңешинин депутаты Аскар Шакиров өлтүрүлдү.
14:30 Ош мэриясынын суранычы менен жергиликтүү “ОшТВ”, “МезонТВ”, “Пирамида” жана DDD телеканалдары берүүсүн токтотту.
19:30 Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Исмаил Исаков Фуркат айылына келгенде чогулган эл курал берүүнү талап кылды.
12-июнь, 2010-жыл
09:05 Түнү менен Ошто талап-тоноочулук болду. Араван районунда Ички иштер министрлигинин райондук бөлүмүнө кол салышты. Андан сырткары Кара-Суу районунда дүкөндөр талкаланды.
10:30 Жалал-Абад губернаторунун биринчи орун басары Жумагул Эгембердиев облуста кырдаал тынч экендигин маалымдады.
17:00 Оштун мэриясы нан бышыруучу жайларды иштетип, шаар ичинде элге нан таркатууга өттү.
17:50 Жалал-Абадда ок атышуулар болуп өттү.
18:30 ИИМдин академиясы, Нарын жана Талас облустарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 4 учак менен улуттар аралык жаңжалды токтотуу үчүн Ош шаарына жөнөтүлдү.
21:05 Жалал-Абаддын К.Батыров атындагы Кыргыз-Өзбек университети өрттөнө баштады. Жалал-Абадда курман болгон алгачкы 6 адам жөнүндө маалымат таркады.
21:30 Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп Өмүрбек Суваналиев дайындалды.
21:40 Белгисиз адамдар Жалал-Абад шаарындагы аскердик бөлүктү басып алышып, курал, форманы алгандан тышкары БТРди айдап кетишкен.
23:35 Жалал-Абадда ЖТР компаниясынын имаратын өрт чулгады. Ушул убакка чейин милиция кызматкерлери аталган шаарда көрүнө беришпеди.
13-июнь, 2010-жыл
02:00 Ошто белгисиз адамдар “Өзбекстан Кыргызстандын аймагына аскердик күчтөрүн киргизип жатат” деген маалымат таркатышты.
09:00 Буга чейинки эки түнгө салыштырмалуу Ош шаарында бул түн тынч өттү.
10:00 Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка облустарында карапайым калк түштүккө гуманитардык жардам чогулта баштады. Ушул эле күнү учак менен 50 тонна азык-түлүктүн алгачкы партиясы Ошко жеткирилди.
10:45 Жалал-Абад шаарынын ипподромунда 2000ге жакын жаштардын чогулгандыгын шаардын мэри Максатбек Жээнбеков билдирди.
15:30 “Ош шаарынын Жийделик жаңы конушу жана ХБК районунун аксакалдары кезигип, жарашууга макулдашышты”,- деп Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кабарлады.
17:45 Ошто ок атышуу токтоду. Мэриянын маалыматы боюнча, миңдеген адамдар гуманитардык жардам көрсөтүүнү сурап, коомчулукка кайрыла башташты.
18:00 Жалал-Абад шаарында кыргыздарды да, өзбектерди да атып жаткан беш-алты топ бар экендиги аныкталды. Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Кубатбек Байболов кыргыздардан, өзбектерден турган элдик кошуун түзүүнү сунуштады.
19:00 Базар-Коргон районунун Ички иштер бөлүмү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда белгилүү адамдардын тобу келип, токмоктой баштаган. Милиция кызматкерлеринин айтымында, алардын арасында снайперлер да жүрүшкөн.
21:30 Жалал-Абад шаарынын Красин көчөсүндө жайгашкан №8-орто мектептин имараты өрттөлдү.
23:30 Комендант Бактыбек Алымбековдун айтымында, кагылышууда Кара-Суу районунун Ички иштер бөлүмүнүн начальниги каза болду.
14-июнь, 2010-жыл
08:05 Республиканын жөнөкөй жарандарынын, мекемелер жана уюмдардын каражатына алынган азык-түлүк, дары-дармектен турган кезектеги гуманитардык жардам Ошко жөнөтүлдү.
11:10 Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 2000ге жакын адам чогулду.
12:00 Оштун Он-Адыр, Нариман жана аэропортко жакын айылдарында жашаган эл жарашуудан баш тартып, айылдын жака-белине жакындагандарга ок атышты.
13:00 Жалал-Абад шаарындагы бир канча кафе, дарыкана жана дүкөндөр өрттөлдү.
15:30 Ошто троллейбустар токтогон жайдагы 30 тонна күйүүчү майдын запасын белгисиз адамдар басып алышты.
22:40 Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна милиция кызматкерлери менен УӨнүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев барып түштү.
23:00 Ош шаарында буга чейин эки улуттун өкүлдөрү тарабынан барымтага алынган кишилерди алмаштыруу башталды.
15-июнь, 2010-жыл
08:30 Ош жана Жалал-Абад облустарында буга чейинки күндөргө салыштырмалуу түн тынч өттү. Ош шаарында, Фуркат жана Нариман айылдарында гана кырдаал башкарууга алына элек. Ал эми Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун айтымында, Жалал-Абадда кээ бир дүкөндөр иштей баштады.
11:00 Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 2000ге жакын тургундары Өзбекстан менен чектешкен чек ара постунан кайтып келишти.
11:30 Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү тазалана баштады.
14:50 Жалал-Абад шаарында гуманитардык жардам таратыла баштап, ар бир үй бүлөгө 2 кг ун жана 1 бөтөлкө суу берилип жатты.
15:30 Ош шаарындагы кээ бир райондордо гуманитардык жардам көрсөтүлө баштады.
16-июнь, 2010-жыл
09:00 Ош жана Жалал-Абад облустарында түн тынч өттү. Укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштургандар кармалууда.
12:30 Жалал-Абад шаарынын “Спутник” районунда гуманитардык жардам таркатылды. Ош шаарында да гуманитардык жардам берилип, тамак-аш таркатылууда. Кыргыздар жана өзбектер бири-бири менен азык-түлүк бөлүшүүдө.
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Көптөгөн ММКлар алгач окуянын чоо-жайын толугу менен түшүнбөй, “улуттар аралык кан төгүү болуп жатат” деген маалымат таркатышты. Биз Жалал-Абад жана Ош шаарында жүргөн көз карандысыз кабарчы Улар Оморов менен кабарлашканда, ал эки тарап тең улуттар аралык жаңжал эмес экендигин түшүнүшкөндүгүн билдирди. Анын айтымында, кыргыздар дагы, өзбектер дагы кандуу кагылышууну чагымчылар уюштурганын так билишти. Анткени куралданган топтор кыргыздарга да, өзбектерге да ок атып, абалды курчутушкан. Ушуга окшош эле маалыматты УӨ да таркатууда.
Сүрөт жана хронологиялык маалымат интернет булактарынан алынды.
Эльвира Караева
koom@super.kg
КЫРГЫЗСТАНДЫН БҮТҮНДҮГҮН САКТАП КАЛУУ ҮЧҮН
КАНДАЙ АРАКЕТ КЫЛУУ КЕРЕК?
Айзада,
32 жашта, лаборатория адиси:
– Элибиздин бүтүндүгү өзүбүздөн көз каранды. Кыргызмын деген атуул акчага сатылып, чагымчыларга алданбаса, биздин биримдигибизге жарака кетпейт. Анан Бакиевге окшогон саткындарды кармап, элдин алдында жазасын бериш керек.
Таалай,
24 жашта, студент:
– Улуттардын биримдигин кетирип жаткан чагымчыларды жазалоо керек. Чыныгы элим деген патриотторго бут тосууларды азайтуу кажет. Эл ичинде биримдикке чакырган үгүт иштерин көбөйтүү, бул багыттагы плакаттарды илүү зарыл.
Гүлмира,
44 жашта, сатуучу:
– Өлкөнүн бүтүндүгүнө акчага сатылгандар, бузукулардын тилине киргендер жана мародёрлукка баргандар шек келтиришүүдө. Аларды соттоо кажет. Өлкөнүн биримдигин сактап калууну түшүндүргөн үгүттөрдү көбөйтүү зарыл.
Таалай,
38 жашта, айдоочу:
– Атайылап улуттар арасына от жагып жаткандарды, бийликти көздөп кан төгүүгө аралашкандарды өлкөдөн айдап чыгуу керек. Ар бир кыргыз элим, жерим деп күйүп, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн колунан келген салымын кошуусу кажет.
Атыркүл,
62 жашта, пенсионер:
– Кыргыз эли кыйын кезеңдерде деле биримдик менен баарын жеңип келген. Болгону, учурда Убактылуу өкмөткө баш бербей жаткандар көп. Темирдей тартип жетишпегенден улам башаламандыктар чыгып жатат деп ойлойм.
Адилет,
17 жашта, окуучу:
– Өлкө башында тургандарга элдин ишеними кетип калбадыбы. Ошондуктан ар ким өз билгенин кылып жатат. Андыктан элди ойлогондорго колдоо көрсөтүп, жеп-ичкендерди сөзсүз түрдө жазалоо кажет.
Айнура,
53 жашта, мугалим:
– Бири-бирин алдап, акча менен бардык маселени чечип, ыймандан кеткендер көбөйүүдө. Алар менен күрөшүүнү күчөтүп, идеологиялык иштерди оң жолго коюу керек.
Бахияна Сатылганова