МУЗДАК ЧАЙЛАР

Учурда жайдын аптаптуу убагы. Суусап, улам бир нерсе менен суусунду кандыруу менен алекпиз. Андыктан суусундуктарды сатып алып отурбай, муздак чайды үйдөн жасап алууну сунуштайбыз. Мындай чайлар организмге зыян келтире турган даам жана жыт берүүчү кошулмалары жок болгондугу, суусунду мыкты кандырганы, сергиткендиги менен артык.

КУЛПУНАЙ МЕНЕН ЧАЙ

Керектелүүчү азыктар:

Кургак кара чай – өлчөмү каалоого жараша

Суу – 1,6 литр (1,5 литри чайды демдөөгө, 100 миллиграммы кулпунай үчүн)

Кулпунай – 350 грамм

Кумшекер – 3 аш кашык

Райкан, муз – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • 1,5 литр сууну кайнатып, ага кара чайды салып демдеп, чай муздасын үчүн коюп коёбуз.
  • Идишке кулпунайды, кумшекерди салып, үстүнө 100 миллиграмм сууну куюп жай отко коёбуз. Мынча өлчөмдөгү кумшекер менен чай бир аз таттуу болот. Эгер көбүрөөк таттуу болсун десеңиз дагы кошуңуз. Суудагы кумшекер эрири менен идишти оттон чыгарабыз. Кулпунайдын үстүнө райканды кошуп аралаштырып, муздагыча коюп коёбуз. Муздаганда райканды алып салабыз.
  • Башка чоңураак идишке муздаган кара чай менен муздаган кулпунайлуу сиропту куябыз. Идиштерге чайды куюп, муздан салабыз.


МАЛИНА МЕНЕН ЧАЙ

Керектелүүчү азыктар:

Газдалган суу – 2 стакан

Суу – 500 грамм

Кургак кара чай – 2 чай кашык

Малина – 2 стакан

Кумшекер – каалоого жараша

Лайм, жалбыз – каалоого жараша (кооздук үчүн керек)

Даярдоо ыкмасы:

  • Малинаны блендерде майдалап алуу керек (кол менен эзсе деле болот). Каалоого жараша кумшекер кошуп аралаштырып, муз үчүн чыгарылган калыптарга куюп, тоңдургучка салып тоңдурабыз. Газдалган сууну муздаткычка салыңыз.
  • Сууну кайнатып, кургак чайды салып демдеп коёбуз.
  • Графинге муздак чайды, муздак газдалган сууну куюп, үстүнө тоңдурулган малинадан салабыз. Стакандарга куюп узата берсеңиз болот.


    АЛМА-ЖАЛБЫЗ ЧАЙЫ

    Керектелүүчү азыктар:

Кургак көк чай – 1 чай кашык

Кумшекер – 2-3 аш кашык

Лимон – 1 даана

Алма (таттуу сорту) – 2 даана

Суу – 1литр

Жалбыз, муз – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • 2 алманы жууп, данектерин чыгарып, кесимдерге бөлүп кесебиз. Жалбыздын жалбырактарын кол менен бир аз ушалап жытын чыгарабыз. Лимонду жууп, кесимдерге бөлөбүз.
  • Чоң чайнекке кесилген алмаларды, лимонду, жалбызды, чай, кумшекерди салып, үстүнө кайнаган сууну куюп 20-30 мүнөт демдеп коёбуз.
  • Чайды сүзүп алып, графинге куюп, үстүнө муздан салабыз. Чайды стакандарга куюп, дасторконго бере бериңиз.



АПЕЛЬСИН, ЛИМОН МЕНЕН ЧАЙ

Керектелүүчү азыктар:

Кургак кара чай – 1 чай кашык

Апельсин – 1 даана

Лимон – жарым даана

Жалбыз – каалоого жараша

Бал (же кумшекер) – каалоого жараша

Суу – 300 грамм

Даярдоо ыкмасы:

  • Цитрустарды жакшылап жууп, үстүнө кайнак суу куябыз. Аларды алып чыгып кургата сүртүп, кабыктарын аарчыйбыз. Бир идишке апельсиндин жана лимондун ширесин сыгып алабыз.
  • Идишке цитрустардын кабыктарын, жалбызды жана балды салып, үстүнө суудан куюп отко коёбуз. 5 мүнөт кайнагандан кийин лимон менен апельсиндин ширесин кошобуз.
  • Баары чогуу бир мүнөт кайнаган соң чыгарып, үстүнө кургак чайдан салып демдеп, муздаганча коёбуз.
  • Муздаганда сүзүп, иче берүүгө болот.

ЭСКЕРТҮҮ: Кичине балдарга, тамак оорусу (анын ичинде ангинасы) барларга муз кошуп берүүгө да, өтө муздак кылып ичүүгө да болбойт! Кант диабетинен жабыркагандарга да таттуу суусундуктар сунушталбайт. Уролог илимпоздор чайды өтө көп ичүү бөйрөктө ташты пайда кылуусу мүмкүн деп эскертишет!


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
engel
2018-07-24 13:51:14
Уят эле конечно билбегеним бирок жалбыз деген эмне?
+2
din_tomas
2018-07-24 13:56:46
engel, эч нерсе эмес, кечиримдүү))
Жалбыз-Мята
+6
nur1975
2018-07-24 16:24:33
эн жакшы кенештер , рахмат супер
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан