Баткенде бир тургундун токолу байбичесин өлтүрүүнү көздөп, иче турган кофесине сымап кошуп берген. Бактыга жараша, байбиче аман калган. Жакында сот байбичесин өлтүрүүгө аракет кылган аялды 9 жылга эркинен ажыратты.ӨЛТҮРҮҮГӨ СЫМАП СЕБЕП БОЛМОК
Жогорку Соттун берген маалыматына караганда, окуя төмөнкүчө болгон. Ош облусунун Кара-Суу районунда 1982-жылы туулган Мамурахон Кучкорова аттуу жаран 2011-жылы Зайырбек (аты өзгөртүлдү) аттуу Баткендин Кадамжай районунун тургунуна экинчи аял болуп нике кыйдырып турмушка чыгып, чогуу жашап жүрүшкөн.
2014-жылдын 31-декабрында экинчи аялы дасторкон даярдап, күйөөсүн, анын биринчи аялын жана алардын уул-келинин, кайненесин Жаңы жыл майрамын тосуу үчүн конокко чакырган. Дасторкон үстүндө майрамдап отурушканда, Мамурахон күйөөсүнүн биринчи аялы Салиханы (аты өзгөртүлдү) өлтүрүү максатында «кан басымыңыз түшүп кетпеши үчүн сизге кофе даярдап берейин» деп жанаша бөлмөгө чыгып, дене тапты өлчөөчү градусникти сындырып, анын ичиндеги сымапты кружкага салып, кофе даярдап Салихага берген. Бактыга жараша, Салиха сымапты байкап калып, аман калган.
Бул маалымат милицияга жетет. Жыйынтыгында Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү бул иш боюнча алгач Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, кийин ал 28-97 (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) беренеси менен алмашкан. Ош облустук
ИИБинин эксперт-криминалистика бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, жабырлануучунун кружкасынан табылган зат салмагы 1,08 грамм болгон сымап экендиги аныкталган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу Салиха сымапты ичкендин натыйжасында катуу ууланып денесинен оор жаракат алганы аныкталган.
«ҮЧӨӨБҮЗ ЧОГУУ АЖЫГА БАРЫП КЕЛГЕНБИЗ»
Жабырлануучу Салиха сотто төмөнкүчө көрсөтмө берген:
-Жолдошум менен бирге нике кыйып жашаганыбызга 29 жыл болду. Ортобузда 3 балабыз бар. Күйөөм Кадамжай районунун Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарында соода кылат. Ал Кара-Суу районунун жашоочусу Мамурахон Кучкорова менен базарда бирге соода кылып жүрүп таанышып калыптыр. 2011-жылы ажыга барууга даярданып жүргөндө экөөнүн жакын мамиледе экендигин билип калдым. Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп, жыйынтыгында жолдошум Мамурага да нике кыйдырды. Андан кийин үчөөбүз чогуу ажыга барып келгенбиз. 2012-жылдын кышынан бери Мамура биз салган үйдө убактылуу жашап жүргөн.
2014-жылдын 31-декабрында өзү убактылуу жашап жүргөн биздин үйгө Мамура Жаңы жылды бирге тосуу үчүн үй-бүлөбүздүн баарын чакырган. Ал жакка мен, жолдошум, кайненем, эки уулум, келиним, кызым, күйөө балам жана кызымдын кайненеси болуп чогуу бардык. Кызым, күйөө балам, алардын апасы түнкү саат 10дордо кетип калышты. Биз андан ары да отурдук. 23:40тар чамасында Мамура жолдошума кофе ичүүнү сунуштаганда күйөөм баш тартты. Ошондо Мамура ага лимон менен чай алып келди. Мен да ошол чайдан ичмекчи болгонумда, ал «Сиз ичпеңиз, сизге кофе даярдап келем. Кан басымыңыз төмөн да» деп айтып, арадан 10 мүнөт өткөн соң эки окшош кружкага кофе алып келип, бирөөсүн мага берип, экинчисин өзү ичип отурду.
«КҮЙӨӨМ АЖАТКАНАДАН ГРАДУСНИКТИН СЫНЫКТАРЫН ТААП АЛЫПТЫР»
-Мен кофени ичип түгөткөндө тилиме бир нерсе жармашып калгандай болду. Оозумдагы нерсени колума түшүргөнүмдө, колумдун манжаларынын ортолорунан чачырап кетип, көйнөгүмө тийип төшөккө түштү. Карасам, сымап экен. Сымапты уулум кашык менен топтоп чыныга салып жатканда, жолдошум мага оозумду чайкап келүүмдү айтты. Мен тышкы бөлмөгө чыгып, оозумду чайкап, кайра келдим. Мен чыгып кеткенде Мамура менин кружкамдын ичиндегини өзүнүн кружкасына да куюп, «мына, менин кружкамдан да чыкты» деп келиниме көрсөтүп жатыптыр. Андан кийин Мамура базардан сатып алып келген кофелердин пачкаларынын көбүн ачып көрдүк. Бирок алардын ичинен сымап чыккан жок. Ошону менен саат 12 болуп, балдар салют атып башташты. Мен жарым сааттан кийин үйгө келдим. Мамура үйүндө өзү жалгыз калгандыктан жолдошумду анын үйүнө жөнөттүм. Эртеси күнү эртең мененки саат 8дер чамасында жолдошум мага телефон чалып ден соолугумду сурап, уулумдун кетменди алып келүүсүн айтты. Мен баламды тургузуп жөнөттүм. Көрсө, жолдошум Мамура жашаган үйдүн ажатканасынан градусниктердин сыныктарын таап алыптыр. Андан кийин базардагы дарыканада иштеген аялга телефон чалып сураганыбызда, ал «Толмочунан келген, оронуп алган аял 4 даана градусник сатып алып кетти» деп айтыптыр. Бирок кийин барып сурасак, «Мен анык билбейм. Мага көп адам келет» деп койду. 3 күндөн кийин мен Өзбекстандын Алты-Арык районундагы ооруканага барып ашказанымды жуудуруп, тазалатып келдим. Андан кийин 2015-жылдын 1-июнь күнү Кадамжай шаарындагы ооруканага көрүндүм.
Кадамжай райондук соту Мамурахон Кучкорованы күнөөлүү деп таап, аны 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ал эми облустук сот 9 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылдын 22-майында бул ишти караган Жогорку Сот Баткен облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg