Астра Исмаилова, концерт уюштуруучу: «МЕНИ ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВДУН БУТУН СЫНДЫРТКАН ДЕШТИ»

Койкоюп кийинип алып концерт көргөн кандай жакшы. Көрүп отурган адамга сахнанын артындагы түйшүк, концертти уюштуруудагы кыйынчылык байкала бербейт. Ошондой түйшүктү бир нече жылдан бери көтөрүп, борбордогу, аймактардагы концерттерди уюштуруп, көптөгөн ырчылар менен иштешип келе жаткан Астра Исмаилова менен маектештик.

– Астра эже, саламатсызбы? Концерт уюштуруу өзүнчө эле түйшүк, бул жаатка кандайча аралашып калдыңыз?

– Саламатчылык. Мен Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында окудум. Мектепти аяктаган соң борбордогу Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайына мамлекеттик кызмат факультетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Окуп жүрүп кокусунан эле КТРКга барып, администратор болуп иштеп калдым. 1996-жылы бир тууган таажездем Күмөндөр Абылов циркте 10 күн концерт берди. Ошондо билетти сатып алып, үстүнө акча кошуп сатууну мен биринчи баштадым. Бир жылдан кийин «Кубулжу, менин ырларым» деген телефестивалды уюштурууга жардам бердим. Ошондо концерт уюштуруунун түйшүгүн көрдүм, жон терим менен сездим. Ал кезде шоу-бизнес деген түшүнүк жок эле. Күндүз окуйм, кечинде билет сатам, түнү Пишпек жактагы базарда нан сатам. Ошентип жүргөндө 1999-жылы Сыймык Бейшекеев филармонияда 7 күн концерт берди. Концертте көрүүчүлөр арасында сынак болуп, 7 облустан 7 адам катыштык. Мен Нарындын атынан чыктым. Аягында токтогулдук кыз экөөбүз калдык. Элдин баары «Сыймык токтогулдук, токтогулдук кыз утат» дешти. Кол күрөштөн уттум, жылкынын этинен эмне жасалат деген суроолорго шакылдатып жооп бердим. Нарындык чабандын кызы болсом, мындай суроолорду семичкедей чагам да. Ошентип сынакка коюлган ак боз атты утуп алгам. Ал кезде Күмөндөр жездемдер менен кабаттуу үйдө жашачумун. Алар түштүккө гастролдоп кетишкен. Мен атты үйгө кантип киргизем, эптеп эле сатып салайын деп шаардын сейил багында 3 күн жетелегем. Мал базар бар экенин деле билбептирмин. Эптеп сатып, ошондо 1-жолу колума чоң акча кармагам.

– Анда турмушка чыктыңыз беле?

– Жок, чыга элек болчумун. 2000-жылы Өскөн аттуу жигит Таласка ала качып кетти. Бир жылдан кийин уулубуз төрөлдү. Турмушубуз көпкө созулган жок. Уулумду төрөгөнүмө 3-4 ай болгондо 43 жаштагы апам оорудан каза болуп калды. Апамдын күйүтүн тартып жүрүп эле артынан атам өтүп кетти. Өкүнгөнүм – ата-энем биз жаңыдан боорубузду жерден көтөрүп келе жатканда каза табышты. 8 баланы өстүрүштү, бирок бирибиздин да чайыбызды ичпей кетишти. Ошондо кичүү иним 7 жашта болчу.

Жубайлар ортосунда пикир келишпестиктер көп болот экен. Ошондо кайын журтум тарабынан мага карата «жетим, ата-энесин эрте жутуп алган» деген кептер айтылды. Ошол сөздөргө уугуп, ажырашып кеттим.

– Биринчи уюштурган концертиңиз кайсы болду?

– Сема менен Кундузга администратор болуп 1-концертин уюштурдум. Кайсы жерге концерт коюп барбайлы, аншлаг менен өттү. Ортодо «концерт берем» дегендердин баары менен иштештим. Бир жолку концертте Гүлжигит Сатыбеков келип калды. Ага мен өзүм иштешүү сунушун айттым. Ошентип Гүлжигит экөөбүз 4-5 жыл ийгиликтүү иш алып бардык. Оштогу концертибизде 10-15 билетке мөөр коюлбай калыптыр, ошонун айынан Гүлжигит экөөбүз таарынышып кеттик. Мени аны "караларга" салып берип, бутун сындыртыптыр" деп да чыгышты. Антмек түгүл, жаман-жакшы айтышкан жокпуз. Азыр Гүлжигит үйлөнүп-жайланды, 2 кыздуу болду, аман-эсен. Буту-колу сынбай эле жүрөт.

– Интернеттеги баракчаңызга "бир эркек менен эркекче салгылашам" деп жазып жатасыз, эмне болду?

– Атын айтпай эле коёюн, бир ди-джей жөнүндө жаздым. Ал мени барган жеринде ушактайт. Мен билдирүү жазгандан кийин бирөө ортого түшүп, «Астра, токтот» деди. Ошону менен азырынча токтоп турам, болбосо эркекче эле мушташууга да даярмын.

– Акыркы учурда абак кызматкеринин кийимин кийген сүрөттөрдү илип жатасыз, киного тартылдыңызбы же жумушка орноштуңузбу?

– Кайдагы жумуш, киного тартылгам. Ырысбек Жабиров тарткан тасмада абак кызматкеринин ролун аткардым. Азырынча тасма жарыкка чыга элек. Өзүмдүн ролум аябай жакты. Көргөндөр да «роль өзүңө жарашыптыр» дешти. Камерадан коркпойм, той алып барып тамадалык да кыла коюп жүрбөймүнбү. Ошондон улам берилген ролумду ийине жеткире эле аткардым окшойт.

– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.

«Шоу-бизнеске аралашып, дос, тууган таптым. Мыкты менеджер, мыкты администратор наамын алдым».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
RuslanaG1
2018-07-24 12:12:01
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт, бутун мен сындырган жокмун дейт,мумкун сындыргандыр бир кудай билет, эркектер мн эркекче мушташам дегенине Караганда, анан да гулжигиттин уй булоолук сырын эмнеге ачат начар кыз окшойт оч алыш учун жарыя кылды да, анан да бутун мумкун оч алыш учун сындырткандыр акчасы коп заказ берди да, менин жеке оюм
+10
Snejana
2018-07-24 12:36:04
Ушундай кыздардан корком. Эмнеге? Мындай кыздар тажаал, "уят" дегенди билишпейт. Башкача айтканда, п.... жашайт. Намыс дегенден алысыраак болушат. Жакшы кыз "эркекче салгылашам" деп айтпайт. Кыз деген назиктиги менен айырмаланат. Суйлошкон жигити жок, же куйоого тием" деген ой жок. Мен жон эле ушундай элестетип койдум.
+13
Byrmachach
2018-07-24 13:42:16
Эркекке окшогон аял экен. Бул макаланын артында максаты эмне? Сүйлөгөнү кызыктай экен.
+9
jypara1415
2018-07-24 18:46:56
Byrmachach, Жанынан маектешсен даана кызыктай ...
+5
Tipi17
2018-07-24 13:44:42
Озун ашыкча эле мактап алыптыр го бул айым Гулжигиттин сырын ачып жакшы соз угамын дединби сен бироонун сырын ачсан сенин да сырынды бироо ачат жашоо айлампа экенин унутпасан уюштуруучу айым.
+13
aikokul14
2018-07-24 13:50:09
Үй бүлөөсүн айтпай туура эле кылган,эмне десин анан,кээ бир "жылдыз" болумуштарга окшоп,байпак сатып алса да соц.тармакка жарыя кылбастан жөн тиричилигин кылганы дурус.
+13
aida007
2018-07-24 18:24:47
Уйлонсо эмне экен жашырганда эмне кызык ушул Элдер
+9
Ma9
2018-07-24 19:11:39
Уйлонсо уйлонот Бактылуу болсун озун элге таанытайын деген аялго
+7
patiydin
2018-07-24 19:28:44
Ушул жерге АША менен Соронбай эле жетишпей жатат.
+5
Pandora
2018-07-24 23:53:30
Кыйратып койгонсуп "билети алып устуно акча кошуп сатканды,биринчи мен баштагам"-деп койот.Бироонун сырын не айтат,ХХХХ ХХХХ.
Уй-булосун айтпай рас кылат,бир айттыбы болду кандай анан? Кантип анан? деп суроо кобойот,ага жооп берип уй було сыры ачылат.
+7
admin_media
2018-07-25 12:44:30
Pandora, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
0
aika.ainur1992
2018-07-25 02:18:22
Силерге кандай билбеймго бирок, бул эженин интервьюсун 1 чи жолу окуп жатам. Бул жерден озунун билим денгээли канчалык экенин корсотуптур. Билеттин устуно акча кошуп сатканын мактанып, сыймыктануу мн айтыптырго. Гулжигитке айтпай билеттин устуно акча кошуп сатып же канча билет экенин жашырып айтпаганы учун, экоо урушуп кетсе керек да. Сыртынан карап туруп кандай экенин айтыш кыйын тааныбагандан кийин бирок, кебетесинен жакшы аялдай корунбойтго. Эркектен айырмасы жок экен...
+11
jalguzum
2018-07-25 04:24:40
Ошо билеттин устуно кошуп сатчумун дептир. Опытный болуп калганда кантип иштешти. Гулжигит билип калып анан урушушту да.
+3
AKCAHAT
2018-07-25 12:17:22
Негизи кыргыз шоу бизнесиндеги продюсер аялдар ХХХ ХХХ ХХХ
+4
admin_media
2018-07-25 12:50:20
AKCAHAT, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз.
0
only_progress
2018-07-26 16:31:33
Астранын ошто кыз узатуу тоюнда алып барганын коруп аман эле болсун дедим. Гулжигит Астра менен иштешпей калганы жакшы эле болуптур. Гулжигит эгер окуп калсан Астрадан кутулушун менен куттуктайм.
+2
Tipi17
2018-07-26 20:08:43
only_progress,оой боорду эзесин гоо
+1
fanatka19
2018-07-27 08:50:54
аял алып ак никеден жаралган балдарын сыр кылып, балдарым жок деп интервью бергендеринен эле артистердин эки маскасы бар экенин билсек болот.
-1
adilet17
2018-08-06 08:49:23
fanatka19,Балдарым жок деген эмеско дейм.
0
Tiken
2018-07-28 20:47:00
Молодец Гулжигит аял кишиге жооп айтпай чыныгы эркектик кылыпсын!!!
+1
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан