МУНДИАЛЬ ТАРЫХЫ

КАНТИП ЖАРАЛГАН?
Эл аралык футбол ассоциациясы 1904-жылы түптөлгөндөн тарта Дүйнө чемпиондугун өткөрүү демилгеси көтөрүлүп келген. Бирок колдоо табылган эмес. 1921-жылы Жюль Риме ФИФАнын башчысы болгондон тарта иш ордунан жылган. 1924-жылы Олимпиада оюндары Парижде өтүп, анда футбол мелдешине 22 өлкө катышкан. Ошондон кийин ФИФА футболду Олимпиада менен чектеп коюу мүмкүн эместигин түшүнүп, Дүйнө кубогун өткөрүү демилгеси олуттуу түрдө көтөрүлөт. ФИФА Амстердам шаарында 1928-жылы алгачкы мундиалды өткөрүү чечимин кабыл алган. Чечимге ылайык, мундиаль 1930-жылы Уругвайда өтмөк болот. Кийинчерээк 4 жылда бир өткөрүү чечими киргизилген.

ЧЕМПИОНДОР ТИЗМЕСИ

Дүйнө чемпиондугунун тарыхында 8 команда гана чемпион аталышкан. Алардын арасынан Бразилия 5 жолу, Италия жана Германия 4 жолудан, Аргентина, Уругвай, Франция эки жолудан жана бир жолудан Англия, Испания утушкан.


ДҮЙНӨ КУБОГУ

Дүйнө кубогунун бийиктиги 36,5 сантиметр, салмагы 5 килограмм алтындан жасалып, жалпы 6 килограммдан ашат. Анда FIFA World Cup деген жазуу жана буга чейин чемпион болгон командалардын желектери түшүрүлгөн.


МЫКТЫ БОМБАРДИР

Мундиалдарда эң көп гол киргизген футболчу германиялык Мирослав Клозе. Ал 3 чемпиондукка катышып, жалпы 16 гол жараткан.


ҮЧ ЖОЛУ ЧЕМПИОН

Оюнчу катары үч жолу чемпион болгон бир гана футболчу бар. Ал – Пеле. 1958-жылы, 1962-жылы жана 1970-жылы чемпион аталган. 20 футболчу 2 жолудан чемпион болушкан.



Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2018-07-27 15:18:59
Жакшы
+1
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан