Орусия-2018: ПАРИЖДЕ МАЙРАМ. ФРАНЦИЯ – ЧЕМПИОН!

Зидан жаңы эле 2 гол киргизип, Францияны тарыхта биринчи жолу чемпиондукка жеткирди. Бул 20 жыл мурунку окуя эле. 2018-жылдын 15-июль күнү окуя кайталанды. Дежавю. Франция кайрадан Дүйнө чемпиону!

ФРАНЦИЯ – ХОРВАТИЯ 4:2

Голдор:
Манжукич (автогол) 18,
Гризманн 38,
Погба 59,
Мбаппе 65,
Перишич 28,
Манжукич 69

КОРГОНУУДАН КОНТРЧАБУУЛГА БИР МБАППЕ
Франция бул мундиалда алгачкы беттешинен тарта эле таң калтырды. Алгачкы оюнда топко басым жасап, чабуулду ойлогону Австралия менен ишке ашкан эмес. Ошондо Дешам тактикасын түп тамырынан өзгөрттү. Эми Франция коргонууга көбүрөөк көңүл бөлүп, контрчабуул менен ойноого өттү. Ылдам чабуулга Мбаппе менен Гризманндан башка ылайыктуу футболчулар табылбайт. Бул тактика Перу, Аргентина, Бельгия менен болгон беттештерде жеңиш алып келди. Мындай оюн күйөрмандарга көп жага бербегени менен, башкысы жыйынтык. Ал жыйынтык – жеңиш. Экөөнүн жыйынтыгы финал болду.

СҮЙМӨНЧҮККӨ АЙЛАНГАН ХОРВАТТАР
Хорваттар көпчүлүк күйөрмандардын назарын бура алышты. Назар Хорватия Аргентинаны 3:0 эсебинде утуп алышканда башталган. Плей-офф баскычында балкандыктар чыдамкайлыгын көрсөткөнгө туура келди. Анткени Дания менен да, Орусия менен да пенальти сериясында гана жеңишке ээ болушту. Жарым финалда экстра таймда гана Англиядан жеңишти илип кетишти. Мындай өжөрлүк күйөрмандардын купулуна толбой койбойт. Баса, 1998-жылкы мундиалда Хорватия жарым финалга дейре жетип, анда дал ушул Францияга утулуп калган. Эми 20 жылдан кийин жооп кайтарууга сонун мүмкүнчүлүк жаралды...

ОЮН
Финалдык оюндарда көбүнесе бир гол жеңүүчүнү аныктап коёт. Бирок «Лужники» стадионундагы оюн таптакыр башкача сценарий менен жүрдү. Гризманндын алгачкы эле айып соккудан көтөрүп берүүсү голго айланды. Манжукич өз дарбазасына киргизип алды. Өжөрлөнгөн хорваттар бат эле жооп кайтарышты. Перишич Кантени алдап өтүп, каардуу соккусу менен эсепти теңеп койду. Эми чыныгы футбол башталарда VAR системи жана ортодогу калыс Нестор Питана башкы каарманга айланды. Бурчтан чыгарылып берилген топ Перишичтин колуна тийген, видеокайталоодон соң Питана пенальти деген чечимге келди. Гризманн эсепти бат эле 2:1 кылып койду. Хорватия оюндун ыргагын жоготту.

Экинчи бөлүктө Погба менен Мбаппе айырмаланып, жеңүүчү дээрлик билинип калды. Льористин орой катасынан кирген гол дагы эч нерсе чечкен жок. Питананын ышкырыгы Франциянын чемпиондугун аныктады!

ЖЕҢҮҮЧҮГӨ СЫН ЖУКПАЙТ
Франция чемпион. 20 жылдан соң Зидандын эрдигин Гризманн командалаштары менен кайталады. Чемпиондук бою чабуулга ыктап ойнобогону менен, жыйынтык мыкты болду. Бирок, көпчүлүк серепчилердин айтымында, курамда мыкты чабуулчулар турганда коргонууга ыктап ойноо чемпион команда үчүн эмес. Анткени менен жеңүүчүгө кандай сын айтылбасын ал жуга бербейт.

Хорватия өлкөсү 4 гана миллион калкы бар болгону менен, футболду канчалык жакшы көрүшөрүн көрдүк. Кайсы бир команда кубокту багындырат, а кээ бири күйөрмандардын жүрөгүн. Финалда жеңилип калса да Загребде чемпиондор келгендей эле футболчуларын тосуп алышты. 1998-жылы коло байгеге ээ болушса, 20 жылдан соң күмүш медалга татышты. Эми алтын медалдар алыс эместир...

Мундиаль мыктылары...
«АЛТЫН ТОП» – ЛУКА МОДРИЧ (ХОРВАТИЯ)
Хорватиянын финалга дейре жеткени алардын 10-катар санындагы футболчусунун эмгеги. Лука Модрич. Талаадагы талыкпаган эмгеги, чыгарылган пастары, жаратылган кооптуу абалдары менен финалга чейин эле мыкты болору байкалды. Роналду же Месси дагы эмес, Модрич «акылдуу футболу» менен күйөрмандарды багынтты. Буга кошумча ал 2 гол жаратып, чечүүчү пенальтилерде да таамай болду. Жеңиш даамын жакшы билген «Реалдын» футболчусуна финалда гана ийгилик жылмайбай койду. Карап көрсөк чемпион болгон командадан мыкты футболчу атала элек, 2014-жылы Месси, 2010-жылы Форлан, 2006-жылы Зидан, 2002-жылы Кан, 1998-жылы Роналдо...

«МЫКТЫ ДАРБАЗАЧЫ» – ТИБО КУРТУА (БЕЛЬГИЯ)
Бельгиянын дарбазачысы Тибо Куртуа бир канча оюндарда мыкты сейвдери менен мыкты дарбазачы наамына татыды. Бразилия менен болгон беттеште анын Неймардын соккуларын тоскону эле өзгөчө болчу. Бельгиянын жарым финалга жеткени Куртуанын эмгеги. Франция менен болгон беттеште да мыктылыгын көрсөтүп, бир гана соккуга туруштук бере албай калды. 3-орун үчүн беттеште Англия оюнчуларынын бир канча кооптуу делген соккуларын тосуп кетти.

«АЛТЫН БУТСА» – ХАРРИ КЕЙН (АНГЛИЯ)
Эң талаш туудурган сыйлык Харри Кейнге буюрду. Кейн тайпалык баскычта эле 5 гол жаратып койгон, анын экөөсү пенальтиден. 6-голду Колумбияга пенальтиден киргизди. Андан кийинки оюндарда Кейн «жоголуп» кетти. Маанилүү беттештерде мүмкүнчүлүктөрүн жаза басканы менен, башка футболчулардан эч ким 6 гол көрсөткүчүнө жеткен жок. Пенальти демекчи, аны да тебе билиш керек. Роналду да, Месси да бул мундиалда пенальтиден жаза баспадыбы...

ЖАШ МЫКТЫ ОЮНЧУ – КИЛИАН МБАППЕ (ФРАНЦИЯ)
Чемпион болгон командада бардыгы мактоого татыктуу. Бирок командадан суурулуп чыккандар, албетте, болот. 19 жаштагы Килиан Мбаппе Франциянын "октолгон куралы" болуп, атаандаштардын баш оорусуна айланды. Аны коргоочулар чалып гана токтото алышпаса, эч кимди алдына жеткирген жок. Эгерде ушундай таризде уланта турган болсо келечектеги мыкты футболчулар тизмесинде болорун көргөздү. Кызыгы, Мбаппе Пеледен кийин эле финалда айырмаланган эң жаш футболчу аталды.

КОЛО БАЙГЕ БЕЛЬГИЯДА
Бельгия тарыхында эң мыкты көрсөткүчкө ээ болушту. Жарым финалдарда жеңилип калган Англия менен Бельгия коло медалдар үчүн оюнда кез келишти. Анда бельгиялыктар 4-мүнөттө эле эсепти ачышты. Голдун ээси Мёнье болду. Англия бир канча чабуулдар менен жооп берсе да Азар жана де Брөйне экинчи голду жаратып коюшту. Жыйынтыгында күйөрмандардын купулуна толгон дагы бир команда коло байгеге ээ болушту. Бул Бельгия үчүн чек эмес экендигин алардын башкы машыктыруучусу Роберто Мартинес айтып өттү. Алардын дымагын эми 4 жылдан кийин байкоо керек.

САНДАР МЕНЕН....
Манжукич мундиалдын финалында өз дарбазасына жана атаандашка да гол киргизген тарыхтагы

2-футболчу. Алгачкысы 1978-жылы голланддык Эрни Брандтс болгон.

16 гол. Бельгия бул чемпиондукта эң көп гол киргизген команда.

564 мүнөт. Талаада чабуулчу Жиру жүргөн убакыт. Бул мүнөттөрдө Жиру гол эмес, бир да жолу таамай дарбазага сокку узата алган жок.

Дидье Дешам футболчу катары да, машыктыруучу катары да Дүйнө кубогун уткан 3-машыктыруучу. Буга чейин Франц Беккенбауэр жана Марио Загалло утушкан.

Мундиалда кирген голдордун саны 169 голду түздү. Чемпиондукка катышкан ар бир команда айырмалана алышты.

27 сокку. Мундиалда эң көп сокку узаткан футболчу Неймар болду. Ал 2 жолу гол киргизди.

Иван Перишич бардык оюндарда талаада чуркаган жалпы аралыгы 72 чакырымды түздү.

Мундиалда калыстар тарабынан 24 пенальти коюлду.

27 сейв. Тибо Куртуа жасаган сейвдердин саны 27ни түздү.


МУНДИАЛДЫН БАЙГЕ ФОНДУ:

1-орун: Франция курама командасы – 38 миллион доллар

2-орун: Хорватия курама командасы – 28 миллион доллар

3-орун: Бельгия курама командасы – 24 миллион доллар

4-орун: Англия курама командасы – 22 миллион доллар

5-8-орундар: Уругвай, Бразилия, Орусия жана Швеция курама командалары – 16 миллион доллардан


Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-07-24 10:58:20
Роналду же Месси дагы эмес, Модрич «акылдуу футболу» менен күйөрмандарды багынтты
+6
aiman1983
2018-07-27 10:12:49
16млн доллар деле аз эмес. Орусия азамат.
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан