ТАБИТТЕРИ БАШКА, МАКСАТТАРЫ БИР – «TWICE»ТОБУ

Топ күйөрмандарга көргөндө өзүнчө, укканда өзүнчө, эки ирет ырахат тартууласын деген максатта «Twice» деп аталган. Кореядагы эң популярдуу k-pop топторунун катарына кирген, өспүрүм кыздардын кумирине айланган жылдыздар жашоодо кандай, эмнеге кызыгышат, макала ошол тууралуу.

Түзүлгөн жылы – 2015-жыл, 20-октябрь
Жери – Түштүк Корея

Жанры – Хип-хоп, рэп

Инстаграмдагы окурмандары – 5,8 миллион

РЕАЛИТИ-ШОУДОН ЧЫККАН ЖЫЛДЫЗДАР

2013-жылы «JYP Intertainment» компаниясынын жетекчиси Пак Чин Ён «6mix» аталышындагы топ түзүүгө киришет. Тилекке каршы, ырчы айымдар чекеден топтон чыгып баштаганда долбоор убактылуу токтотулат. Эки жылдан соң кайра «Sixteen» реалити шоусуна 16 талапкер кабыл алынган. 3 ай бою талапкерлер талбай эмгектенип, мыкты делген 6 кыз тандалат. Ошентип мурунку «6mix» тобундагы Наён, Чонён, Чжихёго шоунун жеңүүчүлөрү кошулуп отуруп 9 кыздан турган толук кандуу топ куралат.

«BLACK PINK» КЫЙЫНБЫ ЖЕ «TWICE» ТОБУБУ?

«Twice» менен «Black Pink» тобунун ортосундагы атаандаштык топ түзүлгөндөн тартып токтобой келет. Анткени экөө тең бир убакта негизделип, коомчулукка бирдей тарашкан. Эки топтун бийлеген бийлерин, ырларын салыштыргандар да көп. Топ алгач «Like ooh-aah» аттуу музыкасы менен жанып, көп убакыт өтпөй эле YouTube`дагы дебюттук топтордун арасынан алгачкылардан болуп 50 миллионго жакын көрүүчүгө татыган. Учурда дүйнөдөгү кореялык поп музыканын сүйүүчүлөрүнүн кумирине айланган топтун 10го жакын ыры бар. Былтыр «Twice» тобунун расмий сайтына «Япония өлкөсү көп суммадагы акча сунуштап, топ Кореяны таштап кетет дешет. Ушул маалыматты тактап бергилечи» деген кат келген. Бул маалыматка ырчы айымдар «акча көп болсо эч ким баш тартпайт, бирок, элестеткиле, биз өлкөбүздү кантип таштап кетмек элек?» деп жооп узатышкан.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Топ түзүлгөнүнө бир ай болгондо жалпы суммасы 1,8 миллиард вонго 10 келишим түзүлгөн.
  • «Cheer Up» ыры менен Түштүк Кореянын улуттук музыкалык хит-парадынын 4 жолку алтын медалынын ээси болгон жана 16 жума бою музыкалык чартта биринчиликтен түшкөн эмес;
  • 1 жыл ичинде «Page two» альбомунун 100 миң нускасы сатылып, Кореянын алдыңкы 10 k-pop тобуна кирген;
  • Атайын күйөрмандары үчүн «TwiceTV» реалити-шоусун ачып, ал жактан жашоосундагы кызыктырган маалыматтар менен бөлүшүп турушат.
  • Компаниянын жетекчиси Пак Чин Ён ырчы айымдарга 3 жыл мырзалар менен мамиле түзүүгө тыюу салган. Бул талаптын мөөнөтү бүткөнү менен, айымдардын жеке жашоолору дале тынч.
  • Кореяда эң популярдуу k-pop`чулардын арасында 8-орунда турат.


1. ЦЗЫЮЙ (ЧЖОУ ЦЗЫЮЙ)

Туулган жылы – 14-июнь, 1999-жыл

Туулган жери – Тайвань, Тайвань шаары

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Цзыюй топ ойногонду жакшы көрөт. «Дагы бир жолу жаралсам боюмдун кыска болушун каалайт элем» дейт. Ал 2012-жылы Түштүк Кореядагы «JYP» компаниясына стажировка өтөгөнү келип, 2 жылдан соң «Sixteen» реалити-шоусуна катышкан. Учурда «Twice» тобунун эң кенжеси жана узун бойлуу расмий жүзү. Өзүн «мен Twice» деп тааныштырган Цзыюй башкалардан патриоттуулугу менен да айырмаланып келет. Топтун сулуу жүзү болгону менен, жашоодо тартынчаак. Дахён, Чеён үчөө бир бөлмөдө жашашат. Америка жылдызы Бейонсенин ырларын көп угат.


2. ЧОНЁН (Ю ЧОНЁН)

Туулган жылы – 1-ноябрь, 1996-жыл

Туулган жери – Түштүк Корея, Сувон шаары

Бою – 168 сантиметр

Салмагы – 50 килограмм

Чонён компанияга 2010-жылдан тартып аралашкан. Телефон оюнун ойногондон тажабайт. Анын топтогу кыздардын дене-мүчөлөрүнө суктануу менен караган көз карашы дайым көңүл борборунда. Ал тууралуу интернет айдыңында лесбиянкага шектенткен видеолор жайнап келет. Чонён «20-хит ырыбызды аткарып бүтөрүм менен Range Rover үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болом» деп кыялданат.

Аны «f(x)» кыздар тобунун солисти Эмберге окшоштурушат, бирок күйөрмандары Чонёнду Эмберден күчтүү деп эсептешет.


3. САНА (МИНАТОЗАКИ САНА)

Туулган жылы – 29-декабрь, 1996-жыл

Туулган жери – Япония, Осака шаары

Бою – 168 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Сананын чыгармачылыгы япониялык k-pop топторунун күйөрманы болуу менен башталган. «Sixteen» реалити-шоусунда сахнадан ырдап, бийлеп жана куймак куйганы менен өзгөчөлөнгөн. Сана кай жерде болбосун чүчкүрө берет. Бул адатына кесиптештери да көнүп калышкан. Тил үйрөнүүгө кызыгат.


4. ЧЖИХЁ (ПАК ЧЖИХЁ)

Туулган жылы – 1-февраль, 1997-жыл

Туулган жери – Түштүк Корея, Кури шаары

Бою – 162 сантиметр

Салмагы – 56 килограмм

«Ой позитивдүү болуусу керек» деп жашаган Чжихё «Twice» тобунун позитивдүү лидери. Чыгармачылыкка кадамы 3-классында «JYP» компаниясы өткөргөн сулуулук сынагынан башталат. Сынактан 2-орунду жеңген соң компания менен кызматташып, 10 жыл бою стажёр болгон. Өзүнүн Чжису атын Чжихёго өзгөртүп, 2015-жылы топко расмий түрдө кирет. Чжихё топто 2 артыкчылыгы менен белгилүү: биринчиси – дене мүчөсүнүн төп келишкени, экинчиси – өзгөчө үнү. Твиттерде көп отурат, классикалык музыкаларды укканды жакшы көрөт.


5. НАЁН (ИМ НАЁН)

Туулган жылы – 22-сентябрь, 1995-жыл

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 163 сантиметр

Салмагы – 47 килограмм

«Twice» тобунун эң улуусу. Наён телефон жоготуу боюнча эч кимди алдына салбайт. Баллада, лирика жанрында жазылган музыкаларды сүйүп угат. Өзүн сквиртлге (япон покемону) окшоштурат. Жашоодо гиперактивдүү болгон Наён учурда Кореядагы Конкук университетинде билим алат. Ал тууралуу интернет колдонуучулар «мурдуна пластикалык операция жасаткан» деп мурунку жана азыркы сүрөтүн салыштырып келишет.


6.
ЧЕЁН (СОН ЧЕЁН)

Туулган жылы – 23-апрель, 1999-жыл

Туулган жери – Түштүк Корея

Бою – 157 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Чеён 6-классында Түштүк Кореядагы бий академиясына тапшырып, 1 жыл билим алат. 2012-жылы «JYP» компаниясына чакырылган. «GOT7», «Miss A» топторунун клиптерине тартылган. Америкалык ырчы Жастин Биберди жакшы көрөт. «Дагы бир жолу жаралсам Америкада төрөлүүнү каалайт элем» деп кыялданат. Маанайы жокто жалгыз отуруп алып музыка угуп, кээде ыйлап бугун чыгарып аларын айтат. Ырчы айым бош убактысында сүрөт тартканга да жетишет.


7. ДАХЁН (КИМ ДАХЁН)

Туулган жылы – 28-май, 1998-жыл

Туулган жери – Түштүк Корея, Соннам шаары, Кёнгидо провинциясы

Бою – 164 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Шоколадсыз жашоосун элестете албаган Дахён топтун эң мыкты рэп аткаруучусу. Ал өзүнө көп көңүл бурдурууну жакшы көрөт. Анын эл көзүндө болууну көздөгөн кыялы 6-классында пайда болгон. Ошондон тартып компаниянын стажёру болуп келип, кийин белгилүү k-pop`чулар «GOT7» тобунун «Stop stop it» клибине тартылат. Бош убактысында музыка угуп, пианино ойногонду жакшы көрөт. Анын көзүнүн көрүүсү начар болгондуктан дайыма линза тагынып жүрөт.


8. МИНА (МЁИ МИНА)

Туулган жылы – 24-март, 1997-жыл

Туулган жери – АКШ, Сан-Антонио шаары

Бою – 163 сантиметр

Салмагы – 46 килограмм

Мина сахнада «дерзкая» образы жана сүйкүмдүүлүгү менен кызыгууну жаратат. Бирок жашоодо орой. Минанын чыгармачылыгы балет бийи менен башталган. 11 жыл бою балет менен алектенип, балет жылдызына айланат. Мектеп курагында өзүнүн талантын ача билген Мина апасы менен шаардын дүкөндөрүнүн биринен «JYP» өкүлүнүн көзүнө чалдыгып, чакыруу алат. Минанын бир адаты – эринин, тырмактарын тиштегилей берет, бирок өзү көбүнчө байкабай каларын айткан.


9. МОМО (ХИРАИ МОМО)

Туулган жылы – 9-ноябрь, 1996-жыл

Туулган жери – Япония, Кётанабе шаары

Бою – 167 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Момо 3 жашынан бери бий менен алектенет. Көп убактысы бий студиясында өткөндүгүнө байланыштуу кандай кырдаал болбосун кыймыл-аракет менен түшүндүрөт. Момо ырчы болууну кыялданчу, ага шык берген япониялык ырчы Амуро Намиэ болсо, k-pop жанрына жетелеген Ли Хёринин клиби. «JYP» компаниясы Момону эжеси экөө бийлеп тартылган видео аркылуу тааныган. Бул видеодон кийин дароо эки кыз тең компанияга чакырылган. Тилекке каршы, Момонун эжеси өтпөй калып, Момо алынат. Өзүнүн жөндөмүнө кайдыгер карабаган Момо диета кармап, ден соолугуна да кам көрүүнү жакшы көрөт.


Турсунай Жумадил кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
NURTILEK_KG
2018-07-24 09:53:11
4чу жакты мага
-1
monster_high_98
2018-07-24 10:39:20
Бийлери укмуш го,,,
-1
admin_media
2018-07-24 11:10:05
akusya55, саламатсызбы! Кайрылууңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан