Гойко Митич: «ЭРКИНДИКТИ СҮЙҮП, «КИНОГО» ҮЙЛӨНДҮМ»

Кичине кезиңде көргөн индей уруулары тууралуу кинолор, андагы каармандар жагымдуу сезим калтырат эмеспи. Чингачкук, Бүркүт, Северино сыяктуу баатырларды экранга алып чыккан Гойко Митич сиздин алдыңызда...

Толук аты-жөнү – Гойко Митич
Туулган жылы – 1940-жыл, 13-июнь

Туулган жери –
Югославиянын Лесковац айылы
Билими –
Белграддагы дене тарбия академиясын бүтүргөн
Карьерасы –
Каскадёрлуктан башталган карьерасы актёрлук, режиссёрлук менен коштолуп, азыр театр актёру
Өзгөчөлүгү –
Спорттун дээрлик бардык түрлөрү менен машыккан
Ашканада –
Бардык тамактарды жей берет, ичимдиктен кызыл шарапты татып коёт
Баалаган унаасы –
Чингачкуктун азыркы “аргымагы” – велосипед
Кийими – Ар дайым жынсы кийип жүрөт

АЛГАЧ СПОРТЧУ, АНАН АКТЁР
1960-жылдары “Дефа” аттуу немис студиясы индейлер тууралуу кино тартууну баштайт. Бул тема буга чейин ачыла элек болгондуктан өзгөчө кызыгуу жаратып, ошол кездерде индеомания дүйнөнү каптап турган. Анда югославиялык жөнөкөй жигит Гойко студент эле. Югославияда индейлер тууралуу тасмага дублёр керек экенин уккан студенттер аз да болсо акча таап алуу үчүн кино тартуучу топко келишет. Гойконун ат үстүндөгү трюктары киночуларды таң калтырат. Алар бул жигит кыйын каскадёр гана эмес, жүзү экранга төп келгендей сулуу экенин да байкашат. Америкалык режиссёр Конуэл Уайльд бул учурда Югославияда “Ланселоттун кылычы” аттуу фильм тартууну көздөп жүргөн. Өзү башкы ролду аткарып, Митичти дублёр кылат. Бул чоң ишенимдин белгиси эле.
1964-жылы режиссёр Йозеф Махаттунун чакыруусу менен Гойко “Чоң аюунун балдары” аттуу индейлер тууралуу тасмада башкы ролду ойнойт. Андан соң “Чингачкук – чоң жылан”, “Ак карышкыр” тасмалары тартылат. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан 70-жылдарына чейинки 10 жылдыктын ичинде индеомания өкүм сүрүп, катары менен 15 фильмге тартылган.

ТАМЕКИ ТАРТКАН ТРЮКТУ АТКАРА АЛБАЙ...
Эмне үчүн Гойко тартылган фильмдер популярдуулуктун туу чокусуна жеткен? Эң биринчиден, Гойко өңү гана эмес, дүйнө таанымы, мыйзамды туу тутканы жагынан индей урууларына жакын эле. Югославиянын Лесковац аттуу карапайым айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойгон Гойко буту үзөңгүгө жете электе ат чапканды үйрөнгөн. Чоң энеси экөө токойлордо көп жүрүшчү. Баса, небересинен тамеки тартпоону чоң энеси суранган экен. Бул убаданы Гойко эч качан бузган эмес. “Аскадан дарактын бутагына, жүрүп бараткан поездден атка, кылдай көпүрөдөн көз ирмебей өткөн эпизоддордун баарын дублёрсуз өзүм аткаргам. Ошол татаал трюктардын арасынан канжа менен тамеки тартуу мага өзгөчө оор болду. Тамеки үчүн ролумдан да баш тарта жаздагам”,- деп эскерет Гойко. Ошентсе да өмүрүндө чыныгы индейлер менен жолуккан учурда алардын тамекисин тартуудан баш тарта албаган экен.
Аны Америкага жакын жайгашкан Сиэтл өрөөнүндө жашаган индейлер конокко чакырышкан. Чыныгы уруу башчы индейлердин турмушун мыкты чагылдырганы үчүн Гойкого канаттан жасалган баш кийим берип, өзүнүн канжасынан тамеки тартуусун өтүнгөн. Бул конокту сыйлоо аземинен баш тарткан адам өлүм жазасына туш болмок. Гойко канжаны колуна алууга аргасыз болуп, эки жолу тартып, кайра узаткан. Индейлер Гойкону өз уруусуна кабыл алуу сунушун киргизишкен. Бирок ал сунушту актёр кабыл албагандан кийин сыймык катары ага Карышкыр деген ысымды ыйгарып узатышкан.

ЧАЛМАГА ДА ТҮШПӨГӨН ШАМДАГАЙ БОЛЧУ
Өз учурунун кумири, миңдеген кыз-келиндердин жүрөгүнүн ээси болгон Гойко ушул күнгө чейин үйлөнө элек. Жеке турмушун элдин кызыкдар көзүнөн алыс сактап келген. Бирок анын төш чөнтөгүндө 18 жаштагы кыздын сүрөтү ар дайым сакталып келет. Бул анын кызы – Наталья. Ал атасынын кара чачтарын жана жагымдуу жылмаюусун мураска алган. Гойко эч качан журналисттерге бул сүрөттү тартып алууга уруксат берген эмес. Эмнеге экени да табышмак. Ал эми кызынын апасы тууралуу минтип эскерет:
Өмүрүмдө көп роль аткардым. Бирок мыкты күйөөнүн ролун аткаруу мага буюрбаптыр. Мен Рамонаны көргөндө чыныгы индейлердин сулуусун көргөндөй болгом. Аябай күчтүү сүйүү болчу. Ал кесиби боюнча архитектор. Көз жаш, жаңжал, кызганыч, баары болгон. Кийин гана үй-бүлө үчүн жаралбаган адам экенимди сезип, мени коё берди. Ошентип мен эркиндикти сүйүп, «киного» үйлөндүм десем болот.Жашоодо көп аялга жолуктум. Алардын арасында жылдызы да, саясатчысы да, үй кожойкеси да бар болчу. Бирок өзүңөр көргөндөй, эч ким мени кармай алган жок. Деги эле Чингачкукту ноктолой алган аялзаты болбосо керек. Үй-бүлө үчүн жаралбаганым менен, кызыма татыктуу тарбия бере алдым болуш керек. Эки жашында атка мингенди, лыжа тепкенди үйрөттүм. Азыр мени менен театрда иштейт.
Такталбаган маалыматтар боюнча, «Гойко Митичтин Орусияда да никесиз төрөлгөн кызы бар. Ал кыздын аты – Юля, апасы актриса экен» деген кептер таралган. Бирок Митич Юляны «менин кызым» деп эл алдында эч качан айткан эмес.

АЙЫЛДЫК БАЛА БОЙДОН КАЛГАН
10 жыл бою экрандан түшпөй, элдин жүрөгүнөн орун алган Гойконун мүнөзүн атак да өзгөртө алган эмес. Интервью чанда гана берет. Журналисттерден, жалпы элдин көзүнөн алыс жүргөнгө аракет кылат. Эки бөлмөлүү гана үйдө жөнөкөй кийим менен жүргөн ал бир кезде бүткүл Союз эле эмес, дүйнөнү таң калтырган актёр болгонун өзү да унуткусу келет.

УЧУРДА...
Индей тасмаларынын толкуну токтогондон кийин көп жылдар бою Гойко өзү тууралуу маалымат бергенден баш тартып жүргөн. 2006-жылы гана “Эсперанца” аттуу фильмде Гойко индей адамы эмес, карапайым жумушчунун ролун жараткан. Азыркы учурда Германиянын Бад-Загеберт шаарындагы театрда иштейт. Ошондой эле балдарга арналган фильмдерди тартып, режиссёрлук да кылат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан