ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 23-июлдан 29-июлга чейин


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат


КОЙ (21.03-20.04)
Эс алуу, сүйүү, балдар темасы алдыңкы орунга чыгат. Бул нерсеге байланыштуу чыгашалар да болот. Балдарыңызга керектүү нерселерди алып бергениңиз оң. Айрым маселелериңизди чечүү үчүн кесиптештерге кайрылганыңыз туура болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чарба иштериңизди чечүүдө кээ бир тоскоолдуктар жаралат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен алака кылууда түшүнбөстүктөр болот. Керектүү учурларда колдоо өз балдарыңыз, сүйгөнүңүз тараптан келет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бир тууган, кошуна, досуңуз менен аяр мамиледе болуңуз. Антпесеңиз ортодо түшүнбөстүктөр орун алат. Жаман кабар угасыз. Унаа, жол, документ көйгөйлөрү орун алышы мүмкүн. Каржы, чарба маселелери кайсы бир деңгээлде жакшы чечилет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Каржы жагына байланыштуу көйгөйлөр дагы бир азга созулат. Андыктан сабырдуу болуңуз. Курбулардын көңүлүн эске алыңыз. Жардам керек болсо өнөктөш, жубайыңыз жана бир туугандарга кайрылыңыз. Азыр алар сизге «жок» дешпейт.


АРСТАН (23.07-23.08)
Бул жумада адамдардын каршылыктарына туш болсоңуз капаланбаңыз. Сизге каршы чыккандардын агрессивдүүлүгүнө көңүл бурбаңыз. Бул көйгөйлөрдөн кутулуу үчүн акчанын же кесиптештин жардамына таянганыңыз оң.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада жашыруун душмандар активдешет. Андыктан кыраакы болуңуз. Жашыруун, сырдуу болуп келген нерселер ачыкка чыгат. Жабык типтеги мекемелерге барышыңыз күтүлөт. Ден соолукту сактаңыз. Шашмалыкка алдырбаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дос, өнөктөштөргө дагы да болсо аяр мамиле жасаңыз. Айтышуулар, таарынычтардын болушу күтүлүүдө. Балдарыңызга жана акча жаатына кош көңүл мамиле кылбаңыз. Балдарды таарынтып, акчаны колдон чыгарып жибересиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Өткөн күндөрдөгү жетекчилик, өкмөт адамдары менен болгон түшүнбөстүктөр дагы да уланат. Мүмкүн болсо бул жумада алардан оолак болуу сунушталат. Жеке көйгөйлөр жаралат. Колдоону дос, туугандар тараптан издеңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Башка аймактагылардан, текшерүү органдарынан сак болуңуз. Алардын бул жумадагы сизге болгон көз карашы жакшы маанайда эмес. Сөздөрүнө ишенбеңиз. Күч келген учур болсо көпчүлүккө же жетекчилик тарапка кайрылыңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Акча көйгөйлөрүнүн бүтүшүнө аз калды. Сабыр кылыңыз. Аталган нерселер көйгөй жаратпасын десеңиз, консервативдүүлүктөн арылыңыз. Башка аймактагы өнөктөштөр, текшерүү органдары сиз менен жакшы мамиледе болушат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айрым адамдар менен мамилелер бузулат. Кимдин канчалык күнөөлүү экендиги кийинки аптада билинет. Акча табуу, купуя аракеттерди жасоо жагын унутпаңыз. Ошентсеңиз жыйынтыгы сизди кубантат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумуш, ден соолук жаатына жакшы көңүл бөлүңүз. Кесиптештер менен тирешүүгө барбаңыз. Ашыкча тамактануудан, айрыкча спирт ичимдиктеринен оолак болуңуз. Курбу, өнөктөштөр менен кыйышпас абалда болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан