Арсен, ырчы: «ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ ЖОК ГО ДЕП ШЕКШИЙ БАШТАГАНДА БЕГАЙЫМГА ЖОЛУКТУМ»

15-июль күнү Арсен сүйүктүүсү Бегайымга баш кошту. Ырчы ага-тууганы менен борбордун четиндеги эс алуу жайында кыргыздын салтына ылайык сүйүктүүсүнө сөйкө салып алып кетти. 3 күндөн кийин 18-июлда эки жаштын үлпөт тою борбордо өтүп, куда-сөөк, ага-тууган, кесиптеш, жоро-жолдош эки жашка бата бердик.

– Арсен, куш боо бек болсун, бактылуу бол!

– Рахмат, айтканыңар келсин.

– Интернетке жүктөлгөн видеодон көрдүк эле, Бегайым кыз узатуу тойдо аябай толкунданды окшойт.

– Ооба, Бегайым толкунданды. Кызын турмушка узатып жаткан ар бир эле ата-эненин, туугандардын ичи ачышат болуш керек. Анын үстүнө ал эки эркектин ортосундагы жалгыз кыз. Динара (ред.: Акулова) эжебиз да «Ай кызым, ай, ай кызым» деп ырдап элди жашытып залга Бегайымды алып кирди. Ал «өйдө карасам эле көзүмө жашып турган туугандарым көрүндү, анан мен дагы ыйлап жиберемби деп кармандым» дейт. Негизи чыгармачыл адамдар эмоционалдуу келишет. Ал эмес мен дагы жашыдым.

– Кыргыздын кулак чоюу, калың берүү деген сыяктуу салттары бар, ал салттардан кыйгап өтпөсөң керек.

– Кыз узатуу тоюнда конокко баргандай эле жүрдүм, кулагыма да эч ким тийишкен жок (күлүп). Калың, сеп берүү деген салттар тууралуу сүйлөшүү болду, бирок мен кийлигишкен жокмун. Эки тарап өздөрүнчө сүйлөшүштү. Мен өзүм үйлөнүү тоюн берем, калганын өзүңөр чечкиле дедим.

– Каяктан таанышып калдыңар?

– Мен негизи кээ бир адамдарга окшоп интернеттин артынан кубалабайм. Бегайым ырымды Инстаграмга жүктөп мени белгилеп коюптур. Сени белгиледи деген билдирүү келсе, мага жазган экен деп ойлоптурмун. Чынын айтсам, ошол убакытта «үйлөнүш керек» деп катуу ойлонуп жаткам. «Чыныгы сүйүү негизи барбы, жок го?» деп сүйүүдөн шекший баштаган учурум эле. Буга чейин сүйүү болду, таарынышуулар да болду дегендей. 30 жашка жакындаган сайын үй-бүлө тууралуу катуу ойлонот экенсиң. Ошентип чыныгы сүйүүнү кайсы жерге барбайын издей баштагам. Интернеттен да карадым, эч ким жакпайт деп коюңуз. Бегайымды билдирүү жөнөттү деп түшүнүп, ага кайра жооп жазып жибердим. Түгөйүм болот деп эч ойлогон эмесмин. Ачык эле «үйлөнөйүн деп кыз издеп жүргөм, жолугуп сүйлөшүп көрөлү. Эгер бири-бирибизге жакпасак таарыныч жок» дедим. Жолукканда дароо жүрөккө жакты. Буга чейин кыздар менен таанышканда ачылып-чачылып, ичиме эч нерсе катчу эмесмин. Бегайым менен жолукканда эмнегедир өзүмдү токтоо кармадым. Өзүн алып жүргөнү, мага жасаган мамилеси, баары жакты.

– Дароо эле «үйлөнүүгө кыз издеп жүргөм» деп айтканың кызык экен...

– Жубайым Бегайым да кийин айтып жатпайбы, мен ошентип жазсам ал «аябай наглый экен» деп таң калып нес абалда калыптыр. Ошентсе да жолугушууга келди.

Бардык эле ырчыларды сыртынан таанып, ырларыбызды укчу экен. Анын арасында мен да бармын деп койбоюнбу. Бирок ырчылар менен бир дасторкондо отурам, ырчыга турмушка чыгам деп эч ойлобоптур.

– Өзү эмне менен алектенет?

– Улуттук университетти быйыл аяктады, кесиби боюнча менеджер. Азыр сулуулук салонунда иштейт. Кыздардын каш-кирпиктерин кооздойт.

– Жубайым деген сөзгө көнүп калдыңбы?

– Жок, жубайым деген сөзгө көнө албай жатам. Азырынча сүйлөшкөн кызымдай эле көрүп жатам. Акырындан көнөбүз да.

– Бегайым экөөңөр интервью бергиле десек, макул болгон жоксуң, ишиңе аралаштырууну туура көрбөйсүңбү?

– Кайын журтум «Бегайымды ишиңе аралаштырбай эле коёсуң го» дешти. Менден бирөө бир нерсе суранса мен аны аткарам. Кайра-кайра айттырууну жаман көрөм. Бул менин кайын журтка болгон сыйым деп ойлойм.

– Той жакшы болду, уюштуруу иштерине өзүң чуркадыңбы?

– Тойдун сценарийин түзгөн да, кем-карчына чуркаган да менеджерим Миргүл Эсеналиева. Канча жылдан бери чогуу иштешип, аны менен бир туугандай эле болуп калдым. Өзүм Бегайымга арнап бир ыр жазгам, досторумдун жардамы менен ага клип тарттык, аны жакында көрөсүздөр. Өзүңөр көргөндөй тойдо «Жар-жар» айтылган жок. «Жаным» деген ырымды атайын тойго арнап жаздыргам, ошону ырдап, жубайым экөөбүз бийлеп, тойду ачып бердик. Чынында тойду Таластагы үйдө ага-туугандын арасында берип, борбордо достор менен эле белгилейли дегем. Ойлонуп көрсөм Таласта той берип, кайра Бишкекте той берип, айтор, ызы-чуусу көп болуп кетет экен. Ошентип 500дөй адамды Бишкекте эле тостук. Менин оюмча, конокторго той жакты. Концертте баарына өзүбүз чуркайбыз да. Ал эми той бергенде жардам бергендер өздөрү келишет экен, билет да сатпайбыз. Мага концерт бергенге караганда той берген жакты.

– Бал айын өткөрүү планыңарда барбы?

– Таласка барып, атамдын үйүндө той беребиз. Атама куран окутуп дегендей. Андан кийин кереметтүү Көлүбүзгө барып бир аптага эс алалы деген пландарыбыз бар.

– Жакшы, эс алууңар көңүлдүү өтсүн.

Эки жашты кесиптештери тегеректеп алып ырдашты, бийлешти, сүрөткө түшүштү.
«Кыз узатуу тоюнда досторум Бегайымды роза менен тосуп алышты».


Сүйүн Кулматова
Ренат Төрөмамбетов
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Арсен: “Сүйүү жок деп шекший баштаганда, Бегайымга жолуктум”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Hatali
2018-07-24 09:34:53
Бакыт тынчтыкты суйот .Туура кыласын келинчегини чыгармачылыгына аралаштырбай.
+12
monster_high_98
2018-07-24 10:26:51
Негедир кызы жылдыздуу корунду, бактылуу эле болгула эми,Арсен мындай кийин жеке жашоомду элге жарыялабайм десе андан да бактылуу болосунар
+12
jypara1415
2018-07-24 11:19:42
Бактылуу болгула ! Жубайы бери калып , Арсендин колтугуна кыпчылган кайсы сулуу ? ? ?
+14
engel
2018-07-24 13:46:54
jypara1415, эмнеси болсо да ал сулууга баарыбир окшойт ким каякты карап турат
+7
Byrmachach
2018-07-24 13:47:39
jypara1415,ошо келинде жакшылап карап анан көрбөдүмбү))
+1
ayana16
2018-07-24 22:28:06
jypara1415,Максат Бегалиевдин жубайы.Назгул беле атын унутуп атам.
0
Merelisha
2018-07-24 12:01:31
Бактылуу болгула. Кайын журту туура айтыптыр.
+3
engel
2018-07-24 13:47:39
Туболукко бактылуу болгула! Кооп балалуу болгула!
+2
Sezima89
2018-07-24 14:10:20
Шоумен Бакыт кантет кудай сактаа жаман сүйүнүптүрго
0
LoLoPePe
2018-07-24 14:18:41
Ушул ырчы, негизинен ырчы деп айтууга деле болбойт, эч уну жок, бирок болбойле ырдап журот, тимеле озун укмуш сезет экен, эч ким жакпайт деп кой дегендеби, ошол кыздарга сен жакпай аттында) шота анжелика корунбойт го аны менен мамилеси болбой калганбы.
+2
Paprikafm
2018-07-24 14:44:02
Оа эч ким жакпайт дейт, дагы жакшы келинчегин жактырыптыр, а то дагы жүрмоксүн, бир да ырын билбейт экенмин, короче бактылуу гана болгула
+2
dobrajelatel
2018-07-24 15:54:05
Миргул азамат кыз да. Омардын тоюнда да чуркады эле. Арсендин тоюун да сонун уюштурду.
+2
jumaev0084
2018-07-24 19:01:16
Арсен туфлисин канчага алды деп ойлойсунар
-6
ayana16
2018-07-24 22:30:18
jumaev0084,3 мин сом
-2
jumaev0084
2018-07-24 19:01:58
Арсен койногун канчага алды деп ойлойсунар
-4
monster_high_98
2018-07-25 16:09:20
jumaev0084,Баасын сурап коргуло да озунон
0
Asel33
2018-07-25 10:37:30
Бактылуу болгула!!! Жубайы абдан жакшынакай экен.
0
momuntay
2018-07-25 16:11:45
Арсен озгочолонуп турат башка жигиттерден ( ырчылардан). Тоюн кутуп жургонбуз. Бактылуу болгула. Таалайлуу болгула. Бешик тойлорду бергиле. Кармашкан колунар узулбосун.
+1
Chaki2795
2018-07-29 04:41:57
Эки дүйнөдө бактылуу болгула Арсен, Бегайым.
0
SamulyaAmore2012
2018-07-30 10:24:59
Бактылуу болгула! Ыймандуу уй-булоолордон болгула! Той сырттан эле байкаганда сонун болду!
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан