Бишкек шаардык сотунун чечими менен 18-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды.
2017-жылы президенттик шайлоонун алдында «Исаев шайлоодо Бабанов жеңилип калса баш аламандык чыгармакчы болуп даярданып жатат»,- деген билдирүүлөр менен кошо депутаттын кайсы бир адамдар менен чогуу отуруп сүйлөшкөнү, акча бергени тартылган видео интернетке тарап кеткен. Ал учурда Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду сүрөөнгө алып жүргөн. Видео менен катар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү деп аталган аудиожазуу да интернетке тараган. Анда 3 адам шайлоодон кийин баш аламандык жаратуу үчүн жигиттер изделип жатканы, ири өлчөмдө акча бөлүнгөнү тууралуу ич ара сүйлөшүшөт.
Ошол аудиожазуу жана видеонун негизинде депутат Канатбек Исаев кармалып, камакка алынган. УКМК «президенттикке талапкер Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп Исаев уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, бийликти күч менен басып алмакчы болгон. Ошол максатта атайын жаш жигиттерге акча таратып, чогултуп даярдап жаткан»,- деп айып таккан. Башкы прокуратура 2017-жылдын 30-сентябрында «кылмышка даярдануу», «массалык баш аламандык» жана «бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» беренелери боюнча Канатбек Исаевге кылмыш ишин козгоп, УКМК депутатты камакка алган.
Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Депутаттын баш коргоо чарасы 1-июлда Бишкек шаардык сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылды.
Канатбек Исаев буга чейин дагы бир кылмыш ишинен кутулду. Тактап айтсак, ага 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда «пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган» деп кылмыш иши козголгон эле. Бишкек шаардык соту ал кылмыштын жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти деп 28-июнда токтотту.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg