БИШКЕК МЭРИ АЛБЕК ИБРАИМОВ КАМАККА АЛЫНДЫ

19-июлда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов УКМК тарабынан кармалды. Ибраимов «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде мыйзам бузуулар катталган делинип, ушул жылдын май айында Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон. УКМКнын маалыматынан кийин экс-президент Атамбаев «Мамлекетке миллиондоп пайда алып келип жаткан «Дастан» боюнча Албек Ибраимовду күнөөлөөнү түшүнүү кыйын. Аталган ишкана өлкө тарыхында биринчи жолу үлүштүк киреше алып келген»,- деп билдирүү таратты.

13-июль күнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Өкмөт башчы Мухамметкалый Абулгазиев 19-июлда Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү буйругуна кол койду.

 

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан