Ушул жылдын январь айында Испанияда Борис Матузный аттуу орусиялык крим төбөл кармалып, анын жанынан кыргыз жаранына таандык паспорт табылган. Паспорт мыйзамсыз түрдө Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Калкты каттоо жана паспорт менен камсыздоо бөлүмүнөн берилгендигин ИИМ билдирди. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, аталган бөлүмдүн мурдагы башчысы жана дагы бир кызматкер кармалып, тергөө башталды.
Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. 2013-жылы казакстандык олигарх, эл аралык издөөдө жүргөн Мухтар Аблязовго эки Кыргыз паспорту берилгени белгилүү болгон. 2017-жылы казакстандык кылмыштуу топтун башчысы Рафаэль Бикбаев Москва облусунда кармалып, анын жанынан да жасалма кыргыз паспорту табылган. Ушул жылы тажикстандык Низомхон Жураев аттуу эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкердин жанынан да жасалма кыргыз паспорту табылган. 2016-жылы Стамбул шаарынан жасалма кыргыз паспорттору менен Сауд Арабиясына учмакчы болгон Кытайдын 98 жараны кармалган.
Бир нече жылдан бери чет өлкөлүк жарандардын жасалма кыргыз паспорту менен кармалуу окуялары көбөйүп кетти. Бул тармактагы коррупция качан токтойт? Мындай жагдай улана берсе, кыргыз паспорту чет өлкөлөрдө таанылбайт деп чыгышса кантебиз? Өкмөт ушул кемчиликти качан жоёт?
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg