18-июль күнү Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашов шайланды. Ал шаардык кеңештин 45 депутатынан 44 «макул» деген добуш алды. Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, «Бир бол» жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары шаар башчылыкка Таалайбек Сарыбашовду сунуштаган.
Алгач бул кызматка келиши мүмкүн деп бир нече адамдын аты аталып жаткан. Бирок Сарыбашовго атаандаш болуп эч ким чыгарылбады.
Сарыбашов акыркы 3 жылда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ош облусун жетектеп, көзгө толумдуу иштер, жыйынтыктар менен айырмалана алган жок. Коомчулук анын иш жыйынтыктарына караганда кол чатырды өзү кармабай, жардамчысына карматып, өзү көлөкөлөп отурган сүрөттөрүн эстеп калган. Ошондой эле анын Оштогу технологиялык колледжди аяктаганы боюнча диплому жоголуп кеткени жана Ош мамлекеттик юридикалык институтунун дипломун 9 жылда алганы талкуу болгон. Өмүр таржымалы соодагерликтен башталып базар башчысына чейин жетип, анан аким болгон. Бул кызматтан түз эле Ош облусуна губернаторлукка, 2015-жылы азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ордуна келген.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg