Бүткүл дүйнөлүк банк өлкөнүн ички дүң продукциясынын алкагында 200 өлкө боюнча рейтинг жарыялады. Анда Кыргыз өлкөсү 145-орунда калды. Өлкөнүн 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПсы 7 миллиард 565 миллион долларды түзгөн. Бул рейтингдеги көрсөткүчтү ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөр менен салыштырганда эң төмөн экономика Кыргыз өлкөсүнүкү болуп чыкты. Алсак, Орусия 11-орунда (1 триллион 577 миллиард доллар), Казакстан 55-орунда (155 миллиард 407 миллион), Беларусь 79-орун (54 миллиард 442 миллион) жана Армения 11 миллиард 537 миллион доллар менен 133-орунду ээлеген.
ЕАЭБге киргени 3 жыл болсо дагы өлкөнүн экономикасында жылыш байкала элек. Буга катар өлкөдө миграция жыл сайын өсүп, ушул жылдын 1-июнуна карата Орусияда жүргөн Кыргыз жарандарынын саны 638 миң 735 кишини түзөт. Былтыркы жылга салыштырмалуу кыргыз мигранттардын саны 15 миң 836 кишиге көбөйгөн.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg