БИР БҮРКҮМ. 2018-ЖЫЛЫ 24 ЭНЕ ТӨРӨТТӨН КАЗА БОЛГОН...
Орусия жыл сайын Кыргыз өлкөсүнүн ЖОЖдоруна 2 миңден ашуун ГРАНТТЫК ОРУН бөлөт.
Жыл башынан бери КЫРГЫЗ АВИАКОМПАНИЯЛАРЫ 647 миң 690 жүргүнчүнү ташыган. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.
Жыл башынан бери 54 аскер адамы КЫЗМАТТЫК БАТИРГЕ ээ болушту.
Жыл башынан бери Кыргыз мамлекетинде ТӨРӨТТӨН КАЗА БОЛГОН энелердин саны 24кө жетти.
КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАЙДЫН баасы акыркы 6 ай аралыгында 8,3 пайызга өстү.
Балбан АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА күрөш боюнча Испанияда эл аралык турнирде алтын медаль жеңип алды.
Кыргыз өлкөсүндө катталган КЫЛМЫШТАРДЫН 43,3 пайызы Бишкекте болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургуну КУТУРГАН ИТ ТИШТЕГЕНДЕН улам каза болду.
Жыл башынан бери Кыргыз жерине 121 мекендешибиздин СӨӨГҮ ЖӨНӨТҮЛГӨН.
Чүй ОИИББинин билдирүүсү боюнча, спортчу РУСЛАН АБАСОВдун жана КАМИЛА ДҮЙШӨБАЕВАнын өлүмүнүн бети дале ачыла элек.
Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО UFC уюмунда 8-сентябрь күнү чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөт.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Суран жайлоосуна чагылган түшүп, 44 КОЙ ӨЛДҮ.
Бишкекте КОМСОМОЛ менен ПИОНЕР көлүнө гана түшүүгө расмий түрдө уруксат берилген. Аталган жайларда гана куткаруу топтору иштеп жатат.
Улуттук статистика комитетинин билдирүүсү боюнча 2013-жылдан 2017-жыл аралыгында МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ 47 миллиард 489 миллион сомго көбөйгөн.
Жыл башынан бери ЖОЛ ТАРМАГЫН КАРЖЫЛООГО кеткен каражат 1 миллиард 654 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.