Жакында «Style Mix» тобунун мурунку ырчысы Талас Амантуров сүйүктүүсү менен сүрөтүн, чогуу ырдаган видеолорун баракчасына жүктөдү. Албетте, ырчы мырзанын жүрөгүн багындырган кызга кызыккандар көбөйдү. Андыктан Талас менен байланышканыбызда, ырчы жеке жашоосундагы жаңылыктары менен бөлүштү. Ырчы ал бийкеч менен кафеден таанышканын айтат. «Сүйлөшкөн кызымдын аты Альмина. Айрымдар айткандай ал ырчы эмес, бийчи. Бирок ырдаганга кызыгат. Учурда студент, болочоктогу тиш доктур. Альмина мурунку Жаңы жылда мен ырдаган кафеге курбулары менен эс алганы келиптир, ошондо таанышкам. Азырынча той тууралуу ойлоно элекпиз. Убакыт келгенде баары өзү чечилет эмеспи»,- дейт Талас.