Кыргыз шоу чөйрөсүнүн бойдок мырзаларынын катары акырындап суюлуп баратат. 18-июль күнү «Жебе» тобунун ырчысы Минур да сүйүктүү кызынын колун сурап, «жүрөгү бош эмес» деген статуска өттү. Ырчы мырза бул тууралуу: «Жазгүл экөөбүздүн мамилебизге 3 жылдын жүзү болду. Биздин таанышуубузга социалдык тармактар себепчи болгон. Сүйүктүүмдүн колун суроону көптөн бери ойлонуп жүргөм. Сценарийи баштан-аяк өзүмө таандык жана толук кандуу иш жүзүнө ашты. Аябай толкундандым, жадакалса чоң сахнада мынчалык толкунданган эмесмин. Буюрса, тойду сентябрь айларына пландап жатабыз. Жазгүл 24 жашта, кесиби боюнча котормочу, ордолуу Ош шаарынан болот. Анын адептүү, ыймандуу, түшүнүктүүлүгү мени багындырды»,- дейт.