(Башталышы өткөн сандарда)
Андан кийин дагы уулдуу болушту. Бактылуу 5 жыл жашашты. Бактылуу эле эмес, керемет жылдар эле экөө үчүн. Ар бир мүнөтүндө сүйүү бар беш жыл! Ар бир тиктешинде ашыктык бар күйөө-аял! Элинанын экинчи баласы боюнда бар кезде чоң энеси кайтыш болду. Оор жоготууну Амандын жанында туруп көтөрдү.
– Сарым, орун-очок алганыңды көрүп өлсөм дегем. Кудай тилегимди берди. Мына, жакында көз жарганы турасың. Аман жаныңда. Кайраттуу бол! Бырылдап ыйлаба, күчтүү бол, кызым. Мени өзөлөнүп жоктобо. Үй-бүлөң кашыңда турат. Күйөөң мыкты жигит. Мага аны чакырып, өзүң палатанын сыртында туруп турчу. Ага да айтар сөзүм бар,- деди энеси кеберсиген эриндерин араң кыбыратып. Акылман кемпир болчу.
Аман экөө ошондо көпкө сүйлөштү. Палатадан чыкканда күйөөсүнүн көздөрү кыпкызыл болуп ыйлаганын сезди. Элина билгенден Аман өтө катуу, оңой менен эмоцияга жол бербеген адам эле. Аны жаш балача ыйлата турган эмне болду экен? Кийин бул тууралуу көп ойлонду. Аман дайыма «убагында айтып берем чоң энеңдин айткандарын» дечү. Ага да жетишпей калды. Эми экөө тең жок. Кандай сырды ичине алып кетти экен экөө, ал да табышмак.
ххх
Элина балдарын бакчага алып барды. Эшиктен тосуп алган тарбиячысы ага бул айдын акчасы төлөнбөгөнүн эскертти.
– Аа, эсимден чыгып кетиптир. Бүгүн төлөйм.
Ал жактан чыгып тез эле банкка барды, эсептик карточкасын салып акчасын алайын деп эле алайып туруп калды. Анткени эсебинде нөл деген сумма турган экен. Алдастап кетти. «Кантип? Эмнеге?» деди эриндери күбүрөп. Кайра-кайра текшерип көрдү. Жок!
Банктын кызматчыларына кайрылды.
– Сизге күйөөңүздүн карточкасынан түшүп турчу. Күйөөңүз эсебиңиздеги акчаны жаап салыптыр. Бул анын укугу. Биз эч нерсе дей албайбыз.
– Кандайча?- деди эч нерсени түшүнбөгөн Элина.
Тиги адам кайра-кайра түшүндүрүп берди. Банктык систем боюнча анын карточкасы Амандын карточкасына байланган экен. Алып койгонго, акча кошуп койгонго бир гана анын укугу бар экенин айтты.
– Күйөөм август айында каза болуп калган.
– Анда банк үч күндүн ичинде мыйзамдуу аялына анын бардык укуктарын өткөрүп берет.
– Аялы менмин!
– Расмий никеге турдуңар беле?
– Жок.
– Күйөөңүздүн башка аялы барбы?
– Жок.
Банк кызматкери түзүлгөн абалдан эч нерсени түшүнө алган жок. Жакшы бир адвокат жалдап туруп ишти териштирүүнү суранды. Көп жолу расмий никеге туруу тууралуу суранган. Азыр да көз алдына тартыла калды.
– Убактым тар, жаным,- деди ал кыжалаттана галстугун байлап жатып.
– Аз эле убакыт кетет.
– Сарыш, мени кыжалат кылбачы. Таптакыр убактым жок. Бирок бир күнү сөзсүз турабыз. Алия менен Адамды жакшы кара,- деп мурдунан өөп чыгып кеткен.
Кийин сөз баштаса дагы бир шылтоолорду айтчу. Биринде ичи өтүп тура албай жатам десе, дагы биринде достору менен кезиге турганын айткан. Элина акыры өзү да унутуп калган экен.
Банктан башы тумандап чыкты. Кимге барып, кимден акыл сураарын да билбеди. Көчөдө максатсыз ары-бери басып жүрүп кечинде бакчага барып балдарын алды.
– Апа, шоколад жейм,- деди кызы машинеге отуруп жатып.
– Макул, азыр алып берем. Алия, Адамды катуу карма.
Машинесине отуруп алып үйүн көздөй жөнөдү. Үч бөлмөлүү мыкты райондогу үйдө жашашчу. Балдарына бир нерселерди алып берип коюп, эшиктин алдында ойлонуп отурду. Томпоңдоп өз ара сүйлөшүп жаткан балдарын карап эрксизден жылмайып алды. Кайненесинин бир жумада үйдү бошотуп койгула дегени эсине түштү. Амандын бир нече үйү бар эле. Аларды батирге берип коюшчу. Бирок ал үйлөр кайсы жерде экенин, канча акчага берилип жатканын деле билчү эмес. Үй-бүлөнүн бардык финансылык маселеси күйөөсүнүн колунда эле. Элинаны эч бир аралаштырчу эмес. Өзү деле аралашканга аракет кылбаптыр. Ага бул жашоосу таптакыр бүтпөчүдөй сезилчү. Кайрадан жүрөк-боорун куушурган кусалык эзип баштады. «Мен сенсиз жашай албайм» деди шыбырай.
– Апа, Адам жыгылып кетти,- Алия чуркап келип апасынын дагы ыйлап жатканын көрдү. Элтейип токтоп калды.
– Атам качан келет?- деди ал дайымкы суроосун кайталап. Эмне деп жооп бериш керек? Көздөрүнө тиктеп турган периште кызынын суроосунан дайым такалат. «Атаң өлүп калды» деп көзүн тиктеп туруп айта албайт эле. Алгач ал үчүн бул чындыкты өзү кабыл алышы керек. Бала булар эмес, Амандын каза болгонун өзү кабыл ала албай жатпайбы?..
– Келет, жаным, жакында...
– Анда эмнеге күндө ыйлап жатасың? Атамдын көйнөгүн кучактап алып жатасың.
Элина көз жашын аарчып алып аргасыз жылмайды.
– Анткени атаңды сагындым.
– Анда телефон чал, видео менен мурункудай сүйлөшөлү.
– Ал жактан видео менен сүйлөшө албайбыз, кызым.
– Калп айтпа, атам «Австрияга кетсем, ал жактан көп сүйлөшөбүз» деген.
Эки мөлтүрөп турган көздөн кача албай, жооп бере албай балдарын бооруна кысты.
– Атаңа чалабыз. Бир күнү...- деди ал ишенимсиз.
Кечкисин аларды уктатып коюп документтерди алып чыгып карап жатты. Блокнотторун карады. Биринде адвокат Жаныбек деп жазылып турган экен. Аны тере баштады.
– Алло, саламатсызбы?
– Саламатчылык.
– Мен Элина. Амандын аялымын. Аманды таанычу белеңиз?
– Кайсы Аман, Алымбеков Аманбы?
– Ооба.
– Ии, жаман окуя болду, кайрат кылыңыз. Мен да кабарлардан окуп...
– Рахмат...
Элина өзүн колго алып, иштин жайын ага түшүндүрө баштады. Ал жардам берерин айтып телефонду койду.
ххх
Бир күнү сырттан кирсе кичинекей Аман мышыкка берчү табактан алып жугунду талашып жеп отурган экен. Өгөй атасы маашырлана күлүп эрмектеп отуруптур.
– Акмак, кенедей баланы мынча кордогондой эмне кылды?- деп ачуу кыйкырды.
– Катын, ишиңди кыл. Мунуң жугунду ичип эле чоңоё турган бала,- каткырып күлгөн адам түспөлүндөгү айбанды тиктеп туруп дене бою зыркыраган. Мындан катуу кетсе өзүн тирүү өлүк кылып уруп саларын да билчү, ошондуктан ачуусун кылк жутуп баласын алып аркы үйгө кирип кеткен.
Эртеси райондогу балдар үйүнө алып жөнөдү. Эчен артка кайта турган болуп барып «жок дегенде мышыктан жугунду талашып ичпейт. Жок дегенде жонун тилип эч ким сабабайт» деп ойлоп кадамын ылдамдата берген. Эчен жолу босогосуна барып, кайра кайтканы менен, төрт жашында аны балдар үйүнө өткөрүп берген.
(Уландысы кийинки санда)