Манас Алыкулов, шоумен: «МЕН АЛМАЗ АГАМДЫН ЖЕКЕ ЖАКТООЧУСУМУН»

Куудул Жаныбек Алыкулов арабызда болсо 58 жашка чыкмак. «Атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул» деген кеп кыргызда бекеринен айтылбаган. Учурда Алыкуловдун атын өчүрбөй, жолун улап келаткан эки уулу бар. «Эки үй-бүлөдө чоңойсок да жатындаш бир туугандай жакынбыз» деген ага-ини бала кези, азыркы турмушу тууралуу айтып беришти.

Бир тууган Алыкуловдор:

1. Айжан Алыкулова – 1983-жылы туулган, жеке ишкер;

2. Алмаз Алыкулов – 1984-жылы туулган шоумен;

3. Нуржамал Алыкулова – 1989-жылы туулган, Ички иштер министрлигинде эмгектенет;

4. Жаныбек уулу Жанарбек – 1990-жылы туулган, аскер кызматкери;

5. Манас Алыкулов – 1993-жылы туулган, шоумен;

6. Гүлжигит Алыкулов – 2000-жылы туулган, жаштар арасында улуттук курама команданын футболчусу.

– Алмаз, ыраматылык Жаныбек агай башка үй-бүлө күтүп кеткенде сиз кандай кабыл алдыңыз?

Алмаз: – Атамдын эки үй-бүлөсү бар экенин эл жакшы билет. Үйдө деле апабыз бөбөк төрөсө "ордумду тарттырып койдум" деп кызганасың го. Албетте, кызгануу, таарынуу сезимдери болгон. Чоңойгондон кийин гана абалды түшүнүп жатпайлыбы. Атам ыраматылык бир тууган дегенде жанын берген киши болчу. Ошондуктан бизди тыгыз катыштырды. Кээде гастролго чыкканда экөөбүздү тең калтырганга киши жок, чогуу алып жүрчү. Манасты бала кезинен эле мен карадым.

– Кайсы мүнөздөрүңөр окшош, өзгөчө дегендей?

А.: – Экөөбүз сүйлөгөндө эмоцияларыбыз окшош. Кээде бир учурда бирдей ойду айтып калабыз.

Манас: – Алмаз акем диплом керек болуп эле юристтик кесипти окуганы болбосо, экөөбүз тең чыгармачылыкка жакынбыз. Байкем кафеде (кабак) ырчы болуп иштеп жүргөндө мага кантип ырдоо керектигин үйрөткөн.

– Сиз кафеде ырдап жүрсөңүз, анда эмнеге сахнадан көргөн жокпуз?

А.: – Мен 2007-жылы «Сапарымды улай, Күтөм жолуң карай. Сагынычтан самап жүрөк...» деген саптары бар «Кусалык» аттуу ырымды жаздыргам. Элге ырым жакшы тарады, бирок жүзүмдү эч ким тааныбай "Ильяз Абдыразаков ырдайт" деп жүрүштү. Ошол ырым чыкканда атама «угуп көрүңүзчү. Телевидениеде тааныштарыңыз көп, чалып айтып коюңузчу жардам беришсин» десем «жок, мен чыгып жатканда атам жардам кылган эмес» деп кагып койчу. Советтик адамдар эч кимдин жардамысыз өздөрү көтөрүлүшкөн да. Ал кезде бизди колдобойт деп ыйлаганбыз. Эми бирөөгө ишенбей өздөрү бутка турганды үйрөнсүн деген "мораль" жатканын түшүнүп жатпайлыбы. Ошону менен ыр жаздырбай Казакстанга кетип, 2013-жылга чейин кафелеринде ырдап жүрдүм.

М.: – Бул жагын мен улантайынчы. Дагы бир себеби кафелерге көнүп алган жаман экен. Арак ичкичтер "запойго" кирип кеткенде чыгышы кыйын болуп калат го, Алмаз акем да ошондой болгон. Бир жумушка көнүп алып, сахнага аракет кылбай койду.

А.: – 2013-жылы мекениме келип үйлөндүм. Ырчынын жумушун билесиздер да, түнү иштеп, күндүз уктамай, жеке жашоого көңүл бура албай каласың. Жубайым тың чыкты, кафени жыйыштырып салдым.

– Агай артисттин жашоосунун ысык-суугун көрүп калды. Чыгармачылыкты тандашыңыздарды колдочу беле?

М.: – Алмаз акем айткандай, атам бизди көбүнчө сындырып койчу. Мен 2009-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга 1-сынактан өтпөй калгам. Атама айтсам «азамат, сенин колуңдан эч нерсе келбейт» деп койгон. Бирок ал нерсеге намыстанып кийинки турдан өтүп кеткем. Мындай сөздөр менен бизди чыйралтып турганы менен, кескин каршылыгын көрсөткөн эмес.

– Алмаз, социалдык тармактарда Алыкуловдор деп сыймыктануу менен бир туугандарыңызды көп айтасыз. Жоопкерчиликти да көп алсаңыз керек.

– Албетте, улуу уул катары жоопкерчилик оор. Жанар инимдин үйлөнүү тоюнда ата ордуна ата болуп турдум. Ошондо өзүмчө калтырак басып, оор жүктү алып жүргөнүмдү билдим. Андан кийин карындашыбызды узаттык, Манасты үйлөнттүк. Татыктуу ага, ата болгонго аракет кылып жатам. Атам калтырып кеткен аманатты аткарып, бири-бирибизди колдоп жүрөбүз.

– Экөөңөр тең учурда ата болуп калдыңар. «Балам, балалуу болгондо билесиң» дегендей, атанын кадырын билип жатсаңар керек?

А.: – Ооба, Манастын бир уулу, менин эгиз кыздарым, бир уулум бар. Эгиздерим төрөлгөндө атам абдан кубанган. Манаска окшогон капкара эгиз кыздарымды көрүп алып ыйладым. Атама таңкы саат 5те чалып «ата» деп эле эч нерсе сүйлөй албайм. Атам коркуп кетип «эмне болду, балам, аманчылыкпы?» дейт. Өзүмдү кармап «ата, чоң ата, эгиз неберелүү болдуңуз» десем "азыр" деп эле телефонду коюп салды. Бир убакта үйдөгү кийими менен жетип келиптир. Чынында атабыздын орду жашообузда чоң. Ар бир жакшылыкта, жамандыкта эскерип турабыз.

– Бала кезде тентектик кылганда көбүнчө ким жазалачу?

М.: – Үй-бүлөдө президент жана премьер министр болот эмеспи. Биздин президентибиз такыр урушкан эмес. Премьер-министр аябай күчтүү болчу, чыбык менен чыпылдатып, чымчып атама жеткирчү эмес. Алмаз аке, угушумча, сиз дагы аябай тентек болгон экенсиз, ээ? Бир бузук машинаны өрттөп салганыңыздарды көп айтышчу.

А.: – Мындай тентектиктер далай болду. Бирок сен айтмакчы, биздин премьер да кыйын да, бирин да атама жеткирген эмес. Президент келатканда эч нерсе болбогондой тизилип туруп калар элек.

– Экөөңүздөр тең той башкарып жүрөсүздөр. Кээде тойду алмашып алпарган учурлар болобу?

А.: – Мен Манастын тамада экенин үйлөнүп жатканда билдим. Тоюбузду Майрамбек Осмонов алып барган. Ал киши аябай токтоо эмеспи. 3-бөлүгүнө келгенде кайдан-жайдан бабочкасын тагынып «саламатсыздарбы, коноктор?» деп кыйкырып чыга калса эсим ооп калыптыр. Манас ал кезде кафеде ырдап жүрчү.

Бизди чынында көп алмаштырышат. Мага келип "кандай, Манас?" дешет. "Мен байкеси болом" десем таң калышат. Мурун "сенин байкең бар экен го" дегендерге «ал менин иним, 10 жаш кичүү» дей берип чарчаганда "ооба, байкем бар" деп калдым.

М.: – Мага да "Алмаз деген иниң бар экен" деп көп айтышат. Ооба, кээде адашып бир күнгө 2 тойго буюртма алып алган учурларда алыс жерде болсо да, экөөбүз кезектешип, алмашып алып барган учурлар болот.

– Үйдө абал кандай? Жубайларыңыздар кесибиңиздерди туура эле түшүнүшөбү?

М.: – Көз тийбесин менин жубайым түшүнөт, чалбайт. Алмаз акеме кечке чала берет (күлүп).

А.: – Мурун үйдө отурганда чалчу. Жумушка чыккандан бери чарчап калып жатабы, меники да чалбай калды.

М.: – Мен Алмаз акемдин жеке жактоочусу болом. Жеңем мага чалып «Алмаз каякта?» десе, "ал Төө-Ашууда жүрөт, ал жакта байланыш тартпайт" дейм. "Же жаңы эле сүйлөштүм, батарейкасы өчүп жатат деди эле" дейм. Иши кылса көңүлүн жайгарганга аракет кылам. Бир жолу ошентип дагы бир жооп узатып жатсам, "сен эмне ага жактоочу болуп алгансың?" деп урушуп салган (күлүп).

– Бири-бириңиздердин мүнөзүңүздөрдү сүрөттөп берсеңиздер?

А.: – Манас сонун бала да, искусство боюнча канча окуу жай болсо баарында окуп чыкты (күлүп).

М.: – Мен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде, Кыргыз улуттук консерваториясында, Улуттук филармониянын алдындагы студияда бир жылдан окудум. Окуу жайларда кандай сабак беришет, маалымат алдым да, көңүлүмө жакын болгон шоумендикти тандадым.

«Биздин апаларыбыз күчтүү болду. Канчалык тентектик кылып маселе жаратсак да, атабызга билдиришкен жок».


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Манас Алыкулов: "Агамдын эгиз кыздары капкара болуп мага окшош"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
monster_high_98
2018-07-24 10:28:35
Эгиз козудай го,
+7
aipo89
2018-07-24 11:07:18
Бир туугандарыбыз ар дайым жаныбызда бар болсун!
+9
010288
2018-07-24 11:14:43
Азамат сенин колунан эчнерсе келбейт деген жери жакты
+2
dinar-87
2018-07-24 11:31:52
Мынча ынтымактуу Бир туугандар ачык айрым коз тийбесин дайыма ушинтип журо бергиле.
+7
mela
2018-07-24 14:12:44
Жаныбек Алыкуловдун 1-аялынан кызы 2-аялына окшош го...Айрыкча коздору...
0
Tiken
2018-07-29 00:03:22
Атанын уулдары деген атка татыктуу. Эки аялдын балдары эмес, Бир уй-булонун балдары батышпай,ынтымаксыз оскон адамдар толтура. Эки аялы тен балдарды катыштырып акылдуу, жакшыадамдар экен.Баардыгы аялдан коз каранды эмеспи...
+1
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан