Адамдын кийинүү стилине, чач жасалгасына, кол жазмасына карап психологдор анын кандай адам экенине мүнөздөмө бере алышат. Колдонгон атырга жараша да мүнөздү аныктоого мүмкүн экенин билчү белеңиз? Парфюмерлер атырды жытына карап топторго бөлүүгө аракет кылып келишет, бирок бирдиктүү жыйынтыкка дагы деле келише элек. Биз элдин суроо-талабына ээ жыттарга токтолдук.
ЦИТРУС ЖЫТЫН ПЕРФЕКЦИОНИСТ АДАМДАР ТАНДАШАТ
Лимон, мандарин, апельсин жана башка цитрус жемиштеринин жытын тандагандар тартипке басым жасаган, баарын майда-чүйдөсүнө чейин пландаганды жактырган перфекционист болушат. Кызуу кандуу, бир нерсеге жини келсе чагылгандай чарт-чурт боло түшүп, бирок өткүн өтүп кеткен сымал тез басылып, маселеден чыгуунун жолун издей башташат. Сүйүү мамилесинде доминант. Эгер жакын адамы ишеничин актабай койсо, көпкө чейин кайгырып, ал адамды кечире албай кыйналат.
МӨМӨ-ЖЕМИШ ЖЫТЫН ЖАКТЫРГАНДАР – РОМАНТИКТЕР
Жаштардын арасындагы популярдуусу – мөмө-жемиштердин, бакча өсүмдүктөрүнүн жыпар жыты. Атыр тандоодо карагат, малина, шабдалы, дарбыз, коон жана башка мөмө-жемиштердин жытына басым жасагандар шайыр, куудул, эл менен бат тил табышкан, оюн-зоок, кечелерге жакын, эч кимди зериктирбеген адамдар. Ишенчээк, бардык нерсени жан дүйнөсүнө жакын кабыл алышат. Эмоциясын жашырып убара болушпайт, кайгырса да, кубанса да бардыгы ал тууралуу биле алат. Эксперимент жасаганды жактырышат. Сүйүүдө романтика жаатында эч кимди алдыга салдырбайт.
ЧЫГЫШ АРОМАТЫ ЖАНА ЖАЛГЫЗДЫК
Мускат жаңгагы, ваниль, шоколад, ирис, мускус жана башка татымалдардын жытын тандагандар кандай мүнөзгө ээ дейсизби? Таттуу, ошол эле учурда бир аз оор, мурунга дароо билинген атырды жалгыздыкты жактырган адамдар көбүрөөк тандайт. Чыгармачыл, кайсы бир буюмду чогултканды жактырган коллекционер болушат. Оюн-зоокту эмес, китепти биринчи орунга коюшат. Башкалардан өзүн дайыма тыкан, тартиптүү, таза алып жүргөнү менен айырмаланат. Алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдарды жакшы көрүшөт. Андыктан аксессуары жок көчөгө чыкканын дээрлик көрбөйсүз. Сыртынан эч нерсеге кызыкпаган адам көрүнгөнү менен, эгер бул адамды кайырмагыңызга иле алсаңыз, мамиледе, сүйүүдө туруктуу, кызыктуу адам болуп чыга келет.ГҮЛ ЖЫТЫН ЖАКТЫРГАНДАР – МОДА ЖАРАТУУЧУЛАР
“Бир дагы гүлдүн жыты жакпайт” деген адам жок болсо керек. Бирок атыр тандоодо ар ким өз табитине карайт. Жасмин, фрезия, роза, лилия, гардения гүлдөрүнүн жытынын күйөрмандары чөйрөнүн кооздугун жактырышат. Колу эмнеге жетсе: үйдү, короону, кеңсени болобу өз табитине ылайыктап кооздоп алат. Кийим тандоодо да фантазиясы күчтүү, моданы өзү жаратуучулардан. Башкалар менен бат тил табышат, бирок досторунун саны көп эмес. Кыйынчылыкты жеңил кабыл алып, жеңил узатышат. Эс алууда достор менен эмес, табият менен сырдашып отурганды көбүрөөк баалайт. Мындай адамдардын түгөйү болом десеңиз, фантазияңыз күч, романтик жана акыл-эс кампаңыз кең адам болушуңуз шарт.РЕАЛИСТ АДАМДАР ТОКОЙ ЖЫТЫН ТАНДАШАТ
Таңкы шүүдүрүм, жаңы чабылган чөп, бамбук, мох, жалбырак жыттуу атырды колдонгондор спортко жакын келишет. "Келбет ийгиликке жетүүдө маанилүү орунду ээлейт" деп ойлошот, андыктан дени сак жашоо образына көңүл бурушат. Энергиялуу, чукугандай сөз тапкан тапан, маселе чечүүдөн ырахат алган адамдар. Кыялдануу, жок нерседен үмүт этүү булар үчүн эмес. Реалист адамдар, андыктан көп учурда алдыга койгон максатына жете билишет. Жеңилүүдөн, күтүүдөн коркпойт, негизгиси баштаган иши сапаттуу жыйынтык берсе болгону. Бул жытты мырзалар көбүрөөк тандашат.ДЕҢИЗ ЖЫТЫН ЖАКТЫРГАНДАР ЭРКИНДИКТИ БААЛАШАТ
“Муздак” жыттуу категориядагы атырларга жаан, деңиз, деңиз өсүмдүктөрү, озон, негизи эле сууга тиешелүү жыпар жыттар кирет. Мындай жыттарды жактыргандар жабык имараттарда камалып отура берүүнү жактырбайт. Салкын аба, көл жээги, шар аккан суунун бою булар үчүн стресстен чыгууда табылгыс дары болуп эсептелет. Кийинүүдө ашыкча кооздукту, асем буюмдарды колдонгусу келбейт. Алар үчүн эң ыңгайлуу кийим – жынсы шым жана футболка, бүттү! Үйдүн ичин да минимализм стилинде жасалгалаганды туура деп эсептейт. Боорукер келишет, эгер жүрөгүн жибиткен сөз таба алсаңыз, акыркы акчасын берип салып отуруп калганын өзү байкабай калат. Сүйүү мамилесинде эркиндикти баалашат, эгер кандайдыр бир эрежеге байлап алам десеңиз, ал адамдан кол жуудум дей бериңиз.“ЖЕҢИЛ” ЖЫТТАРДЫ ЖАКТЫРГАНДАР АКТИВДҮҮ БОЛУШАТ
Таза аба, көк муз, лайм, эвкалипт, жалбыз, цитрус жемиштери, деңиз жытынын аралашмасынан турган “жеңил” жыттардын күйөрмандары ыңгайлуулукту биринчи орунга койгон адамдар. Заманбап жашоо, мода, жаңычылдыктарга кызыгып, өзүн ар тараптан өстүргүсү келет жана бул үчүн аракет кылат. Дем алыш күндөрү үйдө эмес, достор менен активдүү эс алууну каалайт. Тааныштары көп, бирок ишеничтүү адамдары аз, бардык адамга эле толугу менен ачыла бербейт. Өжөрлүк жайы бар, андыктан меники туура деп жатып айрым учурда жапа чегип калат. Жасаган ишинде болобу, жан дүйнөдөбү гармония болуусун каалайт. Мындай жыттарды айымдарга караганда мырзалар көбүрөөк тандаарын парфюмерлер белгилешет.
АТЫР КОЛДОНБОГОНДОР ӨЗҮМЧҮЛ КЕЛИШЕТ
Атыр колдонсо башы ооруп, аллергия болуп же аба жетпей муунгандар бар. Бул учурда атырдын курамындагы кайсы зат сизге жакпаарын аныктап, ошого жараша атыр тандасаңыз болот. Ал эми себепсиз атыр колдонбогондордун мүнөзүнө токтолсок, мындай адамдар табигый сулуулукту баалашат. Ошол эле учурда өзүмчүлдүк сапаттан да куру эмес. Элдин агымында жүрсө чарчап, өзүнчө бөлүнүп кетүүнүн жолун издей башташат. Мындай адамдар менен ар тармакта сүйлөшсөң кызыктуу маектеш болуп бере алат. Бирок аны чыныгы дос кылам деп убара болуунун кереги жок, кызыкчылыктар дал келбей калган учурда басып кетүүсү толук мүмкүн.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg