Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» партиясынын лидери: «МУРУНКУ БИЙЛИКТИН ЧЫККЫНЧЫЛЫК САЯСАТЫН ЖЭЭНБЕКОВ ТОКТОТУШУ КЕРЕК»

Абактагы оппозициячы Өмүрбек Текебаев өлкөнүн саясий абалына, болуп жаткан иш-аракеттерге баам салып, айрым учурларда өз үнүн кошуп келе жатат. Бул жолу «Супер-Инфонун» айрым суроолоруна адвокаты аркылуу жооп берди.

– Өмүрбек Чиркешович, Шавкат Мирзийоевдин бийликке келиши менен Кыргыз-Өзбек мамилеси кайра жанданды, чек ара тилкелерин тактоо, биргелешип ГЭС куруу өңдүү макулдашууларга келишти. Биз пайда таптыкпы же кызыкчылыктардан уттурдукпу?

– Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көзү өтүп, анын ордуна Шавкат Мирзийоев президент болду. Ислам Каримов изоляционализм саясатын жүргүзүп, коңшу өлкөлөр менен Өзбекстандын мамилесин бузганын баарыбыз билебиз. Мындан улам Өзбекстан Орто Азиядагы лидерлигин Казакстанга алдырып жиберген эле. Жаңы президент Мирзийоев дүйнөгө ачык саясат жүргүзүүнү тандап алды. Өзбекстан «Биринчи кезекте Орто Азиядагы бардык коңшулар менен мамилени оңдоодон баштайбыз» деди. Анүчүн Каримовдун убагында бузулган мамилелерди оңдош керек эле. Ошентип, ал коңшу өлкөлөргө расмий визиттерди жасап, экономикалык-маданий байланыштарды калыбына келтирүүгө киришти. Муну менен катар Өзбекстан өзүнүн экономикалык-маданий потенциалына ылайык, Орто Азиядагы лидерликти талаша баштады. Кыргызстандан башка бардык коңшу өлкөлөр менен миллиарддаган долларлык соода-экономикалык келишимдерди түздү.

Мирзийоевдин Кыргызстанга визити президенттик шайлоого туш келди, 2017-жылдын 5-6-сентябрына. Кандай болсо да, шайлоону утуп алгысы келген Атамбаев ал визитти өзүнүн жеке эмгеги катары кыргызстандыктарга жарыялап, «Өзбекстандын тышкы саясатындагы өзгөрүүлөрдү Атамбаев жаратты» деген таризде маалыматтык саясатты жүргүздү. Шайлоо алдында Мирзийоевдин колдоосуна муктаж болуп турган Атамбаев башка өлкөлөрдөй болуп миллиарддаган доллардык соода-экономикалык келишимдерди түзүүнүн ордуна, Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыгын сатып жиберди. Мирзийоев менен Атамбаевдин 2017-жылдын сентябрь айындагы Бишкекте өткөн биргелешкен коммюникесинде Өзбек президенти «Кыргызстандагы ГЭСтердин баарын мындан кийин бирге кура турган болдук, Кыргыз жетекчилигинде мындай саясий эрк бар, макулдугун берди, чынбы, Алмаз Шаршеновичдеп элдин алдында Атамбаевдин башын ийкетип, макулдугун алды. Атамбаевдин жооп кылып Ташкентке барган визитинде дагы ушул маселе эл алдында айтылып, «биз Кыргызстандагы ГЭСтерди, ошонун ичинде эң чоң «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен курабыз» деп жарыялады. Ошентип, Ислам Каримовдун 20 жылда жасай албаган ишин шайлоонун алдында Мирзийоев келип, жеңил эле бүтүрүп кетти. Бул Мирзийоевдин чоң жеңиши болду.

Өзбекстан Кыргызстандын гана эмес, Тажикстандын дагы жалгыз өзү ГЭС куруусуна каршы чыгып келет. Жөн гана каршы чыкпастан, Тажикстан менен мамилени бузуп, жарым-жартылай блокадага да алып жүрдү. Ошого карабай, тажиктер «Рогун»
ГЭСин куруп бүтүрдү. Ал эми Өзбекстан Тажикстан менен болгон мамилесин өзгөртүп, Кыргыз менен кол койгон келишимдердей эле келишимдерге Тажикстан менен да кол койду. Эгер Өзбекстанда жаңы тышкы саясатына ылайык, бардык коңшулар менен стандарттык келишимдерди түзүүгө ниети бар болсо, биз эмне үчүн өзүбүздүн түбөлүк байлыгыбыз болгон суубузду Өзбекстанга жөн эле кармата бердик? Бир президенттик шайлоодо жеңишке жетишебиз деп кыргыз элинин тагдырын, келечегин, ата-бабабыздан калган мурасын бирөөнүн колуна кармата бердик.

– Демек, мындай саясатты колдобойсуз...

– Миллиарддаган жылдар бою Кыргызстандын тоолору суунун булагы жана табигый суу сактагычы болуп кала берет. Суунун адамдардын өмүрүндөгү ролу жылдан-жылга көтөрүлүп отурат. 2050-жылы Орто Азия элдеринин саны 2 эсе көбөйөт. Ошондо суунун баасы бүгүнкү нефтинин баасы менен барабар болот. Ал кезде Өзбекстандын газы менен нефтиси түгөнөт. Кудай кааласа, биздин суубуз ага берет. ГЭС – бул энергиянын гана булагы эмес, жасалма суу сактагыч. Биздин тоолордун коюндарында, кокту-колоттордо суулар сакталып, зарыл болгон учурда коңшу элдерге берилип турат. Бул чоң бизнес. Демек, суу ресурсун башкаруу Кыргызстандын колунда болмок. Бирок, тилекке каршы, бүгүн «Өзбекстан менен биргелешкен ишкана ачып, 50-50 пайызда башкарабыз» деп жатышат. Коңшуң күчтүү болсо, анын үлүшү канча экенине карабай, ал үстөмдүк кылат. Биз ата-бабабыздан калган мурасты 100 пайыз өзүбүз гана башкарышыбыз керек. Тажиктер ач, ток калса да, суу ресурсун өздөрүнүн колунда калтырып, дүйнөдөгү эң бийик плотинаны куруп жатышат. Өзбекстандын нефти менен газы 2050-жылга барып жок болот. Турмуш-тиричиликте энергиянын эң ийкемдүү, ыңгайлуу түрү электр энергиясы. Нефти, газдын ордун электр энергиясы ээлеп, дүйнөдө анын баркы өсөт. Биздин тоолор менен сууларыбыз суунун гана булагы болбостон, электр энергиясынын дагы булагы болуп калат. Суу да, гидроэнергетика да геостратегиялык, геосаясий ресурс. Өкүнүчтүүсү, биз суубузду гана эмес, электр энергиябызды да Өзбекстандын колуна бекер карматып коюп жатпайбызбы. Атамбаевдин бул саясаты чыккынчылык саясат. Президент Жээнбеков бул саясатты токтотуш керек.

– Бир нече жылдан бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесинде бир чечимге келбей, бул ишти баштабай жатабыз. Сиз "Кытайга чыгуу менен Балыкчы–Жалал-Абад–Торугарт темир жолун куруунун артыкчылыгы" жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке киргизген элеңиз. Ушул темир жолдун курулушунун башталбай жатканы тууралуу эмне айта аласыз?

– Англис окумуштуусу Маккиндер «хартланд» деген түшүнүктү киргизген. Ал «орто жер» – Орто Азия экен. Чоң Орто Азияга Ооганстан, Тажикстан, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан киришет. Индиядан келген жол да, Кытайдан келген жол да Орто Азия мамлекеттери аркылуу өткөн. Ошол заманда «ким Орто Азияга ээлик кылса, Ал ЕвроАзия континентине ээ болот. Ким ЕвроАзияга ээ болсо, ал дүйнөнүн ээси болот» деген түшүнүк, ишеним калыптанып калган. Ошон үчүн Чыңгызхан Орто Азияны ээлеп, Жер Ортолук деңизине чейин барып, «дүйнөнү ээледим» деп жарыялаган. Чынгызхандын империясынын жаралышынын негизги себептеринин бири Жибек Жолун көзөмөлдөп, андан эбегейсиз пайда көрүп туруу болгон. XVI кылымга чейин Чыгыш менен Батыш өлкөлөрү Жибек Жолу аркылуу гана экономикалык, маданий байланышын ишке ашырып турушкан. Деңиз жолдору ачылгандан кийин деңизге ээ болгон өлкөлөр дүйнөгө ээ болуп калышты. Жибек Жолунун мааниси азайды. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ деңиз жолдорун, демек, дүйнөлүк сооданы көзөмөлдөп калды.

Акыркы жылдары чыгыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Кытайдын экономикасы өсүп, деңиз жээгиндеги табигый ресурстар азайып, континенттин ичиндеги (ички Кытай, Сибирь) ресурстарды өздөштүрүү зарылдыгы келип чыгып, жолдор курула баштады. Тез жүргөн темир жолдор, автомобиль, аба жолдору курулуп, кургактыктагы цивилизация кайрадан баш көтөрө баштады. Европа менен Кытайды байланыштырган Казакстан, Орусия аркылуу темир жолдор бар болсо да, дагы курулмакчы болуп жатат. Акыркы 20 жылда Казакстан Кытай аркылуу эки жаңы темир жол курду, азыр үчүнчүсүн курганы турат. А биз 25 жылдан бери бир чакырым темир жол курган жокпуз. Автожолду эсепке албаганда, ата-бабаларыбыз көзөмөлдөгөн табигый дарбазаларыбыз болгон Торугарт менен Эркечтамды эл аралык соода деңгээлинде ишке киргизе албадык. Мен муну кылмышка тете мажирөөлүк, шалаакылык деп эсептейм. Эгер биз «хартланддын» бир бөлүгү болгон табигый дарбазаларыбызды темир жол менен ачсак, Кыргызстандан келечекте жылына 20-30 миллион тонна жүк, Чыгыштан Батышты, Батыштан Чыгышты көздөй өтүп турат. Жылына транзиттен
500 миллион-1 миллиард доллардан кем эмес акча табабыз. Эң башкысы, Кыргызстан өзүнүн чыгарган товарларын үч океан: Тынч океан, Инд океан, Атлантика океаны аркылуу дүйнөнүн төрт бурчуна таратканга мүмкүндүк алат. Анда Кыргызстан жаңы геосаясий ресурска ээ болот. Транзиттик өлкөгө айланат. Биздин өлкө аркылуу жүк өтөт. Жакынкы Чыгышка, Орто Азияга эң жакын жол Кыргызстан болуп калат. Ошондуктан бул жолду курушубуз керек. Нарын дарыясы миллиарддаган жыл аккандай эле, адамзат жашап турганда темир жолдон жүк өтүп, Чыгыш менен Батыш элинин ортосунда карым-катнаш улана берет. А бирок Алмаз Атамбаев темир жолду да «Өзбекстан менен биргелешкен ишкана түзүп, 50-50 пайыз менен чогуу курабыз» деп Өзбекстанга убада берип койду. Муну да кечирилгис ката, ал турсун, улуттун кызыкчылыгын саткан кылмыш катары баалайм.

– Кыргызстандын бош финансы каражаты жок. Өз алдынча ГЭСти да, темир жолду да кура албайт. Өзбекстан менен чогуу курган бизге пайдалуу эмеспи?

– Бул жаңылыш жол. Биринчиден, биздин сууга көз арткан, суудан көз каранды болгон өлкөнү биздин сууну көзөмөлдөп башкарууга жакын жолотпошубуз керек. Экинчиден, Өзбекстан биздин түгөнгүс ресурсубузду бекер алып жатат. Кыргызстан ГЭСтерди куруш үчүн биргелешкен ишканага өзүнүн географиялык орду менен, Кудай берген түгөнбөгөн гидроресурсу менен кирет. Өзбекстан эмнеси менен кирет? Эч нерсеси менен кирбейт, бекер кирет. Демек, биздин үлүшүбүз баа жеткис. Анан ошол ишкана 5-6 миллиард доллар карыз алып, ГЭСтерди куруп, андан чыккан электр энергиясын сатып, түшкөн акчанын эсебинен карыздан кутулат экен. Өзүбүздүн топубузду өзүбүзгө кийгизип, биздин ресурстан түшкөн акчанын эсебинен карыздардан кутулгандан кийин ГЭСтердин жарымы биздики, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Бул кандай улуттук саясат болсун?! Бул улуттук кызыкчылыкты коргоо эмес, тескерисинче, улуттук кызыкчылыкты сатуу, чыккынчылык болот.

Темир жол да – түгөнгүс геосаясий стратегиялык ресурс. Биз темир жолду куруучу биргелешкен ишканага ушул түгөнгүс геостратегиялык ресурсубуз менен киребиз, а Өзбекстан эч нерсе кошпойт. Анан биргелешкен ишкана түзүп алып, ишканага 5-6 миллиард доллар карыз алабыз. 15-20 жылдан кийин биргелешкен ишкана (темир жол өзү) карызды төлөп бүтүп, жолдун жарымы Кыргызстандыкы, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Демек, Өзбекстан темир жолдун жарымын бекер алып жатат. Мен президент Жээнбековго, бүгүнкү өкмөткө «Атамбаевдин бул саясатын токтоткула» деп чакырып, кайрылам.

– Темир жолду өзүбүз кура алабызбы? «Ал акталабы» деп инвесторлор да чочуласа керек. Кандай акча таап курса болот?

– Бул темир жолду куруу көп мамлекеттер үчүн керек. Экономикалык эле эмес, саясий көз караштан дагы керек. Кытай өзүнөн чыккан жолдорду бир эле өлкөдөн өтпөстөн, бир нече өлкөлөр аркылуу өтүп (диверсификация), ар кандай варианттарда болушун каалайт. Анын үстүнө бул жол Жакынкы Чыгышка, Перс булуңуна, Инд океанына кеткен кыска жол. Казакстандан келген жолго караганда миң чакырымга кыска. Ошондуктан буга кызыккан инвесторлор сөзсүз чыгат. Менимче, биз бул курулушту каржылоонун бир гана формасын тандап алышыбыз керек. Ал: концессияга берүү, инвестор келип, бул жолду курат, 15-20 жылдан кийин темир жолдун 100 пайызын Кыргызстанга таштап кетет. Жол 100 пайыз Кыргызстандыкы болуш керек. Бул жол жүздөгөн, миңдеген жылдар бою Кыргызстанга пайда алып келе турган жол. Концессия аркылуу бул темир жолду курганга дүйнөдө фирмалар, компаниялар табылат. Мындай темир жолдун Кыргызстан үчүн мааниси абдан чоң болот. Биринчиден, Кыргызстанды коммуникациялык "тупиктен" чыгарат. Биздин ишкерлер дүйнөнүн төрт тарабына чыгууга мүмкүндүк алат. Экинчиден, Кыргызстандын тышкы саясаты, тышкы соода-экономикалык саясаты мурункудай Казакстан менен Орусиядан гана көз каранды болбой калат. Кыргызстан саясий жана соода эркиндигин алып, реалдуу көз карандысыздыгын бекемдейт. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирип, өлкөнүн бүтүндүгүн, биримдигин камсыз кылат.

Ошондуктан бул долбоорду ишке ашырууга президент, өкмөт, жалпы эле кыргыз коомчулугу болгон аракетин жумшаш керек.


Маекти даярдоого жардам берген адвокат

Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан