БАКЛАЖАНДАН ТҮРЛӨП ТАМАК ЖАСАҢЫЗ

«Кайнененин тили»... Дасторкондо эң көп орун алган, конокторго жаңылык деле болбой калган закуске түрү. Аталган закускенин негизи болгон баклажанды бүгүнкү күндө ар бир үйдүн бакчасынан табууга болот. Келгиле, баклажандан түрлөп даамдарды жасап, менюбузду жаңырталы.

АДЖАПСАНДАЛ

Аджапсандал – грузин ашканасына таандык даам. Бул тамакты ысык кезинде лаваш, калама менен берген туура.

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 4-5 даана

Сабиз – 2 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Чили калемпири – 1 даана

Пияз – 2 баш

Помидор – 2 даана

Сарымсак – 3-4 тишче

Райкан – 2 тал

Кинза – 5-6 тал

Өсүмдүк майы – 300 грамм

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз. Баклажанды калыңдыгын 1 сантиметр кылып тегерек формада туурап, туздан себелеп 30-40 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Андан соң кызып турган майга эки тарабын кызартып кууруп алабыз.
  2. Пиязды жарым тегерек, болгар калемпирин жана сабизди узун-узун туурап, баарын майга 7-10 мүнөт кууруп чыгарып алабыз.
  3. Эми казандын эң астына куурулган баклажанды тизип, үстүнө болгар калемпирин, сабиз менен пиязды, анын үстүнө эзилген помидорду, тууралган кинза, райканды, сарымсакты салып, 15 мүнөт жай отто демдейбиз. Даяр болгон тамакты аралаштырып, табакка салып, дасторконго беребиз.


МУСАКА

Мусака тамагы Балканда жана Жакынкы Чыгышта кеңири тараган тамак түрү. Даамдуу жана тоюмдуу.

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 500 грамм

Фарш – 500 грамм

Помидор – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Сыр – 50 грамм

Өсүмдүк майы – 400 грамм

Соус үчүн:

Сүт – 200 миллилитр

Каймак май – 40 грамм

Ун – 30 грамм

Сыр – 100 грамм

Жумуртка – 2 даана

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Соустан баштайбыз: каймак майга унду кошуп кууруп, үстүнө жылуу сүттү куябыз. Кайнап чыкканча тынбай аралаштырып турабыз. Андан соң сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салып, ал эригенче аралаштырабыз да, оттон чыгарабыз. Соус муздаган соң ага көбүртө чалынган жумуртканы чуурута куюп аралаштырабыз. Соус даяр!
  2. Баклажанды калыңдыгын 0,5-0,7 сантиметрден кылып узатасынан тилип, туздан себелеп, 30-40 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Суусу чыккан соң майга эки тарабын кызарта кууруйбуз.
  3. Майга жарым тегерек формада тууралган пиязды, андан соң фаршты, майда тууралган помидорду салып, ширеси соолуганча кууруп алабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.
  4. Электр мешинин табасына алгач баклажанды, үстүнө фаршты кезектештирип кат-кат кылып салабыз. Эми үстүнө соусту куюп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 30-40 мүнөткө салабыз. Мусака тамагыбыз даяр!


САРЫМСАК СОУСУНДАГЫ БАКЛАЖАН

Даамдуу, ачуу баклажан закускасы. Ысык жана муздак кезинде жегенге болот. Муздаткычта 3 күнгө дейре сакталат.

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 3 даана

Өсүмдүк майы – 5-6 аш кашык

Сарымсак – 2-3 тишче

Болгар калемпири – 2 даана

Чили калемпири – 1 даана

Көк пияз – 2-3 тал

Аш көк – 2-3 тал

Соя соусу – 1 аш кашык

Уксус (6%) – 1 аш кашык

Кумшекер – 0,5 чай кашык

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Баклажан менен болгар калемпирин жууп, сабагын алып салабыз да, калыңдыгын сөөмөйдөй, узундугун 6-8 сантиметрден кылып кесебиз.
  2. Чили калемпирин, сарымсакты тазалап, майда туурайбыз же эт туурагычтан өткөрүп алабыз.
  3. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп катуу ысыган кезде баклажанды салып 2-3 мүнөт кууруп алабыз. Баклажанды чыгарып, ошол эле майга болгар калемпирин да 1-2 мүнөткө салып, чыгарып алабыз.
  4. Көмөч казанга бир аз май куюп сарымсак, чили аралашмасын 1 мүнөттөй кууруп, үстүнө куурулган баклажан менен болгар калемпирин салып, соя соусун, уксусту, майда тууралган көк пияз, аш көктү салып аралаштырабыз. Закуске даяр.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Shokoladka94
2018-07-31 13:22:46
Баклажанды коп колдонбойт экенбиз го
+1
Journalistgirl
2018-08-02 23:57:20
Жасап коруш керек экен. Баклажанды тегерек формада туурап,жумурткага булап кууруп, помидорду да тегерек кылып кесип, куурулган баклажанга майонез суйкоп устуно помидорду коюп...... кыскасы ушинтип гана жасашты билчумун. Рахмат.
0
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан