КИЛИАН МБАППЕ ЛОТТЕН
Туулган жылы – 1998-жыл, 20-декабрь
Туулган жери – Бонди, Франция
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 73 килограмм
Амплуасы – Чабуулчу
Жетишкендиктери – 2 жолку Франция чемпиону (2017-жыл, 2018-жыл), жаштар арасында Европа чемпиону (2016-жыл), Дүйнө чемпиону (2018-жыл). Орусия-2018 чемпиондугунун мыкты жаш футболчусу.
МУНДИАЛДА «ЖАРК» ЭТТИ
19 жаштагы Мбаппенин Орусия мундиалында Франция курамынын негизги оюнчусуна айлануусуна көпчүлүк күмөн санаган. Бирок жыйынтыгы күтүлбөгөндөн да мыкты болуп чыкты. Дешамдын машыктыруучулук аракети менен Мбаппе чемпиондукта негизги оюнчу болуу менен ал жалпы 4 гол жаратып, анын ичинде финалда да айырмаланганга жетишти. Мбаппе чемпиондуктун алгачкы оюнунда Австралия коргоочуларынын айласын алты кетирип баштаганында эле Франция кимге ишене тургандыгы даана көрүнгөн. Чабуулчулук милдеттин бир бөлүгүн 19 жаштагы тажрыйбасыз футболчуга өткөрүп берүү бир чети тобокелчилик эле. Себеби Аргентина сыяктуу команда менен ойноп калса Мессини көрүп толкунданып кетпейт деп эч ким кепилдик бере алмак эмес. Мбаппеден башкасы. Мбаппе андай болгон жок. Атүгүл оюн учурунда талаада бардыгы бирдей экендигин, ыңгайы келгенде дарбазага таамай болуу маанилүү экендигин тастыктады. Көпчүлүк биле бербеши мүмкүн, бирок Мбаппенин футболго берилүүсү Роналдуну көрүп башталган...
14 ЖАШЫНДА «РЕАЛДАН» БАШ ТАРТЫП...
14 жашында Килиан Франциянын эң мыкты делген футбол академиясы саналган Клерфонтенде машыкчу. Ошол кезде эле ага «Реал» кызыгуусун жашырбай өз командасына чакырат. Мбаппе үчүн бул түш сыяктуу эле. Зидандын оюнун телевизордон көрүп суктанып келсе, эми Зидан өзү Мадридге чакырып жатат. «Сантьяго Бернабеуго» келген Мбаппе үчүн келишим даяр турган. Ага атасынын колу гана керек эле. Бирок атасы Вилфрид Мбаппенин Мадридде калуусуна каршы чыгып койгон.
«Өз көзүм менен Зиданды көрүп, аны менен учурашуу мен үчүн унутулгус көз ирмемдер болгон. Келишимден баш тартканыма өкүнгөн эмесмин. Себеби туулуп өскөн үйүмдөн эрте кетүүнү каалаган эмесмин»,- деп эскерет Килиан.
Мбаппе дагы бир канча клубдардын келишиминен баш тартып Францияда эле калган. Мадридге болгон сапардан Мбаппе баары бир кубаныч менен кайткан. Ал Криштиану менен сүрөткө түшкөнгө жетишкен. Бул сүрөт бир канча жылдан кийин интернетте «жарк» этет...ОЙЛОГОНУ ФУТБОЛ, ОЙНОГОНУ ФУТБОЛ...
Килиандын атасы Вилфрид Камерундан көчүп келип, Париждин жанындагы Бонди деген кичинекей шаардын футбол клубунда ойноп калат. Бул шаардан Килиандын апасы гандболчу Файзаны жолуктуруп, Бондиге отурукташат. Кийин Вилфрид машыктыруучулук милдетти аркалап, «Бонди» клубунун спорт директоруна чейин көтөрүлөт. Килианды 2 жашынан тарта эле стадионго чогуу алып барып жүрүп топ тепкенди үйрөтөт. 6 жашынан тарта Мбаппе өзүнөн бир канча улуу футболчулар менен машыгып баштайт. «Ошондо эле анын финттеринен баш айланып кетчү. Ал чуркаганда эч ким жетпей калчу» дейт анын биринчи машыктыруучусу Антонио Рикарди.
Ата-энеси жумуштан кармалып калганда Рикарди Мбаппени үйүнө узатып барып турчу. «Үйүнө жеткирип барганда эс алам деп ойлочумун. Бирок Килиан бөлмөсүнө алып кирип, мени менен футбол ойночу. Дагы жакшы, эч нерсени сындырган эмеспиз. Футбол менен ооруйт деген сөз даана Мбаппе үчүн айтылгандай эле. Анын сүйлөгөнү футбол, ойлонгону футбол, ойногону футбол эле»,- дейт ал.
16 ЖАШЫНДА ЧОҢ ФУТБОЛГО АРАЛАШКАН
«Реалдан» баш тарткан Килиан «Монакого» кошулат. Ал 16 жашында аталган клуб менен Франция чемпиондугунда дебют жасаган. 2016-жылы Мбаппе жаштар арасында Франция менен Европа чемпиондугун жеңип 5 жолу айырмаланган. Ал жеңишти майрамдаганга катышкан эмес, себеби жакынкы күндөрү «Монако» менен машыгуулары башталмак.
2017-жылкы сезондо Мбаппе «Монаконун» негизги оюнчуларынын бирине айланып, 26 гол киргизет. Ал эми «Монако» Франция чемпиондугун багындырат. «Бул сезондо мени жылдын ачылышы деп аташты. Эмки сезондо бул деңгээлден дагы көтөрүлүшүм керек. Көпчүлүк мени өз жашымдан улуу деп айтышат. Мен кадимки 18 жаштагы балдардай элемин, оюнга мени апам алып келет»,- деп белгилеген өзү. Бул сезондон кийин Мбаппени алуу үчүн командалар кезекке туруп калышкан. Бирок Мбаппе Франциядан кетүүгө шашылбайт. Ал «Пари-Сен-Жермен» менен келишим түзүп, жалпы трансфердик баа 180 миллион еврону чапчыйт.
Өткөн сезондо «ПСЖ» Мбаппе менен эң бир күчтүү чабуул үчилтигин түзө алды. Неймар-Кавани дуэти Мбаппе менен толукталып, Европаны дүңгүрөткөнгө киришти. Алгачкы сезондо бул дүңгүрөтүү Франция алкагында гана болуп, чемпиондук багынды. Башкы максат – Чемпиондор Лигасы экени айтпаса да белгилүү.
Мбаппенин бала кезинде күйөрмандык кылган командасы жок болчу. Ал жеке футболчуларга жан тартчу. Роналду ошолордун бири. Бирок Мбаппе канчалык кумир туткан болсоң дагы, талаага чыкканда кадимки эле атаандаш болуп каларын белгилейт. «Роналду – бала чакта мен жактырган футболчу. Мен чоңойдум. Роналду эми талаада жөн гана атаандашым».
Адилет Керимбек уулу