Быйылкы жайкы сезондо өлкө боюнча сууга чөккөндөрдүн саны 58ге жетти. Бул сан жайдын аптабы менен Ысык-Көлгө агылган эс алуучулар үчүн, анын ичинде чет элден келчү туристтер үчүн кооптонууну жаратары турган иш, ал эми бийлик өкүлдөрү үчүн эскертүү коңгуроосу болушу шарт. Тиешелүү кызматтар элди сак болууга чакырып, атайын даярдыктагы, коопсуздук эрежелери сакталган пляждарда сууга түшүүгө чакырып келишет. Бирок ал жактын коопсуздугу кандай?
«БЫЙЫЛ ПАСПОРТИЗАЦИЯДАН 8 ПАНСИОНАТ ӨТПӨЙ КАЛГАН»
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Жаныбек Кожоев көл жээгиндеги пансионаттар кандай жол менен иш алып барарына токтолду:
– Учурда Ысык-Көл облусу боюнча 176 пансионат иш алып барат. Андан сырткары эс алуучуларга кызмат көрсөткөн конок үйлөр бар, алардын так санын аныктоо мүмкүн эмес. Ар жылы жазында пансионаттар үчүн паспортизация өткөрөбүз. Паспортизациядан өткөрчү комиссиянын курамына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, облустук администрациянын, акимчиликтин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары кирет. Комиссия ар бир пансионатка барып, коопсуздук эрежелери кандай сакталганын (анын ичинде куткаруучулар тобу да болушу шарт), эс алуучулар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн карап чыгат. Былтыр паспортизациядан 11 пансионат өтпөй калса, быйылкы жылы 8 пансионат өтпөй калып ишин токтоткон.
Ишкерлерди, инвесторлорду коргоо мыйзамына ылайык, эс алуучу жайлардын кандай иштеп жатканын текшерүү үчүн биз 10 күн мурун эскертип, анан гана бара алабыз. Андыктан коопсуздук эрежелеринин сакталышы ар бир эс алуучу жайдын кожоюндарынын абийиринде. Андан сырткары адамдар эс алуучу жайлардын карамагына кирбеген, көзөмөлгө алынбаган пляждарга түшүп, коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан да чөгүп кеткен учурлар бар. Учурда эс алуучу жайлардагы коопсуздук эрежелерин күчөтүү максатында иш алып барып жатабыз.
ШЫЛТООЛОР АДАМ ӨМҮРҮ МЕНЕН БИРДЕЙ ТАРАЗАДА ТУРБАШЫ КЕРЕК
Даярдыктан өткөн, коопсуздук эрежелери сакталат делген пляждарга эс алуучулар атайын акча төлөп сууга түшүшөт. Бирок көл жээктен куткаруучуларды көрдүм деген адамды байкай элекмин, өзүм дагы куткаруучулар менен кез келген учур болгон эмес. Алыска кетпей өткөн жуманы алалы, 22-июль күнү эле Ысык-Көлгө 3 адам чөгүп кетти: Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Акун» пансионатынын көл жээгинен саат 14:00 чамасында белгилүү журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза болду. Ошол эле райондогу «Илимдер академиясы» пансионатындагы көл жээгинен 1981-жылы туулган Т.А. аттуу адам чөгүп кетсе, бир саат өтпөй «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатынын жээгинен 1947-жылы туулган Ш.Т. аттуу жарандын да жансыз денеси суудан табылган.
Көрбөй калдым дегидей түн ичи эмес болсо, эл быкпырдай кайнап турган маалда 3 адам өмүрү менен кош айтышты. Бул маалда куткаруучулар кайда болушкан? «Түштөнүүгө кетти эле», «тайыз эле жерден чөгүп кетиптир», «өзү сүзгөндү билбейт экен» деген шылтоолор адам өмүрү менен бирдей таразада турбашы керек.
ЖАЙ БҮТӨРДӨ БАШТАЛГАН КЫЙМЫЛ
«ӨКМ эс алуучу жайларга суучулдарды, куткаруучуларды алгыла деп талап коё албайт. Эгер пансионаттардын ээлери кызматкерлерин жөнөтүшсө, биз атайын куткаруучулардын окуусунан өткөрүп, даярдап беребиз»,- дейт ӨКМнын басма сөз кызматы. Биринин артынан бири катталган өлүмдөр, анын ичинде белгилүү журналисттин каза болушу ММКларды түп көтөрүп, бийлик өкүлдөрүн кыймылга келтирди.
Жай мезгили бүтөрдө, тагыраагы, 24-июлда өкмөт көлмөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, коопсуздук эрежелерин сактоону катуу көзөмөлгө алуу керектигин тиешелүү органдарга тапшырды.
СУУ ОБЪЕКТТЕРИНДЕ АДАМ ӨМҮРҮН КОРГООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ЫЛАЙЫК АР БИР ПЛЯЖДА...
КУТКАРУУ ПОСТУНУН КУРАМЫ:
КУТКАРУУ ПОСТУ КАМСЫЗ БОЛУУСУ КЕРЕК:
Бул эрежелерди бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте административдик жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылат.
СТАТИСТИКАГА ҮҢҮЛСӨК:
ӨКМнын маалыматына ылайык, 2018-жылдын жарым жылдыгында Кыргызстандын аймагында сууга чөгүп каза болгондордун саны 80 адам.
Анын ичинен жайкы сезондо сууга чөккөндөрдүн саны 58 (38 – эркек, 3 – аял, 17 – жаш бала). Чүй облусунда (15 адам), Ысык-Көл облусу (9), Ош шаары (9), Бишкек шаары (8), Жалал-Абад (6), Ош (5), Баткен (4), Талас облусу (2). Бактыга жараша, бир гана Нарын облусунда сууга чөккөндөр катталган эмес.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg