Асел Кадырбекова, ырчы: «ҮЙ-БҮЛӨ КУРГАНДАН КИЙИН БИРИ-БИРИБИЗГЕ БОЛГОН ИШЕНИМ ӨСТҮ»

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үйлөнүү тою 2018-жылдын мыкты тою болду окшойт. Эки жаштын жакшылыгын жаштар эле эмес, кары-картаңдар да кызыгып көрүп, талкууга алышты. Бишкектик блогер жылдыздуу түгөйлөрдүн жетелешип Бакыт үйүнөн чыгып келе жаткан видеосун интернетке жүктөп, бир күндө эле 170 миң ирет каралганын жазып чыккан. Элдин бүйүрүн кызыткан той да өттү. Асел менен жаңы үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу маектештик.

– Асел, ар бир кыз кыялында “менин болочок жолдошум мындай болсо” деп идеал түзүп алат эмеспи. Сен да мурун Нурландай жигитти идеал тутчу белең?

– Ишенесизби, мен кандайдыр бир идеалды өзүмө түзгөн эмес экем. Чоңойсок да ар бирибизде балалык сезимдер жашайт тура. Мен турмушка чыгуу тууралуу деле ойлонбоптурмун.

– 7 жылдай кыз-жигит болуп жүрдүңөр. Коомчулуктан мамилеңерди жашыруу кыйынчылык туудурган жокпу?

– Башында көп деле кыйынчылык туудурган эмес. Анткени ал кезде Нурлан өтө популярдуу эмес болчу, мени эч ким тааныбайт эле. Бара-бара Нурландын аты чыгып, мени да эл ырчы катары билип баштаганда Инстаграм популярдуу болгондо ыңгайсыздыктарды туудура баштады. Окурмандар “силердин чогуу жүргөнүңөрдү көрдүк” деп билдирүүлөрдү калтырып жатышты (күлүп). Жашоодо көп деле өзүбүздү чектеген жокпуз, кыз-жигиттей кол кармашып эле жүрдүк. Болгону массалык маалымат каражаттарына доспуз деп ачыгын айткан эмеспиз. Калың журтка мамилебизди жар салгыбыз келген эмес.

– Турмуш жолуна аттанганда чочулоо болдубу? Болочок кайын журтуң менен мурун таанышкан белең?

– Бардык эле турмушка аттанып жаткан кыздарда коркуу сезими жашаса керек. Мен 27 жыл бою апамдын эркеси болуп чоңойдум. Ошол да кошумча болдубу, бир четинен толкундандым, корктум, ошол эле учурда сүйгөн адамыма баш кошуп жатканыма кубандым. Кайын журтум менен мурунтан тааныш болуп, аларды жакшы билгендиктен ал жактан менде маселе жаралган жок.

– Тоюңардан кийин көп жерде концерт бердиңер. Үй тиричилигине да, чыгармачылыкка да кантип үлгүрүп жатасың?

– Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондон кийин бири-бирибизди колдоп, толуктап турсак дейбиз. Ооба, тоюбуздан кийин концерттерибиз көп жерде уюштурулду. Жолдо көп жүрүп чарчап, уйкудан кыйналдык. Кээде үйдө эртең менен уктап калган учурларым болуп жатты (күлүп). Бирок ата-энем (ред.: кайната-кайненеси) биздин жумушубузду көрүп тургандыктан, түшүнүү менен мамиле кылышты.



– Нурлан “жаңы үйлөнгөндө Асел пиаланы көтөрүп алып ары-бери баса берчү” деп айтып жүрөт. Чын эле ошентип жаттыңбы?

– Ооба, чынында ошондой окуя болду. Той артынан той, концерт менен алышып жүрүп абдан кыйналдым. Буга чейин мынчалык өзүмө күч келтирген эмес экемин (күлүп). Жаңы келин болгон соң чарчадым деп отуруп алуу туура эмес. Ошондуктан канчалык чарчасам да өзүмдү колго алып, пиалаларды болсо да ары-бери ташыганга жарап жаттым (күлүп). Азыр баары өз нугуна түшүп калды.

– Экөөң тең учурдун популярдуу ырчысы, маданияттын күзгүсүсүңөр дегендей. Үй-бүлө күткөн соң чоң жоопкерчиликти да сезип жатасыңарбы?

– Сөзсүз түрдө. Чыгармачыл инсан болгон соң сенин жашооң бирөөлөргө кызык болуп турса, толтура көздөр карап жатса жоопкерчилик эки эсе жогору болот экен. Бирок жашоодо бири-бирибиз үчүн жөнөкөй эле адамбыз. Нурландын мегажылдыз экенин унутуп деле калам. Биз да баары сыяктуу эле бактылуу жашап кетсек деп ниет кылабыз.

Кыз-жигит учуру менен азыркы учурду салыштырсам, мурун бири-бирибизди кызганып телефон чалып "Кайдасың? Ким менен жүрөсүң?" деп таарыныша берчүбүз. Үй-бүлө кургандан кийин бири-бирибизге ишеним көбөйдү, урушпай калдык. Эки жакта жүрүп калсак бат-баттан чалышып, “курсагың токпу? Ачка эмессиңби?” деп сурашып турабыз.

– Жакында кайын сиңдиңди турмуш жолуна узатат экенсиңер. Өзүң жеңе болуп, каада-салттарын аткарайын деп даярданып жаткандырсың?

– Чынында кыргыздын каада-салттарын жакшы билбейт экем. Улуу жеңем бар, андан салттарды үйрөнүп, буюрса, кызыбызды узаталы деп турабыз.

– Атактуу адамдар жумушуна байланыштуу ашканадан алыс болушат. Сен ашканада кандайсың?

– Өзүмдү укмуш ашпозчумун деп айта албайм. Бирок эл билген даамдарды жасай алам.

– Жакында “Бактылуумун” деген клибиң чыкты. Турмушка чыккан соң жаралдыбы бул ыр?

– Бул чыгарма 2-3 жыл мурун жаралган. Клибине тойдон өзүмдүн ырдап жаткан жерлеримди кошуп коём деп элестеткем. Анда турмушка чыгарымды ойлогон да эмес экем. Тоюбузду монтаждап жатканда ырды эстеп кетип, эмнеге өзүмдүн тоюмдан клип тартсам болбосун деп, ушул эмгек жаралды.

– Маегиңе рахмат, бактылуу болгула!

"Бала кезден индия кинолоруна кызыкчумун. Ошон үчүн "девичникти" ошол тематикада өткөрдүм".
"Жакында кайын сиңдимди турмуш жолуна узатканы жатабыз".


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Асел Кадырбекова: "Көп балалуу болгум келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Nurela87
2018-07-31 13:01:54
Бактылуу болушсун
+1
Shahrizaada
2018-07-31 14:52:00
Интернеттеги дежур ырчыларды гезитинерге чыгара берип, Улан сыяктуу чыгаандардын интервьюларына суусаган боюнча калып кеттик. Булар инстадан деле керегинче оздорун пиарлап атышат. Ошол жакты чаныта беришсин.
+13
Journalistgirl
2018-07-31 23:04:29
Shahrizaada,Туура айтасын. Уландан тируу кезде интервью албай олгондо "чындык издеген журналист"-деп эскерип коюшту. Адамзат ар бир пендени оз убагында баалай алсак гана!
+8
admin_media
2018-07-31 15:53:24
Second, Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-5
Gulnyr19
2018-07-31 17:14:31
Айгерим кайда жүрөт
+2
jalguzum
2018-08-01 02:36:37
Gulnyr19,Айгерим кош бойлуу
0
Milanbek
2018-07-31 17:20:20
Бактылуу болгула
Битов Мен Аселди суйом
0
Tiken
2018-08-01 00:59:16
Окул ата-эненерден улгу алгыла, уй-булону кандай алып кетишти. Мурда Неля жакчу эмес,азыр сыйлайм бул айымды,чыныгы акылдуу айым, а Урмат агай чыныгы"мырза" экен. Асель азыраак жыланачтан.Эми Нурлан эле корсо бт Сенин ачык жерлеринди...деген ой. Анан мыкы шоуда калптан да болсо Нурлан билет деген создоруно баа бердим, азаматсын. Бактылуу болгула!!!
+7
Kroxa
2018-08-01 10:57:18
Нурландын мегажылдыз экенин унутуп койом уйдо... Мега жылдыз качантан бери болуп журот?? Деги Мега дегендин озу эмне экенин билеби??
+7
Shahrizaada
2018-08-01 12:12:36
Kroxa,ошону айт оздорун оздору мега, супер деп ушулардыкы отту. Нурландын фанаттарын карасан бут эле жерден боорун которо элек эселек кыздар, мектеп окуучулары. Анан 4,5жашар бобоктор.)) Мега деген бул тарыхта оз орду бар классикага айланган ырчыларды атаса жарашат.
Эл артисти, эмгек синирген аритис, мега супер дегендердин баркын кетирип бутушту ушуга окшогондор
+8
mela
2018-08-02 10:14:47
Kroxa,таланттуу,достойный певец!!!Эгер Нурландан башканы айтса башка жагым менен кулмокмун
-3
admin_media
2018-08-01 14:20:57
aiko01, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
-2
admin_media
2018-08-01 15:07:23
AKCAHAT,Гезиттин же порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg, portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-4
Nazyk
2018-08-01 15:44:06
Бактылуу болушсун,кооп балалуу болушсун чынында мыкты ырчы Нурлан.
-1
Nanei
2018-08-01 17:50:10
Ушул экоон маданияттын кузгузу дебей эле коцбопсунар да.
+2
asia_asia
2018-08-02 10:42:15
Ар кимдин өзүнүн жашоосу бар. Бирөөнүн жашоосуна көз артып, жаман сөз сүйлөсөң өзүң бактысыз болуп каласың деген кеп бар. Бири бирин сүйүп турганы көрүнүп эле турат. Бактылуу болушсун! Артынан жаман сөз сүйлөгөндөр көрө албагандар
-2
barakcha
2018-08-03 12:08:59
Сайкал Садыбакасова каякта?Торогонбу?
-1
Aasylym
2018-08-04 21:35:28
Бактылуу болгула эн негизгиси. Асел толуп алганбы куйого тийген жаккан окшойт
0
tornado
2018-08-05 12:13:41
Супер Инфо,Максат менен Сайкал ажыраштыбы интервью алып койгулачы.
+1
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан