Гезитибиздин №819 санында Баткенде Нуржамал Алыкулованы өлтүргөн деп шектелип маркумдун кайын сиңдиси менен анын күйөөсү кармалгандыгы тууралуу жазганбыз. Каза болгон Нуржамал Алыкулованын кайненеси Сафия Арзыбаева гезит чыккан соң биз менен байланышып, бул окуя боюнча менин да айта турган сөздөрүм бар эле дейт.
ЭСКЕ САЛСАК...
Ушул жылдын 18-май күнү Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан 39 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Ал Кадамжай районунун Чоң-Кара айылынын тургуну Нуржамал Алыкулова экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун оң жак баш сөөгү урулуп айрылганы, оң жана сол бетинде тактар бар экени, ошондой эле моюну жана омуртка сөөктөрү сынганы, жүлүнүндө жана баш мээсинде жабык түрдөгү жаракат бардыгы, анда кан уюганы аныкталган.
Бул жагдай боюнча 18-июнь күнү Кадамжай РИИБинин тергөө кызматы тарабынан “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1990-жылы туулган А.А. аттуу маркумдун кайын сиңдиси жана 1992-жылы туулган кайын сиңдисинин күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
“УЛАМ АЖЫРАШЫП, КАЙРА ЭЛЕ ЖАШАЙ БЕРИШЧҮ”Каза болгон Нуржамал Алыкулованын кайненеси 67 жаштагы Сафия Арзыбаева "уулум менен келиним жакшы болсо вагондо жашабайт элем" дейт:
– Келиним уулумду улам чакырып, өзү үйгө чейин келе берип жүрүп тийген. Келинди ала качты кылып алып келгенде унаадан түшүрүп алайын десем, мени колго бир чапкан. Ошондо жүрөгүм муздай түштү. Алгач чогуу жашадык. Уулум менен келиним улам уруша беришчү, түнү менен мушташып чыгышар эле. Келиним кетип-келе берчү. Биринчи уулун төрөп, ага 19 күн болгондо да баласын мага таштап кетип калды. Ал бала алсыз төрөлгөндүктөн мен ооруканалап жүрүп чоңойттум. Балага 10 ай болуп калганда кайра келди. 8 ай чогуу жашагандан кийин мен башка уулум менен Бишкекке иштегенге кетип калгам. Ошондон бери ал үйгө барган жокмун, алардын урушунан тажадым.
Бишкекте бир жыл иштеп келип Бүргөндүдөн бирөөнүн эски дүкөнүн алып, аны иштетип, ошондо жашадым. Андан кийин вагондо жашадым. Кийин үлүш жериме времянка куруп, азыр ошол жакта жашайм. Уулум жакшы болгондо мындай күнгө туш келбейт элек. Балам төргө отургузуп сыйлап бакпаса да, менден кабар алып турмак. Балама берген сүтүмдү кечкен жокмун. 2002-жылдын ноябрь айында өз үйүмдөн чыгып кеткенимден бери келиним өлгөндө гана бардым. 5 жылдан бери уулум менен сүйлөшпөйм, уруша кеткенбиз. Келин-уулумдун өңдөрү да эсимден чыгып калды. Ал үй 3 бөлмө жана 2 бөлмө болуп өз-өзүнчө курулган. Уулум жана кызым үй-бүлөлөрү менен бирден гана бөлмөлөрдө турушчу. Кызым көчүп барганына 5-6 ай гана болгон. Жакында кайра иштеп келүү үчүн Орусияга же Бишкекке кетебиз деп жатышкан.
“КЫЗЫМ МЫНДАЙ ИШКЕ БАРА АЛБАЙТ БОЛЧУ”
– Келинимди кызым менен күйөө балам өлтүрдү же өлтүргөн жок деп азырынча айта албайм. Алар жеңеси менен жакшы мамиледе болушкан. Уруштары болсо кызым мага айтмак. Кызым суракта кылмышты моюнуна алып, “кылдым, кылсам ырас эле кылдым” деп айтып, прокуратурага барганда “өлтүрсөңөр да моюнума албайм” деп жатыптыр. Балким, өчөшүп “апамды карабай, сыйлабагандыгы үчүн өлтүрдүм” деп айткандыр. Кызымдын акталышын күтөм. Ал үчүн чуркайын десем, анын балдарынан бошобой жатам. Андыктан Кудайга койдум.
Бирок кызым мындай ишке бара албайт болчу. Ал ак көңүл, боорукер. Мышыгы өлсө да кечке ыйлачу. Келинимдин өлүмү боюнча эч нерсе түшүнө элекмин. Арык кызым чоң аялды кантип өлтүрмөк эле. Кайын журту мени күнөөлөптүр. Мен өлтүрсөм 18 жыл мурда өлтүрүп, милицияга өзүм бармакмын. Бул тууралуу азыр ашыкча сүйлөгөндөн корком.
Милицияда иштеген таанышым чалып, “окуяда үчүнчү киши бар” деп айтты. 10-15 күн мурун келин колун кесип алган экен. Кызыма билдирбей күйөө балам ооруканага алып барып тиктирип келиптир. Кызыма “жыгылып кетип колун кесип алган экен” деп айтыптыр. Балким, күйөөсү же өзү кесип алгандыр. Күйөөсүн кызгана берчү. Мындан 7-8 жыл мурун балдарымдын уулдарын чогултуп, сүннөт той өткөргөм. Ошондо да келинимдин ичине бычак сайылган. Келиним “жыгылып кеттим, бычак тик турган экен сайылып кетти” деп айткан. Күйөөсү же күйөөсүнө өчөшүп өзү сайып алган болушу мүмкүн.
Оюмча, балам өлтүргөн эмес, ал билген да эмес. Ушу күйөө балам аралашып калганбы дейм. А кызым бир нерсе көрүп калган. Же бирөө кылып, “экөөңөр моюнуңарга аласыңар” деп жатышы да мүмкүн.
Келинимдин эжеси айткан гилас келин өлөрдөн 10 күн мурда эле жок болгон. Аны ошол жакта жашаган уул-кызым терип алып, башка балдарыма да жиберишкен.
Ал эми тажияга келишкенде “өлүгүңөрдү алып кеткиле” дегенден да жаманын айттым. Анткени алар баргандан тарта мени урушуп, уят сөздөр менен сөгө беришти. Экинчи күнү чыдабай кыйкырдым. “Алып чыгып кеткиле! Арам жашаган адамдарга үйүмдөн жаназага жер бербейм” дедим. Келиндин туугандарын билбейм, биз кыркылыгын, айтын өзүбүз эле өткөрдүк.
Азыр бети-башым көк ала болуп жүрөт. Милицияга сурак берип түнкү үчтөрдө чыккам. Эки милиция кызматкери эки жагыма отуруп үйгө жеткирип келатышкан. Кийин карасам жерде жатыптырмын, көйнөгүм суу. Милиция кызматкерлери унаадан өзүңүздү таштап жибердиңиз деп айтышты.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg