Бишкек шаарынын тургуну өз үйүндө кара куурай өстүрүп, андан баңгизаттарын жасап сатып жүргөн деп шектелип кармалды. Ал жаран товарын белгилүү адамдарга сатып жүргөм дейт.
“УКТООЧУ БӨЛМӨСҮН БАҢГИЗАТ ЖАСООЧУ ЛАБОРАТОРИЯ КЫЛЫП АЛГАН”
Амалкөй “ишкер” тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 25-30 жаштардагы Вадим Ш. аттуу Бишкек шаарынын тургуну өз үйүндө кара куурай өстүрүп, андан баңгизаттарын жасап, сатып жүргөн. Кара куурай Вадимдин уктоочу бөлмөсүндө тиешелүү аба температурасында, атайын лампалардын жарыгында өскөн. Ал кара куурайлардын өсүүсүнө жакшы шарт түзүп, кылдат мамиле жасаган жана алардын өсүүсүн дептерге жазып белгилеп турган. Табылган каражаттар Вадимдин баңгизатын өстүрүп гана тим болбостон, жасап саткандыгынан да кабар берет. Узак убакыттан бери бул “ишкердикти” өздөштүрүп алган Вадим тууралуу өткөн жумада ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына анонимдүү билдирүү түшкөн. Ушул жылдын 19-июль күнү ал жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, уктоочу бөлмөсүндө аталган баңгизатын жасоочу лаборатория табылды. Ошондой эле 31 килограмм 757 грамм салмактагы жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар өсүмдүк, 25 түп кара куурай, лабораториясынан дубалга орнотулган вентилятор, түтүкчөлөр, энергияны турукташтырган электрощётка, түрдүү лампалар, баңги каражатын колдонууга арналган буюмдар, электрондук колдонмолор жана ноутбук, таразалар табылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (сатып өткөрүү максатында баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) жана 250-беренеси (баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) беренелери менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Вадим Ш. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
“ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ САТЫП ЖҮРГӨН”
– Тергөөдө кылмышка шектүү өсүмдүктөрдүн уруктарын интернет аркылуу Голландиядан сатып ала тургандыгын жана өзү даярдаган баңгизаттарын интернет аркылуу сатып келгенин айтып көрсөтмө берди. Сатып алуучулардын арасында белгилүү шоумендер жана музыканттар да болгонун айтып жатат. Анын айткандарынын канчалык чындыгы бар экендиги тергөөдө билинмекчи.
Ал 2017-жылдын сентябрында интернет-дүкөн ачып, өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн ошол сайтынан уланткан. Төлөмдү электрондук капчыктар аркылуу ишке ашырып келген. Кардар сатып ала турган баңгизаты үчүн интернет капчык аркылуу төлөгөндөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ар кайсы бөлүктөрүндө бекитилген баңгизаттардын дарегин берип келишкен. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы Telegram жана VIPole мессенджерлери аркылуу баңгизаттарды саткан жолдорго бөгөт коюшту. Тергөө жүрүп жатат.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg