Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Кундуз Канатбек кызы, ырчы: «ТУРМУШКА ЧЫККАМ, АЗЫР МЕНДЕ БААРЫ ЖАКШЫ»

№821 27-июль -2-август, 2018-ж.


Ырчы Сема менен “90-60-90” ырын аткарып чыгып жумурай журтка таанылган Кундуз Канатбек кызы сахнадан алыстап кеткенине көп болду. 2009-жылы “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Сахна ажары” наамына татыган ырчы бир нече жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине жакында турмушка чыгып, 26-июль күнү үлпөт тоюн өткөрүштү. Ырчы келин, маек төрүбүздө акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп отурду.

– Кундуз, конгон тууруң бек болсун, турмушка чыгыптырсың, куттуктайм!

– Ооба, турмушка чыккам. Рахмат. Менде азыр баары жакшы. Бир кездеги жигитим азыр жолдошум. Бир нече жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот экен. Айрымдар таанышканына 1 ай болгондо эле баш кошушат. Экөөбүз бири-бирибизди жакындан таанып-билип, анан баш коштук. Ал Чүйдүн кулуну.

Чынында той бергенди, андагы ысырапкорчулукту жактырбайм. Ошондон улам үлпөт көйнөгүн кийип, машиналарды чуурутуп элге көрүнүүнү каалаган жокмун. Бул жагынан жолдошум экөөбүздүн оюбуз дал келди. Чоң той берүүгө кызыкпай, чыгынбай жүрө бердик. Бирок кыргызда ага-тууган, сөөк-тамыр, жоро-жолдош көп да. Алар “качан той беришет?” деп күтүшөт экен. Ошентип 26-июль күнү тоюбузду өткөрүүнү чечтик.

– Жакшы, тойго даярдык кандай? Сахналаштарың да келишеби?

– 200гө чамалуу конок чакырдык. Мурун-кийин мындай той өткөрбөгөндөн кийин сарсанаа болот экенсиң. Албетте, сахналаштарым, курбуларым, санаалаштарым келишет. Канча жылдан бери чыгармачылыктын ысык-суугунда жүрүп, бир туугандай досторду тапкам. Алар менен дайыма катташып турам. Анын үстүнө сахна ырчылардын экинчи үйү болуп калат экен.

– Бал айын өзгөчө өткөрүүнү пландасаңар керек?..

– Кыздар кыялкеч келет эмеспизби. Башынан эле той бербей, ага кеткен акчага жер кыдырууну самачумун. Бал айын Франция, Италияда өткөрсөк деп кыялданып жатканбыз. Буюрса, тойду өткөрүп, анан ал жагын ойлонуштурабыз.

– Канча балалуу болсок деп пландап жатасыңар?

– Биз үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен бир туугандардын кичүүсү болуп 2 эжеме, байкеме каалашымча эркелейм. Келечекте менин балдарым да бири-бирине таянып, эркелеп чоңоюшса дейм. Ошондуктан жок дегенде үч балалуу болсок дейм.

– Үйдүн кичүүсү болгонгобу, апаңа аябай жакын экениңди билем. Сен турмушка чыкканда ал кишинин ичи ачышып жаман болду го...

– Ооба, апама аябай жакынмын. Кичинемде апамды этектеп эле жанынан чыкчу эмесмин. Ашканага барса ашканага, конок бөлмөгө барса ал жакка барып чап кенедей эле жабыша берчүмүн. Кичирээк кезимде апам тамашалап көйнөгүнүн этегин карматып койчу. Ишенсеңиз, кичинемде канчалык алдап-соолашпасын лагерге да барбай, апамдын жанында жүрө берчүмүн. Эс тартканы “турмушка чыкпайм, сиз менен өмүр бою жашайм” деп койчумун. Апам анымды чын көрүп чочуп “кой, ай, антип айтпа. Ошондой болмок беле? Кыз бала бактысын таап, эне болушу керек” дей берчү. Ошентсе да эне да, мен кетерде баары бир ичи ачышты.

– Бир нерсени оңою менен жактыра бербеген мүнөзүң бар эле, келин болгону мүнөзүңдө өзгөрүү болдубу?

– Туура айтасыз, жашоодо идеалдуу адам жок деп коюшат эмеспи. Ар бир адамда кемчилик болот. Сиз айткандай, менде да кыял бар. Мага жакпаган адам менен эч качан сүйлөшө албайм. Бирок адамдын көңүлүн ооруткандан корком. Болушунча жөнөкөй, адамгерчиликтүү болууга аракет кылам. Анан бирөөгө да жагына албайм. Бирөөгө катуу айтып алсам кайра жүрөгүм ооруп, өзүмдү коёрго жер таппай кыйналам. Мени жакшы билгендер өзгөрдүң же өзгөргөн жоксуң дешпесе, мага билинген жок. Баягы эле Кундузмун.

– Сахнадан эмнеге алыстап кеттиң эле?

– Сахнадан алыстаганыма жеке жашоом себеп болду. Сахнаны сагынам. Сахна аркылуу дос, тууган, кесиптеш таптым. Аздыр-көптүр атым элге таанылды. Ошентсе да азыр мен үчүн эң биринчи орунда жакшы жубай, мээримдүү эне, мыкты кожойке болуу турат. Ошондуктан болгон күчүмдү, убактымды үй-бүлөмө бурам. Калганын убакыт көрсөтөт.

– Чыгармачылыкка кайтарың же кайтпасың азырынча белгисиз экен. Эгер кайтпай калсаң эмне менен алектенишиң мүмкүн?

– Мен сулуулукту өтө баалайм. Ар бир адам, анын ичинде ар бир айым табиятынан сулуу. Бирок өзүн карабаса ошол сулуулук жаш өткөн сайын жоголот. Мен айымдардагы сулуулукту өчүргүм келбейт. Ошондуктан сулуулук салонун ачсам деген ниетим бар. Бул ишке өзүм дагы кызыгам.

– Негизи кайсы кесиптин ээси элең, дипломуң ишке жарадыбы?

– КУУнун экономика факультетин аяктагам. Бирок кесибим боюнча иштеген жокмун. Чынында экономика тармагында иштөөгө көңүлүм деле жок. Мен мектепти аяктаганда экономисттер өтө популярдуу болчу. Элдин баары ошол кесипти тандап жатышкан. Ошолордун агымына мен да кошулуп калгам.

– Өзүң үнөмчүлсүңбү?

– Жок, үнөмчүл эмесмин. Колумда канча акча болсо ошонун түбүнө түшмөйүн үйгө барбайм деп койбоймунбу. Канча акча алып көчөгө чыксам да кечинде үйгө чөнтөгүмдө эч нерсе жок барам.

– Рахмат, Кундуз. Ушуну менен маегибизди жыйынтыктайлы. Бактылуу бол.

Сүйүн Кулматова

star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(21)
31.07.2018. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
19-11-2018 07:13
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бактылуу бол!
31.07.2018. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
18-11-2018 18:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Инстада кыз узатуудан башка фото жок гр. Же мен корбой атамбы, тоюнан тушкон суротторун.
31.07.2018. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
04-07-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 08:13
Жынысы:
Белгисиз
+4
vikidiki,той өткөрбөдүм, ымрап корчулук жакпайт деп жазып кеттиго, ошо кызузаьууну гана өтклрдү. Койнок кийгим келбейт дептирго.
31.07.2018. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
04-07-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 08:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
vikidiki, ысрап
31.07.2018. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
18-11-2018 18:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
И баса бактылуу бол! Буюрса мыкты келин болосун!
31.07.2018. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 11:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+12
Ашыкча мактанбай эле интервью бериптир,баарибир жонокойлук жакшы да,бактылуу эле болгула!
31.07.2018. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 19:26
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу бол шашылба турмуш озу эле уномду кылып койот.
31.07.2018. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол! Сени 2015 жылы торакальный хирургиядан коргом ошондо сени карап бат баттан келип жургон кара тору толук узун бойлуу жигит эле. Эч качан ооруба бактылуулук каалайм!
31.07.2018. 12:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
19-11-2018 09:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол!
31.07.2018. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-04-2017
Соӊку аракети:
08-10-2018 15:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Токмок
+3
Абдан жонокой бактылуу болунуз!
31.07.2018. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 06:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+4
Озгоруп кетти. Оор басырык, токтоо кыз болуп калды. Бактылуу бол Кундуз.
31.07.2018. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 14:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+2
Азамат кыз экенсиң, бактылуу бол!!!
31.07.2018. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
08-09-2016
Соӊку аракети:
19-11-2018 10:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол 90,60,90
31.07.2018. 17:42 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-06-2018
Соӊку аракети:
17-09-2018 15:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ысырапкорчулукту жаман кором дейт анан кайра чонтоктогу акчаны коротмойун уйго барбайм дейтго))).Журналисттер амалкойсунор ээ арбап туруп адамдын чыныгы жузун ачып бересинер балли ишинерге ийгилик.
01.08.2018. 08:37 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-06-2018
Соӊку аракети:
02-08-2018 19:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ayjan.Akyl, ошону айтсаңыз. жакпаган адам мн сүйлөшө албайм дептир да кайра адамдын көңүлүн ооруткандан корком дептир. эки жүздүү адамдарды ушундайынан билсе болот го
31.07.2018. 18:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
23-10-2017
Соӊку аракети:
10-11-2018 21:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ПИШПЕК
+2
Тоюнда суроту менде бар, бою узун, толук кара бала, экоо тоюнда ырчылар улам тартпасын деп бири биринен алыс журушту
01.08.2018. 16:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
03-11-2018 22:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
DAKS,тоюна жених келиптирби вообще?!)))
01.08.2018. 04:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
455
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 10:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тимеле ысырапкорчулукту каалабацм дептир да кайра той дейт го. Эми ачылып чачылмацлар башталат экен да. Кантсе да бактылуу болгула. Жок дегенде 3балалуу болгула
01.08.2018. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
20-03-2017
Соӊку аракети:
19-08-2018 13:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары эле салон ача беришеби? Карьерасы болбой калса? Ушинтип отуруп, келечекте Бишкек салондор шаары болуп калат го
02.08.2018. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-07-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 08:52
Жынысы:
Белгисиз
+4
Отурган кыз ордун табат деген сөздүн мааниси ушул да! Бактылуу болушсун
04.08.2018. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 10:08
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен тушунбой калдым интервьюсуна 200 Адам чакырдык деп жатпайбы значит болду тою койнок кийгим келген жок деди бирок кие турган болдуву ошондой окшойт???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: