Ырчы Сема менен “90-60-90” ырын аткарып чыгып жумурай журтка таанылган Кундуз Канатбек кызы сахнадан алыстап кеткенине көп болду. 2009-жылы “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Сахна ажары” наамына татыган ырчы бир нече жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине жакында турмушка чыгып, 26-июль күнү үлпөт тоюн өткөрүштү. Ырчы келин, маек төрүбүздө акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп отурду.
– Кундуз, конгон тууруң бек болсун, турмушка чыгыптырсың, куттуктайм!
– Ооба, турмушка чыккам. Рахмат. Менде азыр баары жакшы. Бир кездеги жигитим азыр жолдошум. Бир нече жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот экен. Айрымдар таанышканына 1 ай болгондо эле баш кошушат. Экөөбүз бири-бирибизди жакындан таанып-билип, анан баш коштук. Ал Чүйдүн кулуну.
Чынында той бергенди, андагы ысырапкорчулукту жактырбайм. Ошондон улам үлпөт көйнөгүн кийип, машиналарды чуурутуп элге көрүнүүнү каалаган жокмун. Бул жагынан жолдошум экөөбүздүн оюбуз дал келди. Чоң той берүүгө кызыкпай, чыгынбай жүрө бердик. Бирок кыргызда ага-тууган, сөөк-тамыр, жоро-жолдош көп да. Алар “качан той беришет?” деп күтүшөт экен. Ошентип 26-июль күнү тоюбузду өткөрүүнү чечтик.
– Жакшы, тойго даярдык кандай? Сахналаштарың да келишеби?
– 200гө чамалуу конок чакырдык. Мурун-кийин мындай той өткөрбөгөндөн кийин сарсанаа болот экенсиң. Албетте, сахналаштарым, курбуларым, санаалаштарым келишет. Канча жылдан бери чыгармачылыктын ысык-суугунда жүрүп, бир туугандай досторду тапкам. Алар менен дайыма катташып турам. Анын үстүнө сахна ырчылардын экинчи үйү болуп калат экен.
– Бал айын өзгөчө өткөрүүнү пландасаңар керек?..
– Кыздар кыялкеч келет эмеспизби. Башынан эле той бербей, ага кеткен акчага жер кыдырууну самачумун. Бал айын Франция, Италияда өткөрсөк деп кыялданып жатканбыз. Буюрса, тойду өткөрүп, анан ал жагын ойлонуштурабыз.
– Канча балалуу болсок деп пландап жатасыңар?
– Биз үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен бир туугандардын кичүүсү болуп 2 эжеме, байкеме каалашымча эркелейм. Келечекте менин балдарым да бири-бирине таянып, эркелеп чоңоюшса дейм. Ошондуктан жок дегенде үч балалуу болсок дейм.
– Үйдүн кичүүсү болгонгобу, апаңа аябай жакын экениңди билем. Сен турмушка чыкканда ал кишинин ичи ачышып жаман болду го...
– Ооба, апама аябай жакынмын. Кичинемде апамды этектеп эле жанынан чыкчу эмесмин. Ашканага барса ашканага, конок бөлмөгө барса ал жакка барып чап кенедей эле жабыша берчүмүн. Кичирээк кезимде апам тамашалап көйнөгүнүн этегин карматып койчу. Ишенсеңиз, кичинемде канчалык алдап-соолашпасын лагерге да барбай, апамдын жанында жүрө берчүмүн. Эс тартканы “турмушка чыкпайм, сиз менен өмүр бою жашайм” деп койчумун. Апам анымды чын көрүп чочуп “кой, ай, антип айтпа. Ошондой болмок беле? Кыз бала бактысын таап, эне болушу керек” дей берчү. Ошентсе да эне да, мен кетерде баары бир ичи ачышты.
– Бир нерсени оңою менен жактыра бербеген мүнөзүң бар эле, келин болгону мүнөзүңдө өзгөрүү болдубу?
– Туура айтасыз, жашоодо идеалдуу адам жок деп коюшат эмеспи. Ар бир адамда кемчилик болот. Сиз айткандай, менде да кыял бар. Мага жакпаган адам менен эч качан сүйлөшө албайм. Бирок адамдын көңүлүн ооруткандан корком. Болушунча жөнөкөй, адамгерчиликтүү болууга аракет кылам. Анан бирөөгө да жагына албайм. Бирөөгө катуу айтып алсам кайра жүрөгүм ооруп, өзүмдү коёрго жер таппай кыйналам. Мени жакшы билгендер өзгөрдүң же өзгөргөн жоксуң дешпесе, мага билинген жок. Баягы эле Кундузмун.
– Сахнадан эмнеге алыстап кеттиң эле?
– Сахнадан алыстаганыма жеке жашоом себеп болду. Сахнаны сагынам. Сахна аркылуу дос, тууган, кесиптеш таптым. Аздыр-көптүр атым элге таанылды. Ошентсе да азыр мен үчүн эң биринчи орунда жакшы жубай, мээримдүү эне, мыкты кожойке болуу турат. Ошондуктан болгон күчүмдү, убактымды үй-бүлөмө бурам. Калганын убакыт көрсөтөт.
– Чыгармачылыкка кайтарың же кайтпасың азырынча белгисиз экен. Эгер кайтпай калсаң эмне менен алектенишиң мүмкүн?
– Мен сулуулукту өтө баалайм. Ар бир адам, анын ичинде ар бир айым табиятынан сулуу. Бирок өзүн карабаса ошол сулуулук жаш өткөн сайын жоголот. Мен айымдардагы сулуулукту өчүргүм келбейт. Ошондуктан сулуулук салонун ачсам деген ниетим бар. Бул ишке өзүм дагы кызыгам.
– Негизи кайсы кесиптин ээси элең, дипломуң ишке жарадыбы?
– КУУнун экономика факультетин аяктагам. Бирок кесибим боюнча иштеген жокмун. Чынында экономика тармагында иштөөгө көңүлүм деле жок. Мен мектепти аяктаганда экономисттер өтө популярдуу болчу. Элдин баары ошол кесипти тандап жатышкан. Ошолордун агымына мен да кошулуп калгам.
– Өзүң үнөмчүлсүңбү?
– Жок, үнөмчүл эмесмин. Колумда канча акча болсо ошонун түбүнө түшмөйүн үйгө барбайм деп койбоймунбу. Канча акча алып көчөгө чыксам да кечинде үйгө чөнтөгүмдө эч нерсе жок барам.
– Рахмат, Кундуз. Ушуну менен маегибизди жыйынтыктайлы. Бактылуу бол.
Сүйүн Кулматова