Өкмөткө караштуу Маалымат жана технология боюнча комитет ар бир уюлдук телефонду каттоону, ал үчүн 100 сомдон төлөм алууну сунуштап чыкты. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга илинди. “Ар бир телефондун IMEI коду каттоого алына баштайт. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом төлөө керек болот. Бул аракеттин максаты – өлкөгө аткезчилик жол менен киргизилип жаткан телефондорду токтотуу”,- деп айтылды алгачкы маалыматта.
Албетте, бул кабар бир кездеги Максим Бакиевдин ар бир телефон чалуу үчүн 60 тыйындан кармап калган “салыгын” унута элек элге ошол заманды эске салды. Аткезчилик менен күрөшүүчү органдар бар эмеспи? Алар ошол иши үчүн мамлекеттен айлык алышат. Эмне үчүн жарандар алар аткарбай жаткан ишти моюнга алып, ал үчүн акча да төлөшү керек? Буга окшогон толгон токой суроону жараткан комитеттин бул демилгеси элден колдоо таппай турганы түшүнүктүү болду. Коомчулуктун кескин сындарынан улам аталган комитеттин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, “100 сомдук төлөмдү өлкөгө сырттан телефон ташыган фирмалар менен ишкерлер төлөйт. Жарандар учурда колдонуп жаткан телефондор автоматтык түрдө каттоодон өткөрүлүп, эч кандай акча алынбайт. Жарандар эки учурда тең акча коротпойт” деп түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул жооп талкууну ого бетер күчөттү. Өкмөт өкүлдөрү телефон ташып келүүчү ишкер болобу, компаниябы, ар бирине
100 сом төлөгөн соң ал акчаны кардарларынан, демек, элден ашыгы менен чыгарып аларын дегеле түшүнгүсү келбей жатышат. Эгер максат аткезчилик менен күрөшүү, ошондой эле жарандарды телефон ууруларынан коргоо болсо, анда телефондорду каттоо кызматы сим-карталарды каттагандай эле эмнеге бекер жүргүзүлбөйт?Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан демилгени кескин сынга алды:
“100 сомду телефонду сатып алып жаткан кардар эмес, телефонду сырттан алып келген ишкер төлөйт деп жатышат. Анан телефонго, каттоого төлөгөн ишкерлер телефонду элге бекер береби? Ал 100 сомду кийин телефондун өздүк баасына кошуп коюу аркылуу сатып алуучудан эле өндүрүп алат. Бул жерде телефондорду жарандардын наамына каттоо тууралуу сөз болуп жатат. Жарандардын наамына каттоонун өзү эле жарандардын укугун бузуу болуп саналат. Бул демократиялык өлкөдө жарандарды толугу менен артынан аңдуу эмеспи? Буга кошумча жарандардан акча шылып алуунун дагы бир ыкмасы. Аңдуу жана ошол эле учурда ал үчүн акча да алуу – бул наадандыктын жеткен чеги”,- дейт элчи.Юрист Улан Жумаков өкмөттүн бул өңдүү демилгелери жакшы жыйынтыкка алып барбайт деп эскертүү берди:
“Өкмөт элдин нааразычылыгын көрүп турса дагы, алар менен эсептешпей жатат. Ошондуктан көпчүлүк бул көрүнүштү "Бакиевдердин 60 тыйынына" окшоштуруп жатышат. Азыр дагы элдин чөнтөгүнөн акча алуунун бир аз өзгөртүлгөн схемасы пайда болду. Сим-карталарды каттоодон акысыз өткөргөндөй эле телефондор дагы каттоодон акысыз өтүүсү зарыл”,- дейт Жумаков.
Парламент депутаттары, жарандык активисттер телефондор акысыз катталып, жарандардын өздүк маалыматы жашыруун калышы жана корголушу керектигин, ошондо гана демилге колдоо табышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Бул өңдүү сындардан кийин өкмөттүн маалымат кызматы “бул демилге коомдук талкууда, эгер зыяндуу жактары көп экени такталса, премьер долбоорду колдобой артка кайтара алат” деп сындардан өкмөт башчыны коргоого аракет жасады.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg